Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Ош: Үч кичирайон көгүлтүр отсуз калды


Ош шаарынын Фуркат, Шейит-Дөбө жана Черемушка кичирайондорунун тургундары суук маалда газсыз кыйналууда.

Былтыркы коогалаңда өрттөнгөн райондордогу газ түтүктөрү оңдолбой, тургундар 7-8 айдан бери газ отунсуз жашап келишет. Шаардык газ башкармалыгы газ куурларын калыбына келтирүүгө зарыл болгон 36 миллион сом табылбай жатканын билдирди.

Элиза Сулайманова эки баласы менен шаардын Черемушка кичирайонундагы кабаттуу үйлөрдүн биринде турат. Көгүлтүр оттун улам-улам азайып турушу жаш үй-бүлөгө өзгөчө кыйынчылыктарды жаратты. “Суук күчөгөн күндөрү балдарыбызга тамак жасап бериш кыйын”,-дейт Элиза Сулайманова:

- Күнүгө кечинде газ азайа баштайт. Анан электрге тамак жасап жүдөйбүз. Ток меши жоктор ачка отургандарын деле көрүп атабыз. Күндүз го түзүк эле, ушул кечкисин кыйын да. Айрыкча суук күндөрү балдар кыйналып атат. Газ былтыр ноябрдан бери азайды.

Ушул эле Черемушка кичирайонундагы жер үйлөргө көгүлтүр от таптакыр келбейт. Былтыркы коогалаңда бул жердеги газ түтүктөрү күйүп кетип, ушу кезге чейин оңдолбой турат. Айрыкча үй-жайынан ажырап калгандар кышында эптеп жан сакташты.

Кичирайондун тургуну Алия Мелибаеванын айтымында, газдын жоктугуна байланыштуу алар шаардын башка райондорунда жашаган туугандарыныкында турушат:

- Биз жактагы газ түтүктөрү толук күйүп кеткен. Электр кубатына гана жалдырайбыз. Ал өчүп калса өлдүк дей бер. Кышында болсо көмүр жагып, отун жагып, үйлөрдү араң жылытабыз. Кыйын да. Дагы жакшы кыш өтө суук болгон жок. Жаңы курулган үйлөрдөгү турмушту элестете бергиле...

Черемушкадан башка Ош шаарында Фуркат жана Шейит-Дөбө кичирайондорундагылар 7-8 айдан бери газ жагыша элек. Бул жердеги күйүп кеткен газ түтүктөрүн калыбына келтирүүгө шаардык газ мекемесинин казынасы чак келген эмес.

Ош газ-чарба башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Максутовдун белгилешинче, түтүктөрдү оңдоого 36 миллион сом керек. Буга байланыштуу алар Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясына кайрылуу жолдошкон. “Ошол каражат бөлүнгөндө гана газ түтүктөр оңдолот” дейт Максутов:

- Ал акчаны биз 2010-жылдын аягына чейин күткөнбүз. Ошону алсак гана өрттөнгөн газ түтүктөрүн оңдой алабыз. Аларга ошондо гана газ беребиз. Азыр күйүп кеткен түтүктөрдү үзүп коюп, жабыркабаган үйлөргө гана берип атабыз. Бул экөө эки башка нерсе: газ бар туруп газ бербей жатат деген башка, анан түтүктөр жараксыз болгондуктан газ берилбей турат деген башка нерсе.

Таалайбек Максутов ошондой эле акыркы маалда газдын аз берилип жатканын Өзбекстандын аларга газды 50 пайызга чейин кыскартып жаткандыгы менен түшүндүрдү:

- Газдын аз берилиши 2-3 күн гана болду. 2-марттан 5-мартка чейин Өзбекстанда да суук болуп, өздөрүнө газ жетишсиз болуп калды. Ошого бизге 50 пайызга азайтып койду. Азыр баары жайында. Көгүлтүр от кадимикдей эле берилип жатат.

Учурда Ош шаардык газ берүү мекемесине калаадагы газ пайдалануучулардын 75 миллионго жакын карызы бар. Ал эми көгүлтүр отсуз отурган шаардын 3 кичирайону качан газ менен камсыз болоору азырынча белгисиз бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG