Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:27

Ош: коопсуздук жана кооптонуулар


Бишкекте бир катар имараттарды жардыруу аракеттери, үч милиция кызматкеринин өлтүрүлүшү өңдүү окуялар Ош шаарынын карапайым тургундарынын арасында кайрадан кооптонууну жаратты.

Күч органдары өз кезегинде кооптонууга негиз жок экенин белгилешип, ар кандай ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырып жатат. Ош шаардык ички иштер кызматынын маалыматына караганда, июнь коогалаңынан калган мыйзамсыз куралдарды элден чогултуу аракеттери уланууда.

Ош шаардык ички иштер кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Башкур Абдыкалыков июнь окуясынан бери Ош аймагында мыйзамсыз колдонууда жүргөн 26 ок атуучу курал, 714 ок дары жана бир нече граната табылгандыгын маалымдады:

Ош, 24-июнь, 2010-жыл
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан июнь окуясынан кийин мыйзамсыз колдонууда жүргөн 6 автомат, 1 револьвер, 4 Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 2 кесилген мылтык, 3 колдо жасалган ок атуучу курал, 3 мергенчилик үчүн мылтык, 6 мергенчилик кесик мылтык алынган. Ошондой эле жалпысы болуп 714 ок дары, Ф1 2 граната, бир нече бычак жана атайын жасалган бир кылыч, 2 газ пистолети алынган. Булар боюнча учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Башкур Абдыкалыков мыйзамсыз куралдарды жыйноо операциялары улантыларын кошумчалады. Ал жергиликтүү тургундарда дагы эле курал-жарак бар деп болжойт. Ошентсе да тергөөчү эл ичинде өзгөчө кооптуу кырдаал жок деп эсептейт:

- Учурда коомчулукта кооптонууга негиз бар деп айта албайм. Азыр эл арасында баары тынч эле. Дүрбөткөндүн эч кандай кереги жок. Бирок азыр оперативдик маалыматтарга таянсак, элдин арасында дагы деле курал-жарактар бар. Эми мунун баарын кайтарып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн азыр кварталдык комитеттер, айыл башчылар, жалпы эле коомчулук менен катуу иштеп жатабыз.

Башкур Абдыкалыков
Ошол эле учурда өлкөдөгү соңку окуялардан улам Ошто эл ичинде ар кандай ушак-айыңдар тарап, кооптуу жагдайлар түзүлүп жатат дегендер да бар. Шаар тургуну Керим Калыкулов:

- Элдин арасында кооптонуу күч. Себеби апрель, июнь окуяларында куралдар элдин колуна өтүп кеткендигин баардыгы билет. Анын баарын азыр күч органдары жыйнап бүтүшө элек. Андан сырткары экстремисттик топтор Ошто бир нерселерди уюштурат экен деген ушак айыңдар элдин үшүн алып жатат. Кооптонбой коеюн десең мына кечээ күнкү Бишкекте болгон окуялар, андан мурунку Ошто болгон окуялар кооптонууга негиз жаратып берүүдө.

Жергиликтүү серепчилер кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар экендигин белгилешип, ага алдырбоонун аргасын ар кандай ушак-айыңдарга ишенбей, ар ким өзүнө этият болушу керектигин айтып жатышат. Ошто тартип коргоо жана атайын кызматтары өз кезегинде кырдаал толугу менен көзөмөлдө деп билдиришип, элди тынчсызданбоого чакырып жатат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG