Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Айтматовду саясатка коомдук кырдаал алып келген


Стамбулдагы Чыңгыз Айтматовдун эстелиги.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандагы жана эл аралык саясаттагы, дипломатиядагы орду, таасири кандай болгон?

Айтматовдун совет заманында бийлик менен кызматташканы, коммунист болгону дүйнөлүк таанылууга жолтоо болуп, Нобель сыйлыгын албай калганга кедергисин тийгизгенби?

“Арай көз чарай” талкуусуна философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талантбек Кушчубеков катышты.

“Азаттык”: Жамгырбек агай, Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянына, чыгармачыл жолуна баам салып көргөндө, улуу жазуучуну саясатка алып келишкенби же Айтматов өзү кирүүгө аракет кылганбы деген суроо жаралат...

Жамгырбек Бөкөшев: Биринчиден, Советтер союзунун учурунда жазуучу идеологиялык жоокер деп саналган. Чыгармачыл бирикмелер коммунисттик идеологиянын колдооочусу жана аткаруучусу болуп эсептелген. Ушул негизден алганда Айтматовдун адабиятка келишинде ушул мүмкүнчүлүк, ушул шарт турган.

Экинчиден, Чыңгыз Айтматов 35 жашында Ленин сыйлыгын алып, өлкөдө чоң кадыр-баркка ээ болуп турганда ал саясаттан жана идеологиядан сырткары турушу мүмкүн эмес эле. “Правда” гезити КПССтин негизги органы катары болуп саналгандыктын, анын кабарчысы болгон Айтматовдун саясат менен түздөн-түз алектенүүгө мүмкүнчүлүк берген. Кайсы материалды жазыш керек, кандай максатта бериш керек деген суроолор саясат менен байланышары белгилүү. Кыскасы, ошол учурдагы коомдук шарттын өзү аны саясат менен алектенүүгө түрткөн.

Айтматов ааламын иликтөө кылымдарга созулат
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:29 0:00

“Азаттык”: Талант мырза, Айтматовдун кийинки чоң саясатка аралашуусун кайсы бир окуя, кайсы бир кырдаалга же адамга байланыштырсак болобу?

Талант Кушчубеков: Михаил Горбачев бийликке келгенден кийин 1980-жылдардын аягында “жаңыча ой жүгүртүү” деген саясат башталган. Ошондой шартта Чыңгыз Айтматовдой улуу адам коомго, саясатка керек болду. Ошонун негизинде баарыбызга белгилүү “Ысык-Көл форуму” уюштурулуп, Айтматовдун дүйнөлүк кадыр-баркын эл аралык саясатта колдонууну көздөшкөн. Анын чоң саясатка аралашуусу ушундан башталат. Андан кийин аталган форум эки жолу өткөрүлдү.

Менин жеке баамымда форумду өткөрүү демилгеси Чыңгыз Төрөкуловичтин эмес, Кремлдин долбоору болсо керек. Башында дүйнөлүк интеллектуалдарды чогултуу идеясы болгон, аты да башка болчу. Форумга "Ысык-Көл" деп ат коюу Айтматовдун идеясы эле. Кийин көп өтпөй Президенттик кеңеш деген орган түзүлүп, ага да Чыңгыз Айтматов мүчө болду.

Жамгырбек Бөкөшев: Ал учурда СССР мамлекети дегенде, батышта Орусия же орустардын өлкөсү деп эле түшүнүшкөн. Ошондой шартта мындай чоң форумду орустун башка бир жазуучусу чакырса эмне болмок эле, кандай натыйжа бермек, ал башка кеп. Ал эми Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын жараны болсо, өткөрө турган жер Ысык-Көл деген кооз жер болсо, четтен келүүчүлөрдү кызыктырса керек.

Дагы бир негизги жагдай - ошол учурдагы Советтер Союзунун акын, жазуучуларынын ичинен чет өлкөлөргө кеңири таанылган, китептери көп тилде которулганы боюнча Айтматовдун катарына кое турган белгилүү ысымдар жок эле. Орустун Евтушенко, Вознесенский, Белов ж.б. саясий диссидент болгон белгилүү ысымдары көп эле болчу. Ошого карабай коммунисттик идеологиянын ураанын колдогону, өзүн да коммунист болгону, анан өзү орус эмес улуттан болуп жатканына Кремль чоң маани берген десек болот.

Кыргызстандыктар Айтматовду эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

“Азаттык”: Талант мырза, СССРдин биринчи, акыркы президенти Горбачев Айтматовду Европанын чакан өлкөсүнө элчи кылып дайындоого эмне себеп болгон деп ойлойсуз? Таасири күчөп бараткан Айтматовду борбордон алыстатуубу же Айтматовдун өзүнүн суранычы болгон дейсизби?

Талант Кушчубеков: Бул менин жеке оюм, жаңылып калышым да мүмкүн. Себеби, сунуш жогору жактан түшкөнүн мен эч жерден уккан жокмун. Менимче, элчиликке барууну Чыңгыз Төрөкулович өзү суранса керек. Анткени ошол учурда ал киши чыгармачылыгында өлкөдөгү эле эмес, жалпы адамзаттык деңгээлдеги маселелерди көтөрө баштаган эле. Жалпы адамзатта тиешелүү чоң маселелерге көңүл буруп, "Келечегибиз кайда алып барат?" деген суроолорго ой-жүгүртүп жатты да.

Жазуучубузду “планетардык масштабдагы” адам катары сыпаттагандарды сыймыктануу менен айтсак болот. Менимче, Чыкебиз ошол улуу ойлорду жазыш үчүн Европанын чок ортосуна барып, ал цивилизациянын өзүнө аралашып, көрүп талдап көргүсү келди го деп ойлойм. Жазуучу катары жаңы, жаңы күч алам деген ойлору болсо керек...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Талкуу: Айтматовду саясатка коомдук кырдаал алып келген
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:41 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG