Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:58

Кыргыз кыл калеминдеги "тиричиликтин поэзиялык шөкөттөлүшү" усулунун багбаны


"Саякбай. Чоң казат" (150х220). С. Төрөбеков

Сүйүтбек Төрөбеков чебер пейзажчы, портретчи. Ал өз пейзаждарында Ала-Тоонун кооз табиятын тартса, портреттеринде көй кашка замандаштарынын ички дүйнөсүн таамай ачып берет.  Жашоонун керемет бир көз ирмемин түбөлүккө колуңузга карматат.

Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун мындай үч сабы бар:

"Көз ирмем бизге керек, өтө керек.

Убакыт, Эл, Жер, Тоо, Суу -

баары эле бир өтө берет".

Мына ошо өмүр менен жарыша бараткан убакытты, жашоонун кайрылбас ажайып элестерин кыл калем чебери Сүйүтбек Сатымбек уулу Төрөбеков илип алып, өз картиналарында биз менен бөлүшөт.

Турмуштун кайталангыс көз ирмемдерин сүрөткер “Базар”(1991), “Кечинде” (1996) “Чак түш” (диптих, б.а. экилтик, 2001), “Суусамырдын балдары” (2005), “Ысык-Көлдүн жээги”, “Апам нан жабып жатат” (2006), “Сучжоудогу өстөн”(2013), “Күн батаар алдында”, “Кечки сөз” (2016) деген кыл калемден жаралган сүрөттөрүндө кармап калган.

Ал береги сүрөттөрүндө Гапар Айтиев, Семён Чуйков, Жамбул Жумабаев сыяктуу кыргыз кыл калем өнөрүнүн даркандары түптөп кеткен салтты улантат.

Ташкендик сүрөтчү, акын, эссеист, философ Вячеслав Ахуновдун айтымында, бул - кыргыз сүрөтчүсүнүн кемчилиги эмес, артыкчылыгы:

- Сүйүтбек Төрөбеков - салтчыл сүрөткер. Эмнеге? Түшүндүрөйүн. Өткөн кылымдын 70-жылдары кыргыз живописи гүлдөгөн доор болду. Кыргыз живописи (кыл калем өнөрү) ошондо Советтер Союзундагы бардык мектептердин фонунда бөлүнүп турду.

Бул, бирок, Беларус, Украина жана Орусияда канат жайган социалисттик реализм түрү эмес болчу. Кыргыз кыл калем өнөрүнүн кулпунуп ачылуусу Гапар Айтиев, Семён Афанасьевич Чуйков, Сатар Айтиев, Жамбул Жумабаев, В. И.Суриков атындагы Москва мамлекеттик сүрөт-өнөр институтун бүткөн оштук художниктер: Асакен Бейшенов, Аман Асранкулов жана башкалардын ысымы менен байланышкан.

Алардын аркасы менен “поэзиялык тиричиликчилдик" ("поэтический бытовизм”) деген түшүнүк жаралды. Алар Өтмө Кызыл туу тапшыруу, пахта терими, данды кампага төгүү сыяктуу пропагандисттик темаларга жолобогон. Алар карапайым элдин жашоосун поэтикалык стилде тарткан жана андай ар бир сүрөт өзүнчө сюита, обондуу ыр эле.

Аман Асранкуловдун керемет поэзиялык кыл калем эмгектерин алгылачы! Кыргыз кыл калемчилери ушинтип казармалык жана догматикалык социалисттик реализмден алыс болушкан. Сүйүтбек Төрөбеков мына ушул салттын улантуучусу.

"Суусамырдын балдары"
"Суусамырдын балдары"

Сүйүтбек Төрөбеков чоң сүрөткерлер салган чыйыр менен баратып, өз жүзүн, өз стилин жоготпойт.

Мисалы, анын “Суусамырдын балдары” эмгеги Семён Чуйковдун “Кыргыз таңы”, “Эртең менен”, “Чабандын кызы”, “Аккан суу” деген картиналарындагы балдарды эске салат. Бирок, улуу Чуйковдун сүрөттөрүндөгү балдар табиятка, жаратылыш кооздугуна суктанышып, кыялга батып турушса, Төрөбековдун полотносундагы Суусамырдын балдары эмнегедир кыжаалат. Аларды өз жашынан улуу ой баскан. Балдардын уйгу-туйгу абалына бетинде жел ойногон жашыл-күрөң талаа да кошумча. Чемирчеги ката кете элек балдарды карап, аларды эмне түйшүккө салганын билгиң келет. Өзүң да тынчсыздана баштайсын.

Бул картинадагыдай эле С. Төрөбековдун бардык эмгектеринде боёктор жана чөйрө каармандардын ич дүйнөсүн ачып берүүгө жигердүү катышат. Ландшафт аба менен жуурулушуп, сүрөт төрт чарчы алкактын ичинен чыгып, ааламдын бир бөлүгүнө айланат.

Деген менен, сүрөткер үчүн балдардын эмоциясы, кубанычы эмес, алардын чоң кишиникине тең ички дүйнөсү, алардын психологиясы маанилүү. Бул ойду анын “Кичинекей Мараттын портрети” (1988), “Кызымдын портрети” (2005) жана “Алиянын портрети” (2014) деген эмгектери бекемдейт.

Алия кайсы бир нерсеге укмушутуудай таң калууда. Кичинекей кыздын эрди, колу, көздөрү, ар бир клеткасы бир нерсени таңыркап кароодо. Анын дити сүттөй аруу экенин сүрөттүн фону, дубалдын эми шыбалган жана али акиташ тие элек чарчыдай жери, кырмызы кара көйнөгүнүн ак темгилдери лупадай бажырайтып көрсөтөт.

Бул, мен үчүн, Валентин Серовдун “Кыз жана шабдалы” (Девочка с персиками) деген полотносунан кем калышпаган сүрөт!

"Алиянын портрети"
"Алиянын портрети"

Советтер Союзу ыдырып кеткенден кийин, күнкорсуз өлкөлөргө дүйнөнүн дарбазасы кенен ачылып, кечээ соцреализмдин арыгын аттай албаган көпчүлүк сүрөтчүлөр Батыш сүрөткерлерин туурап, ар кандай жээктерге уруна баштады.

Ошол кыйын кезеңде да С. Төрөбеков өз багытынан жазбаганын кесиптеши В. Ахунов баса белгилейт.

- 1990-жылдары көптөгөн сүрөтчүлөр бирде оңго, бирде солго секирип, экспериментке баш уруп, мурда кимдир бирөөлөр жасаган нерселерди кайталоого киришкенде, С. Төрөбековдун улуу муундагы жолдоштордун багытын карманганы суктанарлык. Бул багыт тирүү экени сүйүнтөт. Ал ажайып кооз пейзаждарды, натюрмортторду, турмуш элестерин тартат.

Анын эмгектери өң-түсү, композиция боюнча абдан жеткилең. Нукура поэтикалык тиричиликчилдик ("бытовизм"). Бул - анын күчү. Кудайга шүгүр, ал ар кандай күмөндүү изденүүлөргө азгырылбай, улуу жолдоштору салган жолду жаңы бийиктикке көтөрдү.

Портретте да калпты тартпайт...

С. Төрөбеков портрет жанрында да жигердүү иштейт. Анын бир өзгөчөлүгү: каармандын кулк-мүнөзүн ичине кирип чыккандай кылып, таамай ачып көрсөткөнүндө жана академиялык бийик аткаруучулук чеберчилигинде. Кыргыз сүрөткери бул жагынан улуу орус сүрөткерлери Репин, Брюлловдун салтын улайт.

"Сүймөнкул Чокморовдун портрети".
"Сүймөнкул Чокморовдун портрети".

Анын бараандуу эмгектеринин бири: советтик көп улуттуу маданий мейкиндикте кыргыз элинин алтаны болгон Чыңгыз Айтматовдун жана Сүймөнкул Чокморовдун 1999-жылы тартылган портреттери. Бул эки эмгектин нарк-баасын Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылкычы Жакыпов мындай деп түшүндүрдү:

- Сүйүтбек бүтүп, оюндагы чекке жеткирген портреттердин ичинен Чыңгыз Айтматовдун жана Сүймөнкул Чокморовдун портреттери мага жагат. Себеби, сүрөттө Сүймөнкул байкенин кыялын тапкан. Ал киши аябай токтоо, бирок чечкиндүү, эмнени кылам десе, түз чечип, түз жүргөн киши болчу.

Сүрөттө Сүймөнкул байке тик карап турат. Ал токтоо киши болгону менен эмгектери аябай күчтүү, кишини толкундатат. Кинофильмдердеги ролдорунда да ошондой кишилерди ойногон.

Ошол мүнөздү Сүйүтбек Төрөбеков даана көрсөткөн. Сүрөттүн композициясы да жөнөкөй эмес, кишини ойлонто турган композиция тапкан. Отурганы, карап турганы, колунун каруулары жакшы берилген. Сүймөнкул Чокморовдун арткы фонун да боёк менен жакшы “ойногон”, аябай динамикалуу кылып.

Сүймөнкул Чокморовдун портрети Г. Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин алтын кенчине кирет. Чыңгыз Айтматовдун портрети менчик коллекцияда болгондуктан, көпчүлүк үчүн жабык.

"Чыңгыз Айтматовдун ааламы".
"Чыңгыз Айтматовдун ааламы".

- Чыңгыз Айтматовдун портретинде жазуучунун улуулугу сезилет. Бизде кыргыздар жөнүндө жазган жазган жазуучулар толтура. Ч. Айтматов деле кыргыздар тууралуу жазган, бирок ал дүйнөлүк деңгээлде жазган: кыргыздар деле дүйнө элинин бири, дүйнөлүк эл деп. Чынгыз Айтматовдун көз карашынан анын алыска ой жүгүртүп жатканы көрүнүп турат. Айтматов элдин келечегин ойлонгон жазуучу экенин Сүйүтбек портретте көргөзгөн. Ал аябай эмгекчил, өз сүрөттөрүндө калп айтканды жаман көрөт. Ошого кишини тартканда, болгонун болгондой тартат.

Бул пикири менен бөлүшкөн Жылкычы Жакыпов сүрөт өнөрүнө кошкон салымы үчүн Г. Айтиев жана С.А. Чуйков атындагы сыйылыктарга эгердер.

Сүйүтбек Төрөбековдун улуу жазуучуну башка сүрөткерлердей советтик пафос менен эмес, жай журмушта көптүн бириндей эле өз ташпүшү бар киши кылып көрсөткөнүнө көркөм өнөр таануучу Гамал Бөкөнбаев астейдил токтолду:

- ...Чыңгыз Айтматовдун портретинде советтик пафос жок. Демейде башка сүрөткерлер Айтматовду чоң пафос менен салтанаттуу абалда тартат эмеспи. Сүйүтбек Төрөбеков тарткан Айтматовдун портрети “каны-жаны менен” постсоветтик жаңы доорго, советтик усулдар колдонулбай калган мезгилге таандык. Чыңгыз Айтматовдун арып-чарчап, бир аз табы качып турган адамдай көрсөтүлгөнү мага жагат.

Сүйүтбек Төрөбеков тарткан портреттер мазмуну жагынан эки катмарлуу. Анын баалуулугу ушунда. Төрөбековдун бардык эмгектеринде теза жана антитеза бар. Сүйүтбек Төрөбеков улуу орус портретчилеринин, айрыкча, Репин, Серов, Суриковдун салты боюнча иштейт. Бул салтты улантуу менен ал окуяны бир беткей чагылдырбайт.

Сүйүтбек Төрөбеков Кыргыз руханий каганатын курган (публицист, жазуучу Каныбек Иманалиевдин аныктамасы) Чыңгыз Айтматовго 2008-жылы алгачкы триптихин (үчилтигин) арнаса, быйыл коомчулукка бул триптихтин жаңы вариантын сунуш кылууда.

Бул катарга виртоуз-музыкант Курмангазы Азыкбаевдин, Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун, көрүнүктүү саясый ишмер Роза Отунбаеванын портреттерин кошуу мүмкүн.

“Энеге арноо” триптихи жана энелерге арналган эмгектерин аялдарга ода десе болот.

"Чоң казат"

“Саякабай. Чоң казат” сүрөтү согуштун кесепетин коңгуроодой эскерткенин Гамал Бөкөнбаев баса айтат:

-Сүйүтбек Төрөбековдун “Чоң казат” картинасында согушчандыктын трагедиясы сезилет. Эпос боюнча, Чоң казат Манас үчүн жакшы бүтпөйт, трагедия менен аяктайт эмеспи. Согуш трагедияга алып барат. “Чоң казат” трагедиялуу картина. Андай сүрөт Кыргызстанда жана Сүйүтбек Төрөбековдун кылкалеминен гана жаралышы мүмкүн. Ал полотно Казакстанда жарылышы мүмкүн эмес. Себеби көркөм өнөр олигархтардын таасири астында салтанаттуу маанайды чагылдырганга ооп кетти. Кайгы-капа, уйгу-туйгу сезимдер жок. Кыргыз кыл калемчилеринде дүйнө таанымында кандайдыр бир трагизм байкалат. Ал, балким, Үркүнгө байланыштуудур.

“Саякабай. Чоң казаттын” (2015) таасири мен үчүн Жеймс Кэмерондун “Аватар” же Уилям Уоллестин “Эр жүрөк” (Braveheart) көркөм фильмдериндей кубаттуу.

"Аптап. Кетмен-Төбө өрөөнү".
"Аптап. Кетмен-Төбө өрөөнү".

Көпчүлүк кесиптештери С. Төрөбековдун чеберчилиги Санкт-Петербургдагы И.Е.Репин атындагы Сүрөт академиясында билимин тереңдетип жүргөндө калыптанганын, анан өзү да талыбаган эмгекчил экенин бир ооздон белгилешет. Художниктин чеберчилик өзгөчүлүгү жөнүндө Вячеслав Ахуновдун пикири:

- Сүйүтбек Төрөбековдун кээ бир сүрөттөрүнөн Ленинград мектебинин таасирин көрүү мүмкүн. Экинчи жактан, ал айрым картиналары Гапар Айтиевдин соңку полотнолору менен үндөшүп кетет. Мисалы, ыраакы тоолор көрүнгөн талаанын пейзажы. Жанр жагынан таанымал казак художниги Бахтияр Табиевге жакын кайсы бир элементтери бар. Сүйүтбек көз өйүгөн түстөрдү пайдаланбайт. Ал көзгө жылуу, жумшак, бирок абдан татаал өңдөр менен иштейт. Андай өңгө жетишүү аябай оор. Ал табияты боюнча колорист. Ошон үчүн мага анын эмгектери татаал боёктору менен жагат. Бул жакшы деңгээл.

Көз ирмем бизге керек, өтө керек.

Убакыт, Эл, Жер, Тоо, Суу-

баары эле бир өтө берет.

Сүрөткер тууралуу кошумча маалымат:

Сүйүтбек Төрөбеков - Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Т. Садыков атындагы Улуттук Сүрөт Академиясынын мүчө-кабарчысы. Ал 1957-жылы 12-февралда Таластын азыркы Кара-Буура районундагы Кызыл Адыр кыштагында туулган.

1973-1977-жылдары Бишкек (ал кезде Фрунзе) Көркөм өнөр окуу жайында (азыр С.А. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайы), 1978-1984-жылдары ленинграддагы (бүгүн Санк-Петербург) И.Е.Репин атындагы кыл калем өнөрү (живопись), бедизчилик (скульптура) жана архитектура институтунда билим алат. Көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу. 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Көркөм өнөр академиясында кыл калем өнөрү (живопись) кафедрасын жетектейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG