Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Айтматов тууралуу китеп Астанада сөз болду


Осмонакун Ибраимовдун "Айтматов. Последний писатель империи" ("Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу") аттуу китеби.
Осмонакун Ибраимовдун "Айтматов. Последний писатель империи" ("Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу") аттуу китеби.

25-апрелде ордолуу Астанада кыргыз-казак зыялылары (интеллигенттери) кездешип, эки өлкө арасындагы карым-катнаш боюнча ой бөлүштү. Жыйында Осмонакун Ибраимовдун "Айтматов. Последний писатель империи" деген китебинин бет ачары да болду.

Казак-кыргыз зыялыларынын жолугушуусу жана Казакстандын Улуттук академиясынын китепканасында өткөн жыйында баш кеңсеси Астанада жайгашкан Эл аралык түрк академиясынын жооптуу кызматкери Кадыралы Коңкобаев айткандай, ушинтип доорубуздун даркан калемгеринин 90 жылдыгына арналган "Айтматов жылы" деп аталган мааракелик иш-чаралар расмий башталды.

Кадыралы Коңкобаев.
Кадыралы Коңкобаев.

- 25-апрель күнү “Айтматовдун 90 жылдыгы - Айтматов жылы” деген ат менен расмий баштады, - деп улантты Кадыралы Коңкобаев Астанадан телефон аркылуу болгон маегинде. - "Айтматов. Последний писатель империи" ("Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу") китебинин бет ачарында Осмонакун Ибраимов Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Ауэзовдун ортосунда ага-инидей мамиле жана чыгармачылык байланыш болгонун; Ауэзов “Манас” эпосун кандай коргогонун, Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевге кантип аяр мамиле кылганын жана Саякбай Каралаевди "биздин элдерибиздин маңдайына бүткөн чырак" деген сыяктуу сөздөрдү айтканы тууралуу абдан кызыктуу кеп салып берди. Бул кептердин негизги багыты - эки элдин мамилеси. "Дүйнөдөгү 7000 элдин ичинде - эң бир тууган эл кыргыз менен казак" деген абдан мыкты пикирлер айтылды. Биздин тарыхта ар кандай өйдө-ылдый окуялар болду. Бирок андай жагдайларга карабай, эки элдин акылмандыгы жеңип келген. Мына ушул учурда да эки элдин каны, жаны бир экенин жолугушуунун катышуучулары баса белгилешти.

Окумуштуу-адабиятчы Осмонакун Ибрагимовдун “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу" деген китеби Казакстандын "Гылым" басмасынан чыгып, 16-апрелде эле Астанада анын бет ачары болгон эле.

Китепте, автордун айтымында, улуу жазуучунун өмүрү, ишмердиги, саясый көз карашы мурдагы СССРдин маани-мазмуну аркылуу изилденет. Жаңы эмгекке илимпоздун Чыңгыз Айтматов тууралуу мурда жарыяланган изилдөөлөрү кирген эмес:

- Албетте, Ч. Айтматов тууралуу мурда чыккан макалалар китепке кирген жок. Алар башкача түрдө китептин жалпы түзүмүнө ылайыкталып кошулду. Көпчүлүк материалдар жаңы. Бүбүсара Бейшеналиева менен Чыңгыз Айтматовдун мамилеси "Азаттык" радиосуна чыккан. Бирок бул китепти жаңы эмгек десем болот.

"Айтматов. Последний писатель империи" китеби Москвадан да чыгып жатыптыр.

- "Жизнь замечательных людей" түрмөгүнөн чыгып атат. Астанадан чыкканы - толук вариант. «ЖЗЛ» сериясында чыкчу китепте "Биздин орус окурмандары Т. Сыдыкбеков, А. Токомбаев сыяктуу жазуучуларды билишпейт" деп кыргыз адабиятына байланыштуу сөздөрдү азыраак кыскартып коюшту. 9-майдан кийин 4000 нускада чыгып, анын 1 миңден ашык нускасын алам деп турам.

"Айтматов. Последний писатель империи" китебин улуу жазуучунун мааракесин утурлай чыгып жаткандыктан, автордон кыргыз өкмөтүнүн каржылык жардам көрсөткөнү тууралуу сураганымда, ал мындай жооп берди:

Осмонакун Ибраимов.
Осмонакун Ибраимов.

- Өкмөттүн эч тиешеси жок. Алар («ЖЗЛ») мага "4 миң китептин 1, 4 миңин кыргыз өкмөтү алсын, өкмөттөн «кепилдик кат» алып келип бериңиз" деген, өкмөттөн андан кагаз алып бере албасымды айттым. Намыс үчүн деп, 1400 китептин акчасын өз жанымдан төлөдүм. Бирок бир топ демөөрчүлөр - "Кумтөр" компаниясы, ишкер А. Салымбеков жана башкалар - жардам берип, буюрса, ал маселе да чечилип жатат. "Айтматов. Последний писатель империи" китебин түрк тилине которуп, "жайдан калбай чыгарабыз" деп, түрк туугандар да шаштырып жатат.

Проф. Ибраимов азырынча "Айтматов. Последний писатель империи" китеби качан кыргызча которулуп чыгаарын так билбейт.

Кадыралы Коңкобаев билдиргендей, "Айтматов. Последний писатель империи" китебинин бет ачары болгон кыргыз-казак зыялыларынын Астанадагы шеринесине казак тараптан мамлекеттик ишмерлер: философ-жазуучу Мырзатай Жолдасбеков, Сенаттын мурдагы төрагасы, окумуштуу Өмүрбек Байгелди жана башка акын-жазуучулар, Кыргызстандан Болот Шамшиев, Абдыганы Эркебаев, Медеткан Шеримкулов, Каныбек Иманалиев, Зайнидин Курманов, Болот Шернияз, Замирбек Үсөнбаев катышкан. Жыйында Казак Республикасынын президентинин ички саясат бөлүмүнүн башчысы Аида Балаева эки элдин достугунун мааниси тууралуу сөз сүйлөгөн.​

"Айтматов ааламы". Сүрөтчү С. Төрөбеков. Фрагмент.
"Айтматов ааламы". Сүрөтчү С. Төрөбеков. Фрагмент.

Береги саамалык, Кадыралы Коңкобаевдин айтымында, Эл аралык түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралынын демилгеси менен уюштурулган.

Илимпоз-адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун "Айтматов. Последний писатель империи" китебинин бет ачары 30-апрелде ЮНЕСКОнун Париждеги баш кеңсесинде, май айында Ташкентте, андан соң Бакуда болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG