Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстанда китеп чыгаруу үчүн ашар башталды


Америкалык публицист, изилдөөчү Жеффри Лили жана анын "Тоолор куладыбы?" деген китеби.
Америкалык публицист, изилдөөчү Жеффри Лили жана анын "Тоолор куладыбы?" деген китеби.

Кыргызстанда китеп басып чыгарыш үчүн “Ашар” акциясы башталды. Бул тууралуу саамалыкты уюштуруп жаткан “Жарандык агартуу академиясы” коомдук бирикмеси билдирди.

Пикирлештерден жана ыктыярчылардан түзүлгөн топ ашар же краудфандинг ыкмасы аркылуу акча топтоп, окурмандарга керектүү, кызыктуу, маанилүү жана актуалдуу китептерди чыгарган атышат.

Алар алгачкы Жеффри Лили аттуу америкалык публицист-жазуучунун Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана кыргыз журналисти Азамат Алтай тууралуу жазылган “Тоолор куладыбы?” аттуу китебин басканы турушат. Бул үчүн ыктыярчыларга 7800$ (538 200 сом) өлчөмүндөгү каражат топтоо зарыл. Бул суммага китепти кыргыз жана орус тилдерине которуу жана аны 1000 даана басып чыгаруу кирет.

Мекеме бул үчүн кайдыгер эмес окурмандардан “Полис Азия” коомдук бирикмесинин “Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкындагы” 1280166046670097 KGS, 1280166046670404 USD, 1280166046670606 EUR эсебине каражат которуусун өтүнөт. Же болбосо демилгенин Элсом капчыгына 0770644006 номерине да акча салса болот.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматын негиздеген журналист Азамат Алтай жөнүндөгү “Тоолор куладыбы?” китеби ушул жылы Айтматовдун 90 жылдыгына карата АКШда жарык көргөн. Американын Индиана университети англис тилинде басып чыгарган эмгектин бет ачары АКШнын алдыңкы окуу жайларында жана Конгресс китепканасында быйыл жыл башында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG