Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Анкарада Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанат башталды


Анкарада өтүп жаткан иш-чарадан көрүнүш.
Анкарада өтүп жаткан иш-чарадан көрүнүш.

Түркиянын борбору Анкарада кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Мааракенин ачылыш аземине түрк расмий өкүлдөрү жана Кыргызстандын маданият министри Султан Жумагулов катышууда.

Сөз сүйлөгөн Жумагулов кыргыз бермети Ысык-Көлдө “Айтматов жана учур чакырыктары” аттуу дүйнөлүк интеллектуалдардын форуму өтөөрүн маалымдады. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын элинин жана өкмөтүнүн атынан Түркиянын өкмөтүнө ыраазычылык жолдоду.

ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган иш-чара Кыргыз мамлекеттик драма театрынын театралдык оюну менен коштолууда.

Анкарада Чыңгыз Айтматов жылынын ачылыш салтанатын өткөрүү тууралуу чечим ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечими менен кабыл алынган. Иш-чара 22-апрелге чейин уланат.

Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан. (ElB\ErN)

XS
SM
MD
LG