Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

 Чыңгыз Айтматовдун акыл сырлары турмушта айгинеленип...


Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

«Тил жана котормо» журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулунун кезектеги блогун сунуш кылабыз.

Дүйнө ойчулу Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) чыгармаларындагы ойлор дүйнөлүк ойчулдукка барып ашташканын, анын айткандары адамдардын жашоосуна керектелгенин чыгармалары бүт жер бетине жайылып, көп тилдерге которулганы менен көрсөтсө болот. Ооба, дүйнөдөгү адамдар «анын чыгармалары көп тилге которулуптур, даңазалуу чыгармалардан биз да куру калбайлы» деген ойдо өз тилдерине которуп жаткан жок, ал өздөрүнө керек экенин туюп которгону, окуганы өтө айкын.

Макелек Өмүрбай. 2017.
Макелек Өмүрбай. 2017.

Ошондон улам айтар элек, Чыңгыз Айтматов чыгармаларында айтылган акылынын кишиге керек болгон наркы мындан ары ачыларына, изилдөө жайыты кеңирерине ишенип калдык. Себеби, Чыңгыз айткан, туйган нерселер өз убагынын өткөн чак жана учур чак турмушунан айтылбай, кадыресе, мындан аркы келер чактын турмушуна да ой салып кеткенин, мындан аркы дүйнө сырларына тамшана ой кайырмак боосун таштап кеткенин көрө билип, Айтматовдун акыл сырларын ачуу али алдыбызда, дайыма турган жумуш катары көрүнөрүн кыраакы туйсак болчудай.

Жуңго (КЭР) адабиятчыларынын баамында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары үч баскыч боюнча улам кайкып чыга келген экен: биринчи баскычтагы чыгармалары жайлоо маданиятын, өз элинин ичин, жаңы коомдун карапайым адамдарынын адамдыгын ачкан чыгармалар экен да, убакыт жагынан 1960-жылдан мурдагы чыгармалары ушул топто деп каралган; ал экинчи баскычтагы чыгармалары жалпы жонунан "өткөөл баскычтын чыгармалары" деп аталып, мында Айтматовдун чыгармачылыгы дагы бир баскычка көтөрүлгөн. Атап айтканда, аңыз, уламыштар чыгарманын оюна, көркөмдүгүнө ширетилип, өзүнчө Айтматовдук ыкым жарала баштаган баскыч экен. Бул баскыч жыл эсеби боюнча, 1960 - 1980-жылдардагы чыгармалары тобу деп таанылган; ал эми үчүнчү баскычы, Айтматовдун ааламдашуу баскычы болуп, ааламдын көйгөйүнө, жер бетинин экологиялык сарсанаасына, жалпы эле адамзаттын адам болуу мажарасына «өкүрүк салган» (Акбаранын улуп ыйлаганы мисал) күйүттүү чыгармалар тобу деген тыянак айтылган. Бул топтогу чыгармалар жыл эсеби боюнча 1980 - 2008-жылга чейинки жарык көргөн чыгармалар болгон.

Ушул топторду серепчелей карасак, Айтматовдун чыгармаларындагы ой өткөн чак, учур чак жана келер чакты камтыган адамзаттын ойчулдугу болгон. Биз бул макалада Айтматов учур чак баянында эки акыл сырды бүктөп кеткен, бирок ал келер чактагы турмушта бүктөмү жазыларына ишенип кеткен, ошол эки акыл сырын эл турмушу ушул күндө ачканын окурманга кеп салып берүүнүн маңызы бар деп карадык.

1.Тишке курт түшөт

Чыңгыз Айтматов 5- 6 жаш кезинде: «Тишим күнү да ооруду, түнү да ооруду. Ошентсе да, саартан балдар менен ойноп кетип, кечкисин гана тиш оорумду эстеп, кокуйлап көк шиберде жатаар элем», - деп эстегени бар (караңыз, «Балалыгым» эстемесине. Төмөндө накыл келтиргендер да ушул эстемесинен алынды).

Ошол чыбык атка минип ойноп жүргөн кездеги анын тиш оору окуясы ал кишинин өмүрүндө унутулгус болуп келе берген. Ал тургай, тишке курт түшөбү? деген суроо Айтматов үчүн сыр катары кала берген. «кийин-кийин көптөгөн жылдар өткөн соң тиш доктурларынан адамдын тишинде ичке курттар болобу? деп сураганым эсимде. Алар мага мындай нерсенин болбой турганын кайра-кайра кайталашты», - деп эстейт да, өмүр бою таң калган акыл сыры катары, «ал эми ушундай нерсенин менде болгонун бүгүнгө чейин түшүнбөй келем», - деп дүйнө ойчулунун өмүрлүк табышмагы катары жүрө берген.

Чыңгыз Айтматовго сыр болуп жатканы тишинен кыл курттардын түшкөнүн өз көзү менен көргөнүнө бек ишенет. «Карасаң, мобу кичинекей курттарды, − деди ал (табып) мага сүйүнүчтүү» дегенде курттарды көргөн. «Кийин ал төшөктү (чүмкөгөн) ачканда алдымда майда таштар жатыптыр» деп эскерет да, бала Чыңгыздын көзүнө «майда таш» болуп көрүнгөн курттар кийинге чейин көздө кала бергенин унутпайт.

Бирок кийинки тиш доктурлардын «мындай нерсенин болбой турганын кайра-кайра кайталашы» Айтматовго сыр түйүнү болуп, «бул табышмактуу окуя…» ал киши менен түбөлүк бирге кеткен. Бирок ушул күндүн жашоосунда, тишке курт түшө турганын, аны элдик табыптар куртту түшүрө ала турганын элдик турмуш ырастап бергенине туш болдук.

Мында атайлап айта турган нерсе, Айтматов кылымдан келе жаткан элдик акылга чын эле таң калган. Аны дайыма унутпай өзү менен бирге алып жүргөн. Ал тургай, элдик уламыш, аңыздарды ушул өз доорунун адабий баяны менен баймабай алып жүрүшү да, анын элдик даанышмандыкка бек ишенгенинен экенин туябыз.

Чыңгыз Айтматов 5-6 жашар кезиндеги тиш оорусун жана аны табып кандай айыктырганын өтө даана айткан. Ошондо тиш оорусуна чоң энеси ар кыл чөптөн дары жасап ичирсе да, ысык таш басып көп алакет кылса да болбой ооруганын, кийин атайын ат коштоп коңшу айылдан табып чакыртып келгенин сонун баяндап, бир үзүм элдик дарыгерлик салтты табыптын тишин дарылаганы менен айкын айтып берген.

Биз аны өз баянынан үзүп сүйлөтүп көрөлү:

«…Акыры күттүргөн табып да келди…

Ал дароо мага кайрылды:

− Эмнең ооруп жатат? − мен дароо уңулдап ыйлап, тишимди көргөздүм.

− Ыйлаба, азыр эле оорубай калат! - деп, табып мени жооткотту. Табып мени карап туруп, чоң энеме мындай деди:

− Боз үйдө баладан башка эч ким калбасын. Баланы жуурканга ороп олтургузайын!

Ырас эле айтканын аткарды. Мен жерге отуруп, башымды ылдый салдым. Шамы бар идишти алдыма алып келди. Шам үлбүлдөп күйүп турган эле.

Ал анан:

− Оозуңду ачып, шамга така, - деди.

Мен айтканын кылдым. Ал болсо менин үстүмө жуурканды жаап салды. Караңгыда калдым. Шам гана үлдүрөп жанып турат.

…Жууркандын алдында шамдын жарыгында оозумду чоң ачып көпкө отурдум. Табып болсо мен түшүнбөгөн тилде ар нерселерди сүйлөнүп, укмуштуу бир үндөрдү чыгарып жатты. Албетте, мен ал кезде табыптын шаман экенин кайдан билейин.

…Каалоо-тилектерин бийик үнү менен кыйкырып жатты. Балким, мага эч ким ишенбейт, бирок, тишимдин ооруганы тып басылды. Көп күндөн бери тузга да, аркыл дарыга да, ысык ташка да айыкпаган тишимдин оорусу сен көр, мен көр жок болду».

Айтматовдун тиш оорусун айыктырган элдик эмчи, ага эки аракет иштеген: бирөө, үлбүлдөгөн шам күйгүзүп, аны алдына коюп, үстүнө жууркан чүмкөп, «оозуңду ачып, шамга така» деген; экинчиси, «мен түшүнбөгөн тилде ар нерселерди сүйлөнүп,…каалоо-тилектерин бийик үнү менен кыйкырып жатты» болгон.

Ушул элдик эмчинин эки аракетинин кайсынысы − күйгүзгөн шамбы, түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн сөздөрбү − тиш оорусун «сен көр, мен көр жок болду» кылган ылаажы болду экен?

Дүйнө ойчулу мына ушул эки аракетке таң калган, ооба, таң калганы ал сырды ачкысы келген акылы эле. Аны ал киши кийин доктурдан сураган сайын таң калычтуулукка ого бетер түртүптүр. Биз улуу ойчулдун ушул эстемесин окугандан кийин, ал киши таң калган нерсеге биз да таң болуп, ал киши ойлонгон нерсеге биз да ойлонуп жүрдүк.

Качан да болсо «кишинин тишине курт түшөбү? Аны элдик эмчилер кандай айыктырган?» деген суроо түйшөлтө берчү. Бул ойго түрткөн жөнөкөй эле тиш ооруну айыктыруу маселеси эмес, эмчиликте оору сөз кубаты менен айыгабы, же кандайдыр бир заттык нерсе менен жасалган аракет менен айыгабы? деген маселенин жообун күткөн чийе маселе болчу.

Эл ичиндеги жашоодо, «тишиме курт түшүптүр», «курт тишти көңдөйлөп жептир», «тиштин курт жеген жерине тигил- бул чөптү, дарыны тыгып айыктырды», «балдарга таттууну көп бербегиле, тишине курт түшөт» деген айтымдар ушул бүгүнгө чейин бар. Айтматовдун элдик эмчилик салтка өз башынан өткөн окуя аркылуу кайрылуусу, ал кишинин оюн ар кандай кезде эл акылмандыгы козгоп, эл ичи акылмандыгынан качан да болсо дем күтүп жүргөнүн билүүгө болот.

Тиштин куртун түшүрүүнүн сырын чече албай жүргөндө, 2017-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 21-күнү, өзгөчө бир сапарда, Маметтурган Саке аттуу эл ичинин куйма кулак, эл даанышманы катары көрүнгөн бир киши менен жолулаш болуп калдык. Узун жолду кыскартып, «ат жалына казан асып» кептен улам, бул киши тиштеги куртту түшүрүүнүн эмчилик өнөрүн кеп салып өттү.

Мен көкөйдө жүргөн бул иш үчүн сүйүнүп, колума калам алып сурай баштадым. Бул кишинин жашы картайган куракка барбаганы менен, көргөнү, укканы көп киши экен. Кадыресе, эмчилик жагын да өз колу менен жасаган иштерди кеп салды. Анын айтуусунда, тиштеги куртту түшүрүүдө баш пияздын үрөнү керектелет экен. Баш пияздын үрөнү майда кара тоголок келет дейт. Тиштин куртун түшүрүүгө колдонууда, үрөндү кагазга тамеки сыяктуу ороп, сомдогон соң, ал пияз үрөнү оролгон кагазды суу майга малып, андан соң аны шам сыяктуу күйгүзүп, тиш оорулууну алдына суу куюп койгон идишке эңкейтип, башын чүмкөп, оозуна тигил күйүп жаткан пияз үрөнүнүн түтүнүн түтөткөндө, бир маалда тиштеги курт кишинин алдындагы идишке түшөрүн айтты. Аны өзү да иштеп, а тиштин кыл куртун өз көзү менен көргөн экен.

Тиштеги курттун болорун, аны элдик эмчилер «түтөткү» менен түшүрөрү айкын болду. Ал тигил Чыңгыз Айтматовдун тиш оорусун айыктырган табыптын эки аракетинин бирөө − «үлбүлдөгөн шам күйгүзүп, аны алдына коюп, үстүнө жууркан чүмкөп, оозуңду ачып, шамга така» дегени, биз жолуккан ушул күндүн эмчиси айткан баш пияздын үрөнү менен ооздун ичин ыштаганда кыл курт түшкөнү менен окшош чыкты.

Ал тигил табыптын «түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн сөздөр» менен кыйкыруу аракети, «боз үйдө баладан башка эч ким калбасын»,- деп, киши жок кезде шам күйгүзгөнү өтө жөнөкөй өнөрдү башкалар үйрөнүп кетпесин деген табыптын кесиптик коргонуусу гана экенин билүүгө болот. Курт түшүрөрдө табыптын кыйкырып турганы баягыл эле шамандык салтты сактап, өзүн сырдуу, касиеттүү кылып көрсөтүү аракети экени, ал курт баш пияздын түтүнүнө уугуп түшөт деген жөнөкөйлүккө баргысы келбегенин туюнтуп турат.

Дегинкиси, курт кыйкырыкка, же кээ бирөөлөрдүн «сүф!» дегенине түшпөй, заттык нерсенин, эл акыл-тажрыйбасынын, заттарды тааный билүү жөндөмүн көрсөтүп турганы эле.

Чыңгыз Айтматов айткан акылды, ойлонгон нерселерди «жөн жеринен эмес» деген ой учугун улап изилдесек, Айтматовдун айткандары бүт эле эл ичинен алынганын далилдей алат экенбиз да, улуу жазуучунун чыгармаларындагы акыл сырларды ачып көрсөтө аларыбызга көз жетет экен.

2. Акбара дале улуп жүрөт

Акбара менен Ташчайнардын ысмын бардык эле адам билет, кадыресе дүйнөдө 130дан ашуун тилде Акбара менен Ташчайнар айтылып кетти. Акбаранын улуган үнү «муздак тоолордун койнунда да ошол түнү Акбара айды карап ушинтип улуду, ушинтип ыйлады…» (караңыз, «Кыямат» романына, төмөндөгү накылдар да ушундан келтирилди), ыйлаганы адам затты эс-акылга чакыргандай болду.

Ошондондур, эс-акылга умтулгандардын бардыгы Акбара менен Ташчайнарды билүүгө ажат болду дээр элек.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын адабиятчылар окуялар өзү жашаган чөйрөдөн алынарын, кейипкерлери өзү билген адамдардан болорун ырастоого далалат жасап келишти. Жамийла, Ысмайыл, Толгонай сыяктуу кейипкерлер ошол эле Чыңгыздын Шекер айылында болгон кишилер экенин, ал тургай, алардын кээ бирөөн кепке тартышканын да айтып үлгүрүштү. Алардын андай далалаты Чыңгыздын чыгармалары чындыктан айтыларын, эл турмушуна жакын экенин көрсөтүү деп билебиз.

Чынында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз турмушун өзөк кылган, кыргыз ойломун көркөмдүккө көтөргөн чыгармалар экенине ынанабыз. Адамдар, окуялар гана эмес, Чыңгыз жазган айбандар, тоо- таштар, жайлоо бүт кыргыз жергесинен алынган, кадыресе бар нерселер болгон. Алсак, Акбара менен Ташчайнар аталган бөрүлөр да кыргыздардын бөрүгө болгон таанымын, байыртадан бери келе жаткан түшүнүгүн каражат кылып жаралган.

Бөрүнү тек тутунуп, тотемдик ыйык көргөн, табият менен ымалалуу өтүү ата-бабадан калган мурас ойлом болуп, кыргыздар «ырым жана тыйым» аркылуу чөйрөнү, табиятты коргоп келген, «жыландын уюгуна тийбөө», «бөрүнүн уюгуна тийбөө», «буура төөнү урбоо» сыяктуу тыйымдар эл ичинде бар болуп, ушуларга тийсе, адамдан качан да болсо өчүн алат деген чоң түшүнүк, турмушта болгон окуялар айтылып келген.

Айтматов «Кыяматта» кыргыздын ошол тыйымын түп кармап, адамзатка Акбаранын айды карап тигинтип зарлап улуган үнү менен эскертүү берди. Айтмак, кыргыздын ушундай чоң тыйымдары жөн гана тыйыш үчүн ойдон чыгарылган нерселер болбостон, ал эл турмушу кылымдардан бери тастыкталган тыйымдар болгон.

Жайлоо маданияты атыккан табияттын кучагында жашагандыктан, табияттын сырларын абдан көп өздөштүргөн. Чыңгыз Акбара менен Ташчайнардан кыргыздын бөрүгө болгон түшүнүгүн көрсөткөн. Бөрүнүн жашоосу, бөрүнүн мээр-каары, ал тургай бөрүнүн ойлому, бөрүнүн кыялын чогуу жашагандай билгени, кадыресе Акбаранын түшүн баяндап, анын түшүн жоруганы, бүт эле ойдон чыгарылбай турмуштун өзүнөн алган.

Кыргыздын жомокторунда (жөө жомокту да өз ичине алат) табияттын ар кандай жаны бар, жаны жок нерсеси адам менен тил табышып сүйлөшө алат, адамча ойлоп, адамча кыялдана алат. «Манас» чоң жомогунда өзүнүн мингич аты баштаган бардык эле жаныбарлары, төлгө ташы адамчаланып, сүйлөй алат, адамга жардам бере алат (ал «Эр Төштүк» ого бетер, жер үстүндөгү эле эмес, жер астындагы бардыгы менен дос).

Мына ушундай, табияттагы жандуу-жансыздарды адамчалоо кыргыз көркөм баянынын гана жөрөлгөсү болуп калбай, кадыресе түпкү ойлому, таанымы болуп келген.

Чыңгыз Айтматов мына ошол эле жөрөлгөнү улап, Акбара менен Ташчайнарды адамчалап мээр- каар берип, ал тургай, бөрүгө уктаганда түш көргөзүп койду. Бөрүнүн улуган үн обонун которуп:

«Ошондо Акбаранын көөдөнү кайрадан өрттөнүп, боздоп-улуп, көзүнүн жашын төгүп, айдагы бөрү анага кайрадан кайрылды, шордуу тагдырын айтып, дагы да буркурады, мени өзүң отурган айга, адам жок жерге алып кет, бөрү ана! деп жалынды», - дегизип тил киргизди.

Арийне бөрүгө эмики адамдан өөдөрөөк касиет берип, адам бөрү баласы бөлтүрүккө мээрин бербесе, Акбара адам баласына энелик мээрин түшүрүп турганын «Кыяматта» сонун айтып:

«Ал жакын келип, баланын бетинен жалады. Бала буга кубанып, кытылыктап күлүп, карышкырды мойнунан кучактады (эне катары). Ошондо Акбара ого бетер эрип кеткендей болду, баланын бут алдына жатты да, кошо ойноп кирди…» - деп тээ байыркы кыргыздын аңыздык жомогунда айтылган «бөрү энени» (кыргыздын түпкү атасын бөрү багып өстүргөн деген аңыз кытай жазмаларында жазылуу турат) элестетип айтты.

Бөрү менен адамдын Айтматов айткан байланышына ишенбей койгон адамды жолуктура элекпиз. Анын себеби, кыргыз бөрүнүн ошондой мүнөзүнө түпкү сөөгүнөн ишенет. Кыргыз түпкү түшүнүгү кыргыздын аалымдары А. Какеев менен А. Бекбоев айткандай: «Адам баласы өзү бир кезде андан бөлүнүп чыгып, бешигине бөлөнгөн табият мүчөлөрү менен киндиктеш» (караңыз, «Эл акылманынын» 6- бетине).

Чыңгыз Айтматовдун адам менен табияттын чогуу жашоо өлчөмүн ушул бөрү эне (Акбара) менен адам баланын (Бостондун уулу Кенжештин) бир үзүм көрүнүшүнөн көрсөтө айткан болчу.

Чыңгыз Айтматовдун Акбара менен Ташчайнарды жазышынын өзөк жери, «бөрү адамдан өч алат» деген кылымдан келген түшүнүктү турмуштан көрсөтүү болгон.

«Кыяматта» «үңкүрүнөн бөлтүрүктөрүн алдырган эне бөрүнүн күн дебей, түн дебей ичи жалындап күйүп жүргөнүн эч ким билген жок», - деп айтып, бөрүнүн адамдан өч алышын бышыктап, Бостондун оозу менен:

«Бөлтүрүгүнө жетмейинче, булар тынчыбайт. Мен карышкырлардын кыялын жакшы билем», «бөлтүрүктөрүн алып кетсең, болуптур деп тынч басып оттоп кеткидей бөрүлөр сага мал эмес» дедирип өкүм айтып, андан да бөрүлөрдүн адамдан өч алуусу сөзсүз экенин белгилеп:

«Эми бул тегеректеги мал-жандан эчтеме койбой, алар да (бөрүлөр) мойсойт, өңүтү келген эле жерден адамдан өч алат», «өчүн алып, көксөөсү суумайынча жаны тынбайт», «жырткычтар жамандыкка жамандык менен жооп берип өч алып жатышканы…» деген сүйлөмдөрдү бир канча жолу колдонгон.

Окурмандын көөнүн бура турган нерсе да как ошол бөрүнүн адамдан өч алышы чындык турмушта болгондурбу? дегенге түртүп жүрөт. Арийне «бөрү адамдам өч алат» деген да Айтматовдук акыл сыр катары каралат. Бөрү кандай кезде, эмне шартта адамдан өч алат? Бөрү демейчиликте адамзатка тийеби? ушул суроолорго жооп издөө ал сырларды чечүүнүн далалаттары болмок.

Кыргыз турмушунда, жыландын уюгуна тийсе, алар да өч алып, бүт эле жылан адам жашаган жерди каптап, тороп кирет деген уламыш айтылат. Ал буура төөнү урса, он жылдап өчүн унутпай алат. Аны урган кишини качан болбосун чарпып салат деген сыяктуу уламыштар болгон окуясы менен эл ичинде айтылып келет. Мына ушул сыңары, бөрүнүн чоңдорун атып алса, капканга алса, ал көнүмүш катары каралат экен да, ал өч санабайт экен. Качан уюгуна тийип, анын бөлтүрүктөрүн алса, ал бөрүлөр ошондо анан өч алууга өтөт экен.

Муну «Кыяматта» анык айтып, Бостон чоң бөрүлөрдөн өзү да бир нечени алып, терисин илип койгонун, анда бөрүлөрдөн эч кандай өч алуу мүнөздүү адамга тийүү болбогону, бөрү демейде ачка болсо да капчыгайга, тоолуу жерлерге, адам бар айылга кирбестиги баяндалат.

Ал эми качан Базарбай төрт бөлтүрүктү бөрү уюгунан алган күндөн баштап, Акбара менен Ташчайнар каарланганы − адамга тийе баштаганы − тракторчуга, кодик минген балага тийгени, короодогу бооз койлорду кызыл жаян кырганы сыяктуу окуяларды Айтматов эринбей бирден айтканы бөрү тукумун коргоодо мына ушундай өч алууга барарын, муну окурманына, жалпы эле адамзатка көркөмдөп эмес, болгонун болгондой акыл сыры катары айткысы келген.

Айтматовдун Акбара менен Ташчайнарды жазуудагы акыл сыры − бөрү адамдан өч алат. Бөрү адам баласын моюнга салып:

«Баланын күрмөсүнүн жакасынан абайлап тиштеди, бир жерине тишим тийип кетпесин деп аярлык менен тиштеди, анан акырын өйдө карай силкип жалына олтургузду карышкырлар отордон козуну так ушундай ыкма менен ала качып кетет» деген баянды берген Чыңгыз Айтматовдун бул акыл сырына адамдар ушул күндө көркөм адабият катары гана мамиле кылып келишет. Бирок бул айтканы чын экенин эл ичиндеги турмуш ырастады. Анда ошондон кеп салалы.

2015-жылы жетинин айында (ноябрда) Улуу-Чат айылында үй-бүлөгө бөрү тийип, жараланган адамдар оодан бейтапканасына түшүптүр деген сөз дуу кетти. Бул айылдын адамдары канча жүз жылдан бери кишиге бөрү тийгенин эстерине ала алышпайт. Арийне кишиге бөрү тийди дегенге да ишенишпейт. Себеби бул айыл бүт эле малчылык менен тирчилик өткөргөн, жайытында мал жайнап турган болгондуктан, бөрү курсак үчүн адамга тийди дегенге ишенишпейт.

Ушул айылдагылардын бөрүгө болгон түшүнүгү Чыңгыз Айтматов айткандай, бөрү жайык жердеги кайберенге, отордогу (жайлоодогу) малга тийет. Кадыресе бөрү жаз-күз малга тийет, жай негизи суур менен гана топук кылат. Бөрүнүн аракети өтө калыпташкан, капчыгай, тоолуу жерге, кыштоодогу там-короого кирип барбайт деген түшүнүктү кармашкандыгы үчүн, тигил кеч күздүн аягында жалгыз үйлүү кишиге бөрү тийиптир дегенге таптакыр ишенишпейт. Бирок кандай ишенбегени менен окуянын болгону чындык экен.

Чукул доктурга жеткиргенде, ал үй-бүлөдөгү үй ээси болгон эр кишинин баш терисинен бөрүнүн сынган тишин чукуп алыптыр, аялынын капталы жараат тапкан экен, аны дарылаптыр. Ал үйдүн кичинекей кызы колун сыйрып кеткен жеңил жараат алган экен. Бөрү тийген бул үч бүлөлүү бир үйдүн кишилери доктурдун колунан айыгып, азыр баягысындай тиричиликтерин улантып жатышыптыр.

Мен 2016-жылы жалган курандын (марттын) 22-күнү, (кишиге бөрү тийип беш айдан кийин) ошол бөрү тийген үйдүн кишилерине атайлап жолугуп сөзгө тарттым (сүрөткө тартып, үнүн жаздырдым). Алардан бөрү кайсыл маалда, кандай тийгенин сурадым. Алардын баяны менен Чыңгыз Айтматовдун Акбара баяны окшош чыкканда, улуу ойчулга дагы бир жолу таазим этип, адабий баян менен чындык турмуштун тогошкон тоомуна өзүмдү коюп турдум.

Бул жолку кишиге бөрү тийген окуя мындай болуптур: энеси боз үйдө түйшүк менен алектенип жатканда, эшиктин алдында ойноп жаткан кичине кыздын ачуу чыңырган үнү чыкканда («Кыяматта» :«Бала кыска, бирок катуу чыңырып жиберди»), жүгүрүп чыга калса, көк ит (тегинде бөрү) кыздын жеңинен тиштеп сүйрөп жөнөгөнүн көрүп, эне кыйкырган бойдон ал көк итке жетип, куйруктан алууга үлгүрөт.

Ал көк ит кайрылып энени капталдан бир каап, күүсү менен энени жыга коюп, баланы коё салып, жылт коёт; эне-баланын кыйкырык-ызын уккан тигил төш жактагы ата дароо чуркап келип, алардын аман экенин көрүп, атына минип, жанакыл көк иттин соңунан кыйкырык салып кууп жөнөйт.

Бир оокумга барып, ал көк ит көрүнбөгөндө, кайра үй жакка кайра салып чаап келе жатса, бир таштын түбүнөн жанакыл көк ит чыга атырылып минген аттын тумшугуна асылат. Ат катуу үркүп өрөөлөп секиргенде, үстүндөгү эр киши ооп барып, аттан кулайт.

Кытайлык кыргыздардан чыккан жаш Айтматов таануучу Мамбетжүсуп Амантур уулу, Артыш шаары. 2011.
Кытайлык кыргыздардан чыккан жаш Айтматов таануучу Мамбетжүсуп Амантур уулу, Артыш шаары. 2011.

Ошондо тигил көк ит эмес эле бөрү экенин даана көрөт. Ал бөрү кишиге тиш салып, баштан бир капканын туят. Андан соң, эр киши, бөрү, ат кармашы канчалык болгонун көргөн киши жок. Тарс-турс кармаштан соң бөрү жок болот. Айтууга караганда, ат да тигил адам менен айпалышып жаткан бөрүнү тээп качырган өңдүү. Кийин булар кол телефон аркылуу башкалар менен байланышып, анан доктурга жеткенин айтат.

Чыңгыз Айтматовдун Акбара менен Ташчайнар баянын окуган кишиге бул окуя «кишиге бөрү тийиптир» деген таңгалычтуу кабарды угуп койгондон, Акбара эл ичинде дале улуп жүргөн экен деген ой алдын келет экен. Чынында, бөрү тийген бул үйдүн минген аты баштаган жайытында малы турса, бөрү ач болсо, малга тийбей, эмнеге адамга тийет?

Сөзсүз, Акбара сыяктуу бөлтүрүгүнөн ажыраган бөрү болушу керек деген өкүмгө түртүп, ал үй-бүлөдөн ушул жагын бышыктап сурадым. Бөрү деген табигый мыйзамын карманат экен.

Ойлогондой, Чыңгыз Айтматов айткандай чыкты. Бул үйгө ошондон бир жыл мурда, Айтматов айткан Базарбай сыңары, ошол үйдүн аталаш тууганы бөрүнүн бөлтүрүктөрүн алып келе жатып түшүп өткөн экен (кудум Акбара баянында айтылган Базарбай бөрүнүн бөлтүрүктөрүн алып келип, Бостондун үйүнө түшүп өткөн сыңары). Бул үй-бүлө аны аңдабайт. Ал бөрүнүн өч аларын унутат.

Ошол бөлтүрүктү кармап кеткенден кийин ошол айылда бөрүнүн каарынан канчалаган мал кырылганын эч ким баамдабайт. Табигый иш катары, бөрү күч алып кетти гана болгон таризде болушат. Бөрү бир жыл аңдып, бир жыл улуп, ошол эле Акбара сыяктуу бөлтүрүктүн дайынынан үмүтүн үзгөндө, жашоодон түңүлүп «акылынан айрылган эне бөрү» («Кыяматтан») кишиге кол салган. Кишиден өч алганы ушул үй-бүлөгө кол салган.

Ошол эле «Кыяматта» айтылган Бостондун баласы Кенжешти Акбара мойнуна салып алып жөнөгөндөй, бөрү бул үйдүн кичине кызын колдон алып сүйрөп жөнөгөн. Бул бөрү да баланы аярлап тиш салбаган. Эгерим жеш үчүн болсо, бөрү башкача аракетте болор эле.

Кийин бул бөрү да «Кыяматта» айтылган Акбара сыяктуу бүт жашоодон түңүлгөндө, капчыгайга түшүп, адамга түз бет келип, адамдан ая кылбай калган болчу. Айтууга караганда, ошол эле карышкыр өз уюгуна кайра тартпастан, улам адам бар жакка өзүн уруп, бул үй-бүлөгө тийип эки күндөн кийин, төмөн жактагы айылдын кабагында өңүп жатып, даарат кылып жаткан кишиге тиш салганда, кишилер көптөп орой келип бакандап өлтүрүптүр.

Бул - бөрүнүн самаганы, өлүүгө ыраазы болгон көрүнүшү эле. Болбосо, кишиге, айылга өзү барып бермекпи?!.

Чыңгыз Айтматов Акбараны бөлтүрүктөрүнөн айрылганда, болуп да жубайы Ташчайнардан айрылганда, киши сыяктуу бүт рухун, акылын жоготуп, кишиден, мылтыктын үнүнөн коркпой, «баары бирге» салганын айткан.

Профессор Макелек Өмүрбай.
Профессор Макелек Өмүрбай.

Айтматовдун акыл сыры адамдарды эстүү жашоого жаңсайт.

Чыңгыз Айтматов айткан Акбара баяны Улуу-Чат айылынан көрүнгөнү адамдарды дагы бир жолу ойго салып, бөрүнүн, табияттын өч алуусун ар кандай адам эсинен чыгарбоо керектигин эскертет.

Биз жогоруда божураган кептерден Айтматовдун акыл сырларын эл турмушунан улам ачып турсак, анан ал кишинин адамзатка тийгизген пайдасын көрсөткөн болобуз деген маани боюнча түшүнүүнү үмүт кылабыз.

(Ред.: Калемгердин стили өзгөртүлбөдү. Кыргызча жыл санак маалыматын академик Хусейин Карасаев тактаган жадыбалга ылайык бердик).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG