Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:26

Кытайда Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат ооданында 12-13-декабрь күндөрү Чыңгыз Айтматовго арналган илимий шерине өттү.

Анда Чыңгыз Айтматовду таануучу окумуштуулар чогулуп, кыргыз жазуучусунун кытай адабиятына тийгизген таасири, анын чыгармаларынын иликтениши тууралуу сөз болду.

Кытайда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кытай, уйгур, моңгул, казак, Кытайдагы кыргыздардын тил жазуусуна которулуп басмадан чыкканына жарым кылым болду. Тактап айтканда, Кытай Айтматовду тааныганына, чыгармалары менен таанышканына жарым кылым болду. Ушул убакыт аралыгында анын чыгармалары менен таанышып гана тим болбой, аны изилдөө иштери да кошо жүргөн.

Айтматовдун чыгармаларын тааныштыруу, анда айтылган маселелерди белгилөө боюнча жалпысынан 300дөн ашык макала жазылган. Айтматов андай-мындай болгон деп изилдеп, тааныштырып эле тим болбой, жакынкы жылдардан бери Айтматовдун чыгармаларынын таасири тийген авторлор жана чыгармалар тууралуу изилдөө, докторлукту, магистрликти жактоо боюнча да көп иштер жазылды.

Атап айтканда, Кытайдын чоң жазуучусу, убагында Кытайдын маданият министри болгон Ваң Мың “Кытай жаңы заман адабиятына таасир эткен чет элдик өтө чоң төрт жазуучунун бири Чыңгыз Айтматов болгон, анын таасири Хаймынгуай, Кафка, жана Карсия Маркестен да эң күчтүү болгон” деп айткан. Ушул сөздү уккандан кийин биз отура албай калдык. “Айтматов кытай адабиятына таасир этти” деген бул өтө чоң сөз.

Илимий шеринебиз Улуу-Чат ооданындагы кыргыздардын эң алгач ачылган “Сыргак китеп” китепканасында өткөнү дагы жөн эмес. "Манастын" жазмаларын кармаган анын чоросу Сыргак болгон, китепкананын аты ошондон коюлган. Бул жерде кыргыздын басма сөз маданияты боюнча материалдар, кыргыз этнографиялык буюмдары, «Манас» китептери, манасчылардын сүрөттөрү сыяктуу маалыматтар коюлган, кыргыз таанууга байланыштуу 20-30 миңдей китеп чогултулган.

Илимий шеринебиздин максаты Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мынча тилге которулду дегенден өтүп, ошол чыгармалар которулган тилде кандай кабыл алынды, ал жерге кандай үрөн себилди, андан эмнелер өнүп чыкты дегенди талдоо болду. Кытай мамлекетинин жер-жерлеринде жогорку окуу жайларында Айтматовду изилдеп жаткан доктор илимий даражасынан жогору профессор-окумуштуулардын он чактысын чакырдык.

Илимий шеринеде Айтматов кимдерге таасир эткен, кандай, канча чыгарма анын таасиринин негизинде жазылган дегенди билүү үчүн ошол жогоруда айтылган адамдарды чогултуп келдик. Атап айтсак, Хыбый унверситетинин профессору, доктор, доктор жетекчиси Шы Жиншиюнун “Айтматов Кытайда” аттуу илимий китеби, Айтматов таануу боюнча ондогон макалалары жарык көргөн. Ал шеринеде Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда которулушу, изилдениши, Айтматов чыгармаларынын Кытай адабиятына болгон таасири боюнча көз караштарын ортого салды; дагы бир баса көрсөткөнү, Кытайдын борбордук өкмөт башчысы Ли Кичаң 2016-жылы бештин айынын экисинде Кыргызстанга барганда Айтматовдун чыгармалары жөнүндө сөз кылганы Айтматов чыгармаларынын Кытайдагы таасиринин кандай орунда экенин түшүндүрөрүн айтты.

Шаңхай тоңжи университетинин филология институтунун профессору Жу Жиңйү Кытай адабиятынын алп жазуучусу Ваң Мың чыгармаларындагы Айтматовдун таасири боюнча кенен сөз кылды. Анын “Ваң Мың жана Айтматов” сыяктуу макалалары жарык көргөн.

Философия илимдеринин доктору Токтокан Исмаил кызы “Манас” менен Айтматовдун чыгармаларындагы идеалдын байланышы тууралуу сөз кылып, шерине катышуучуларына жазуучунун чыгармаларынын кайнары “Манас” эпосунан келген деген жаңы ой таштады.

Илимий шериненин дагы бир катышуучусу, Харбин университетинин гуманитардык институтунун профессору Ли Шө “Айтматов жана Кытай бүгүнкү доор адабияты” деген көлөмдүү илимий макаланын автору .

Кашкар университетинин гуманитардык институтунун доценти Жаң Хаян Шиңжаңдагы уйгур бүгүнкү доор адабиятына, башка улуттук азчылыктардын адабиятына Айтматовдун таасири боюнча бир топ макалаларды жазган. Мисалы, уйгур адабиятында экология темасындагы аңгемелер көрүнүктүү боло баштаганын, аңыз, уламышты колдонууга басым жасала баштаган көрүнүш бардыгын ортого салды.

Ушул жолку шеринеге чогулган докторлордун дагы бир максаты - Айтматов чыгармаларын изилдөөнү кыргыздын маданияты, философиясы жана “Манас” чоң жомогу менен айкалыштырып изилдегенде, Айтматов чыгармаларынын башатын өз тамырына байлап изилдөөнүн маңызы чоң болору, ошондо Айтматов изилдөөсү дагы бир бийик белеске каргыйт дегенге ишенгендер болду.

“Чыңгыз кыргызды дүйнөгө таанытты” деген айтымга төп келгени, Чыңгыздын чыгармаларындагы кыргыздын маданияты, жашоосу, ой- кыялы Чыңгыз чыгармалары менен дүйнөгө жайылды деп түшүнгөндө гана, Айтматов изилдөөсү дагы бир тепкичке жогору көтөрүлгөн болот.

Илимий шеринеде мен Айтматовдун чыгармаларынын таасирине учураган Кытай жазуучуларынын чыгармаларын жыйноо, авторлору менен байланыш түзүү иштерин колго алуу, “Айтматов Кытайда” аттуу энциклопедиялык сөздүк түзүү, Айтматовду изилдөөгө арналган эмгектерди жыйнак кылып чыгаруу демилгелерин сунуштадым.

Кытай адабиятына чоң таасир эткен чыгарма бул – “Ак кеме”. Өткөндө Кытайдын премьер-министри барганда Айтматовдун ушул чыгармасын билем деген сөздөрдү айтты. Мына ошол премьер-министрден баштап жөнөкөй китеп сүйүүчүлөргө чейин окуган десе болот. Андан кийин “Кылым карытар бир күндү”, “Жамиляны” дегеле бардык чыгармаларын айтса болот. Мисалы уйгур адабиятында экология темасы, имиштерди, уламыштарды чыгармаларда колдонуу ыкмасы Айтматовун таасири менен келген деп айтылды.

Макелек Өмүрбай, “Тил жана котормо” журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору

P/S: 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев бир катар тарыхчыларды үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады. Бул орден кытайлык кыргыз тил таануучусу Макелек Өмүрбайга да берилди. "Азаттык" илимпозду сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG