Украинанын Днепр шаары Орусиянын жапырт дрон соккусуна кабылганын, натыйжада он чакты адам жараат алганын, арасында эки бала бар экенин 7-январда жергиликтүү бийлик билдирди. Бул шаар өлкөнүн түштүк-чыгыш тилкесинде жайгашкан.
Облустук аскердик администрациянын башчысы Владислав Гайваненко 16 жаштагы өспүрүм кыз ооруканага түшкөнүн маалымдады.
«Шаарда бир нече жерде өрт чыккан эле, анын баарын өчүрдүк. Көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, административдик бир имарат, автомашина, инфраструктура, газ кууру жабыркады», — деп жазды ал Телеграм каналына.
Шаршембиге караган түнү Львов шаарында электр жарыгы өчүрүлдү. Адатта Орусиянын учкучсуз учак чабуулдарынын коркунучунан улам жарык өчүрүлөт.
«Өткөн түнү Львовдо ооруканалардын көбү жана коммуналдык электротранспорттун баары электр жарыгысыз калды», — деген шаар мэри Андрей Садовой медициналык жайлардагы жасалма дем алдыруу аппараттары, жолдогу трамвайлар менен троллейбустар график боюнча өчүрүлүшү керек болорун айтып нааразылыгын билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 7-январга караган түнү Орусия 95 согуштук дрон учурду, «Искандер-М» баллистикалык ракетасын да колдонду. (RK)
Шерине