Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Венесуэладагы окуянын Борбор Азияга таасири кандай болот? Серепчилер ой бөлүшөт


Колумбияда венесуэлалыктар Мадуронун бийликтен кулатылышын майрамдап жатышат.
Колумбияда венесуэлалыктар Мадуронун бийликтен кулатылышын майрамдап жатышат.

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө Венесуэла дүйнөлүк маалымат каражаттарынын баш темасына чыкты. Латын Америкасындагы бул өлкөнүн лидерин америкалык аскерлер кармап, Нью-Йоркко чыгарып кетишти. Океандын ары жагындагы бул окуя Борбор Азия саясатына жана экономикасына таасир тийгизиши мүмкүн. Кандайча?

Венесуэланын бийликтен кулатылган лидери Николас Мадуро жана анын жубайы учурда Нью-Йорктогу түрмөдө отурушат. Аларды АКШ жүргүзгөн аскердик операциянын жыйынтыгында кармап келишкен. Ак үйдүн маалыматына ылайык, операция бир нече ай даярдалып, бир нече сааттын ичинде ишке ашырылган.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашингтон Венесуэланы ал жакта "коопсуз, тийиштүү жана акылга сыярлык өткөөл мезгил" түзүлгөнгө чейин "башкарып турарын" билдирди.

Акыркы окуяларды Испаниядагы жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндөгү венесуэлалыктар кубануу менен кабыл алышты.

Каракастын союздаштары Иран, Орусия жана Кытай Американын аракеттерин кескин айыпташты. Москвага ыктаган Сербия да калыптанган дүйнөлүк тартип бузулуп жатканын билдирди.

Вашингтондун операциясын ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш сынга алып, бул аракет "кооптуу прецедент" жаратарын белгиледи.

Борбор Азияда Венесуэладагы соңку окуяларга байланыштуу дээрлик эч нерсе байкалган жок. Болгону Фейсбук сыяктуу социалдык тармактардын катталуучулары бул окуяны кеңири талкуулап жатышты.

Астана, Ашхабад, Бишкек, Дүйшөмбү жана Ташкент АКШнын аскердик операциясы жана Мадуронун кармалышы тууралуу билдирүүлөргө расмий комментарий берген жок.

Анткен менен, эксперттердин айтымында, бул акыркы күндөрдөгү жаңылыктар аймакка тиешеси жок дегенди билдирбейт.

Көп векторлуу саясатка ыктымал соккубу?

Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун негиздөөчүсү Алишер Илхамов билдиргендей, океандын ары жагындагы окуялар узак жылдар бою Каракастын негизги тышкы өнөктөштөрүнүн бири болуп келген Москванын кызыкчылыктарына тиешеси бар.

Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин Мадурону активдүү коргоп чыгып, кырдаалга таасир эте алган жок. Бирок бул Кремль үчүн анчалык олуттуу жоготуу эмес.

"Путинди Мадуро менен биринчи кезекте экөөнө тең мүнөздүү болгон диктатордук башкаруу ыкмасы байланыштырып турат. Бул Москва үчүн башка бир диктатор Сириянын лидери Башар Асаддын кулатылышындай эле жоготуу. Мындай жоготуулар Путин үчүн эң маанилүү категорияга кирбейт", — дейт Ильхамов.

Айрым дүйнөлүк саясатка көз салып жүргөн эксперттердин пикиринде, Кремль, тескерисинче, азыркы кырдаалдан пайда да табышы мүмкүн. Алардын баамында, АКШнын Венесуэладагы операциясы Орусияга өзүнүн таасир аймагында каалаганын кылууга жол ачат. Кремль үчүн постсоветтик мейкиндикке байланышкан кызыкчылыктар Латын Америкасына караганда алда канча маанилүү.

"Путин үчүн эң чечүүчү мааниге ээ болгон нерсе постсоветтик мейкиндикке байланышкан кызыкчылыктар. Ал бул аймакты өзүнүн менчигиндей көрөт. Бул көз караш анын неоимпериялык амбицияларынан келип чыгат. Дал ушул амбициялардан алып караганда Венесуэлада болгон окуялар аны канааттандырышы керек", — деп эсептейт Илхамов.

Эксперт жакында эле Дональд Трамптын администрациясы кабыл алган АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясында Батыш жарым шар Вашингтондун өзгөчө кызыкчылыктарынын аймагы катары караларын эске салат.

"Бул, сыягы, Америка бул аймактагы башка өлкөлөргө, биринчи кезекте Америка континентиндеги мамлекеттерге, өз эркин таңуулоого өзгөчө укугу бар дегенди билдирет. Ал эми андай болсо, мындан улам башка өзөктүк державалар, биринчи кезекте Кытай менен Орусия да Чыгыш жарым шарды же анын бир бөлүгүн өздөрүнүн өзгөчө кызыкчылыктарынын аймагы деп жарыялоого негиз табышы мүмкүн", — деп белгилейт ал.

Илхамовдун пикиринде, мындай логика Кремлди канааттандырат. Анткени бул де-факто дүйнөнү ири державалардын таасир аймактарына бөлүү идеясын мыйзамдаштырат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Венесуэланын учурда кулатылган лидери Николас Мадуро. Москва, 2025-жылдын 8-майы.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Венесуэланын учурда кулатылган лидери Николас Мадуро. Москва, 2025-жылдын 8-майы.

Борбор Азия экономикалары үчүн коркунучтар

Венесуэладагы окуялардын кесепеттери Орусиянын экономикасы менен тыгыз байланышта болуп келген Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына да сезилиши мүмкүн.

Венесуэла мунай кору боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

Дональд Трамп америкалык мунай гиганттары бул өлкөгө миллиарддаган доллар инвестиция салууга даяр экенин билдирген.

АКШ Венесуэлада көп жылдар бою санкциялардан жана начар башкаруудан кыйраган инфраструктураны жаңылоого каражат салса венесуэлалык мунай кимге таандык болору белгисиз.

Бирок эгер америкалык компаниялар Венесуэлага кирсе, АКШ мунай баасына көбүрөөк кийлигише алат. Бул, өз кезегинде, мунай өндүргөн бир катар мамлекеттердин экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өзгөчө Орусиянын экономикалык абалына.

Ал эми Москванын экономикасы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы эле маанилүү фактор бойдон калууда. Бул мунай өндүргөн өлкө катары Казакстанга да тиешелүү. Ошондой эле Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын экономикаларынын олуттуу бөлүгү негизинен Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которууларынан көз каранды.

Соңку жылдары Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын кайра иштетүү өнөр жайынын жана айыл чарба продукциясынын да ири импорттоочусу болуп калды. 2024-жылы товар жүгүртүү 44 миллиард доллардан ашты.

Казакстандык экономикалык серепчи Расул Рысмамбетов Венесуэладагы окуялардын кыска мөөнөттүү таасирин ашыкча баалабай турууга чакырат.

Анын айтымында, жакынкы келечекте кеп биржалардын реакциясы тууралуу гана болуп жатат.

"Экономикалык көз караштан алганда, Венесуэланын айланасындагы окуялар мунай рыногундагы дагы бир белгисиздик. Эртең эле Венесуэла мунай өндүрүшүн үч эсе көбөйтөт деп айтууга болбойт, бул мүмкүн эмес. Венесуэла бир нече жылдан бери дүйнөлүк мунай рыногунда олуттуу фактор болуп эсептелбейт", — дейт ал.

Эксперттин айтымында, формалдуу түрдө мунай кору өтө чоң болгонуна карабастан өлкө олуттуу структуралык чектөөлөргө туш болуп келет.

Рысмамбетовдун белгилешинче, азыр негизги ролду инвесторлордун күтүүлөрү жана рыноктордун кыска мөөнөттүү реакциясы ойнойт.

"Орусия жана Казакстан үчүн негизги коркунуч Венесуэлада эмес, дал ушул баалардын термелишинде", — дейт эксперт.

Анын пикиринде, эң ыңгайлуу сценарийде да Венесуэла мунай рыногундагы активдүү оюнчулардын катарына тез кайта албайт.

"Эгер баары идеалдуу өтүп, Chevron же ExxonMobil сыяктуу компаниялар Венесуэлага кайтып келсе да олуттуу өзгөрүүлөрдү кеминде бир жарым жылдан кийин гана күтүүгө болот. 2027-жылдын ортосуна карата Венесуэла өндүрүштү кескин көбөйтө ала турган активдүү оюнчуга айланышы мүмкүн. Ошондо гана чындап тынчсызданууга негиз болот" — дейт ал.

Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, мунай баасынын төмөндөшү рублдун девальвациясына алып келет.

"Экономисттер дайыма айтып келгендей, макроэкономика жетер жерине сөзсүз жетет. Коркунучтардын топтолушу сөзсүз түрдө алардын ишке ашышына алып келет. Март–апрель айларында кризистин тереңирээк белгилерин күтүүгө болот. Бул сөзсүз түрдө миграцияга жана акча которууларга рублдун курсунун түшүшү жана башка факторлор аркылуу таасир этет», — деп жыйынтыктады эксперт.

Макаланын оригиналын бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG