5-январда Нью-Йорктун федералдык сотунда Венесуэланын бийликтен кулатылган президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес боюнча алгачкы соттук отурум өттү.
3-январда АКШнын күч органдары Венесуэланын борбору Каракаста атайын операция жүргүзүп, өлкөдөн чыгарып кеткен Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт кишиге наркотерроризм, кокаин импорттоо, курал-жарак сактоо жана колдонуу тууралуу төрт пункттан турган айып тагылган.
Дүйшөмбү күнкү отурумда ал өзү да, жубайы да эч кандай айыбы жок экенин айтышты. Судья алардын бөгөт чарасын камак түрүндө калтырды.
Сот имаратынын алдында ошол учурда Мадуронун тарапкерлери чогулуп турушту.
Кийинки соттук отурум 17-мартта өтмөй болду, Bloomberg жазгандай, коюлган айыптар боюнча негизги соттук териштирүүнүн өзү 2027-жылы гана башталышы ыктымал. 63 жаштагы Мадуронун адвокаты Барри Поллак экени белгилүү болду, ал WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын жактоочусу болгон.
3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана жубайы Силия Флорести кармап кеткенин расмий жарыялаган.
Трамптын билдирүүсү
Америкалык президент Дональд Трамп Кошмо Штаттардын аймагына маңзаттын 97% деңиз жолдору аркылуу, көбүнчө Венесуэладан ташылып жатканын, эми айыптуулар сот жообуна тартыларын жана бул өлкөдө бийликти легитимдүү жетекчиликке "коопсуз өткөрүп берүү" камсыз болгонго чейин аны АКШ башкарарын белгилеген.
Жекшембиде ал Венесуэла Вашингтон менен кызматташпаса, жаңы сокку уруу буйругун берерин эскертти. Муну менен катар Колумбия жана Мексика бийликтерин аскердик аракеттер менен сестендирди:
"Колумбияны башкарган адамдын да акылы ордунда эмес. Кокаин өндүрүп, аны Кошмо Штаттарга сатканды жакшы көрөт. Андайды көпкө уланта албайт деп айтып коеюн".
Колумбиянын президенти Густаво Петро бул комментарийден кийин Трамптын “мыйзамсыз коркутууларына” туруштук берерин, өлкөнүн суверенитетин коргоого даярдыгын билдирип, маңзат аткезчилигине каршы чаралар көрүлбөйт деген айыптоону четке какты.
Ал эми Кубаны сөз кылып жатып Трамп кирешени Венесуэладан алып келген өлкөнүн өкмөтү өзү эле ойрон болорун кошумчалады.
Расмий Гавана америкалыктардын Каракастагы операциясы маалында кубалык 32 киши набыт болгонун билдирди. Маалыматка караганда, алардын көбү Мадуронун коопсуздугун камсыздап жүргөн.
Венесуэланын өзүндө президентти колдогон миңдеген киши жекшембиде башкалаа Каракастын көчөлөрүнө чыгып, президентти кайтарууну талап кылышты. Алар АКШнын операциясын мамлекеттин суверенитетине жана коопсуздугуна шек келтирүү деп сыпатташты.
"Биз америкалыктар таңуулаган өкмөттү каалабайбыз. Биздин элдин эркиндиги жана суверенитети Конституцияда бекитилген. Дональд Трамп мунайыбызды тартып ала албайт, Рубио бизди башкарбайт. Биздин президентибиз, вице-президентибиз бар, ал мамлекет башчынын милдетин аткарып турат, бирок Николас Мадуро бар!" - деп айтты акциянын катышуучусу Иоланда Ивимас.
"Венесуэла демократияга өттү деп айтууга болбойт"
Оппозициянын лидери Эдмундо Гонсалес Уруттия АКШнын Мадурону кармап кеткени өлкөнүн тарыхында бурулуш учур болуп калганын, бирок демократияга өтүү жараяны өтөлүнө чыга электигин белгиледи:
"Бийликти басып алган киши эми өлкөдө эмес жана сот жообуна тартылмакчы. Бул факт жаңы саясий айдыңдын калыптанышына жол ачты. Бирок алдыда турган максаттарды алмаштыра албайт. Атап айтканда, башкача көз карашты карманганы, өз укуктарын коргогону, Конституциянын аткарылышын жактаганы үчүн камалган карапайым кишилер, аскерлер, бардык саясий туткундар шартсыз жана дароо бошотулууга тийиш. Венесуэлалыктар абакта адилетсиз кармалып жаткан чакта демократияга өтүү тууралуу кеп кыла албайбыз".
Эл аралык байкоочулардын айрымдарынын жана жергиликтүү оппозициянын эсебинде 2024-жылкы президенттик шайлоодо Гонсалес жеңген. АКШ Мадурону легитимдүү президент деп эсептебейт.
Мадуронун кармалышын кубаттагандар жана айыптагандар
Сыртта жүргөн венесуэлалыктар Мадуронун кулатылышын кубатташууда. 4-январда алар Мексика, Испания, Перу жана бир катар башка өклөлөрдө демонстрацияларга чыгышты.
БУУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары ал өлкөдө репрессиялар жайылганын, жарандардын эркиндиктери чектелгенин көптөн бери сындап келишет.
Венесуэланын айлынасындагы соңку окуяларды Мадуро бийлиги менен жылдардан бери жакшы мамилелрде болуп келген Орусия, Иран жана Кытай айыпташты.
Дүйшөмбүдө Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь Венесуэла президентин бошотууга чакырды:
"Кытай өз позициясын ачык билдирди жана Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен жубайынын АКШ бийлиги тарабынан кармалып кетишине байланыштуу тынчсыздануусун ортого салды. Кошмо Штаттардын аракети эл аралык нормаларды жана эл аралык мамилелердин эрежелерин одоно бузууда, Улуттар Уюмунун хартиясында бекитилген принциптерге каршы келет".
Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас "Венесуэла элинин өз келечегин аныктоо укугун урматтоо керектигин" белгиледи.
Ал эми Бразилия, Чили, Колумбия, Мексика, Уругвай жана Испания ал өлкөдөгү абалды тынч жол менен жөнгө салууга үндөп, тышкы көзөмөл киргизүү эл аралык нормаларга каршы келерин жана региондогу стабилдүүлүккө көлөкө түшүрөрүн билдиришти.
- 3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана жубайын кармап кеткенин расмий жарыялаган.
- Мадурону аялы менен Нью-Йоркко 3-январдын түнү алып келишти. 63 жаштагы Мадуро Бруклиндеги катуу кайтаруудагы абакка жеткирилген.
- Венесуэланын Жогорку сотунун чечими менен вице-президент Делси Родригес президенттин милдетин аткарууда.
Шерине