Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

Трамп Венесуэланы бийлик өткөрүлүп берилгенче АКШ башкарарын айтты


Каракас. 2026-жылдын 3-январы.
Каракас. 2026-жылдын 3-январы.

мазмуну

  • 3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, бул өлкөнүн президенти Николас Мадурону жана жубайын кармап кеткенин расмий жарыялады.
  • Борбор калаа Каракаста бул түнү бир нече жерде жарылуу болгону кабарланган. Мадуро өлкө АКШнын чабуулуна кабылганын билдирип, өзгөчө кырдаал жарыялаган.
  • АКШнын өкүлдөрү Венесуэладагы операция ушуну менен аяктаганын билдиришти.

АКШнын Мадурону кармоо операциясы

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармоо операциясына байланыштуу 3-январда түшкө маал пресс-конференция өткөрдү.

Өз сөзүндө ал операцияга америкалык "көп аскерлер, көп учак катышканын", алардын арасында эч бир жоготуу болбогонун, Кошмо Штаттардын аймагына маңзаттын 97% деңиз жолдору аркылуу, көбүнчө Венесуэладан ташылып барарын, эми айыптуулар сот жообуна тартыларын айтты.

Трамп бул өлкөдө бийликти легитимдүү жетекчиликке "коопсуз жана чыныгы өткөрүп берүү" камсыз болгонго чейин аны АКШ башкарарын билдирди.

Дональд Трамп, 2026-жылдын 3-январы.
Дональд Трамп, 2026-жылдын 3-январы.

"Биз Венесуэлада элдин кызыкчылыгын ойлобогон кимдир бирөөнүн бийликке келишине жол бере албайбыз. Биз азыр ошол жердебиз жана тийиштүү өткөрүп берүү жараяны камсыз болгончо ал жерде калабыз, ошол учурга чейин натыйжалуу башкарабыз", - деп кайталады Трамп.

Ошону менен катар АКШ президенти эгер зарыл болсо америкалык армия экинчи, буга чейинкиден күчтүүрөөк сокку урууга даяр экенин, бирок, андай зарылчылык деле жоктугун айтып, Венесуэлага америкалык мунай компаниялары барарын, алар "бул өлкө акча табышы үчүн мунай инфраструктурасын калыбына келтирерин" кошумчалады.

"Биз Венесуэла элин бай жана көз каранды эмес кылабыз, анын коопсуздугун камсыздайбыз", - деди Трамп.

Мадуро кармалгандан кийинки Венесуэладагы мындан аркы кадамдар тууралуу айтып жатып Дональд Трамп:

"Мунай эмбаргосу уланууда, аскердик кемелердин ыкчам даярдыгы сакталууда, америкалык талаптардын бардыгы аткарылмайынча аскердик варианттар четке кагылбайт. Венесуэланын бардык саясатчылары жана аскерлери Мадуро эмне болсо, алар да ошондой болуп калышы мүмкүн экенин түшүнүүсү зарыл", - деди.

Вашингтондун башкаруусу кандай болору тууралуу суроого жооп берип жатып Трамп жакын арада атайын топ түзүлөрүн, мамлекеттик катчы Марко Рубио Венесуэланын вице-президенти Делси Родригес менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Мадуро кармалгандан кийин башкарууну ошол айым көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Трамптын айтымында, Родригес Вашингтон менен кызматташууга даяр жана башка аргасы жок.

Наркотерроризм, мыйзамсыз курал сактоо жана маңзат аткезчилиги тууралуу айыптар

Венесуэланын президенти Николас Мадурого жана анын жубайы Силия Флореске АКШда Нью-Йорктун Түштүк районунда айып тагылды. Бул тууралуу 3-январда АКШнын башкы прокурору Памела Бонди билдирди. Ал Х социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу:

"Николас Мадуро Америка Кошмо Штаттарына каршы максатта баңгизат терроризми, кокаин импорту, курал жана жардыргыч зат сактоо боюнча кутум уюштурган деп айыпталууда. Алар жакында америкалык жердеги америкалык сотто америкалык сот адилеттиги алдында жооп берет. АКШнын Юстиция министрлигинин атынан мен президент Трампка Америка элинин атынан жоопко тартуу талабын коюп, кайраттуулугун көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана бул эл аралык баңгизат сатууга шектүүлөрдү кармоодо укмуштуудай жана абдан ийгиликтүү миссияны аткарган эр жүрөк аскерлерибизге чоң ыраазычылык билдиргим келет", - деп жазды.

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Венесуэлага чабуул коюп, бул өлкөнүн авторитардык лидери Николас Мадурону жана анын жубайын кармап, чыгарып кетишкенин 3-январда билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.

Трамптын айтымында, операция күч органдары менен биргеликте ишке ашырылды.

"Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага жана анын лидери, президент Николас Мадурого каршы ири масштабдуу операцияны ийгиликтүү жүргүздү, ал кармалып, аялы менен кошо өлкөдөн чыгарылды. Бул операция АКШнын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлдү", - деп жазды Трамп.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилери маалымдалды.

The New York Times басылмасына берген чакан комментарийинде Трамп "операция мыкты өткөнүн", ал алдын ала пландалып уюштурулганын айтты. CBS News медиасы Мадурону колго түшүрүү операциясына америкалык "Дельта" атайын бөлүгү тартылганын жазды.

Ак үй, Пентагон жана Мамлекеттик департамент азырынча эч кандай расмий билдирүү тарата элек.

Николас Мадуро жана жубайы Силия Флорес инаугурация иш-чарасында. 2018-жыл.
Николас Мадуро жана жубайы Силия Флорес инаугурация иш-чарасында. 2018-жыл.

Жарылуулар учурунда жабыркагандар барбы же жокпу, бутага кайсы объектилер алынганы тууралуу азырынча так маалымат айтыла элек. The New York Times операцияга катышкан америкалык аскер кызматкерлери арасында жоготуу жок экенин маалымдады.

Америкалык сенатор Майк Ли мамлекеттик катчы Марко Рубио менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал Мадурону колго түшүрүү операциянын башкы максаты болгонун жана Венесуэланын аймагына чабуулдар уланбай турганын айтканын Х социалдык түйүнүнө жазды.

Мамкатчынын орун басары Кристофер Ландау эми Мадуро сот алдында жооп берерин айтты.

Каракасты дүрбөлөңгө салган түн

Венесуэланын борбор калаасы Каракаста 3-январга караган түнү бир нече жарылуу болгонун CNN телеканалынын кабарчылары жеринен маалымдашты. Алардын айтымында, шаардын айрым райондорунда электр жарыгы өчүп калды.

AP, AFP жана Reuters маалымат агенттиктери да шаардын үстүнөн учактар учуп, түтүн көрүнүп жатканын, түштүк чет жакасында жайгашкан аскердик аэропорттон алыс эмес жерде электр жарыгы өчкөнүн кабарлашты.Биринчи жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен түнкү саат 1:50дө болгону, андан кийинки жарылуунун толкуну катуу болгондуктан айрым имараттарда терезелер калдыраганы кабарланды.

Жарылуудан кийин асманда учактар учуп жүргөнү угулган.

CNN жарыялаган видеолордун биринен түнкү шаардын эки жеринде өрт тутанып, түтүн тарап жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери Каракастын түндүк тарабындагы Ла-Гуайра штатында, жээкте жана Миранда штатындагы Игуэроте шаарында да жарылуу болгонун жазышты.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро жарылууларды "АКШнын чабуулу" деп атап, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Анын билдирүүсүндө соккуга борбор калаа Каракас жана Миранда, Арагуа, Ла-Гуайра штаттары кабылганы айтылып, социалдык жана саясий күчтөргө "мобилизация планын активдештирүү" чакырыгы камтылган.

Өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылып, АКШны жоопко тартууга чакырды.

Коңшу өлкө Колумбия БУУну жана Америкалык мамлекеттер уюмун чукул арада жыйынга чогулууга үндөдү.

"Алар Каракасты бомбалап жатышат. Венесуэла кол салууга кабылды", - деп жазды Колумбиянын президенти Густаво Петро.

Мадуронун расмий резиденциясынын тегерегинде куралчан аскерлер жана бронетехника турганы кабарланууда.

CBS News каналынын журналисти Женнифер Жейкобс Венесуэлага чабуул коюу тууралуу буйрукту АКШ президенти Дональд Трамп бергенин билдирген. Ушундай эле маалыматты өз булактарына таянып Fox News жарыялаган.

Соңку маалымат боюнча, АКШ президенти Дональд Трамп америкалык күчтөрдүн "масштабдуу соккусунан кийин" Венесуэланын башчысы Николас Мадуро колго түшүрүлгөнүн билдирди.

АКШнын аскер жетекчилиги Венесуэлага сокку уруу мүмкүндүгүн караштырып жатканы буга чейин кабарланган.

Венесуэланын оппозиция лидери: Бийликти өз колубузга алууга даярбыз

Венесуэланын оппозиционер саясатчысы, Мадуронун өкмөтүнө каршы акциялардагы негизги фигура катары таанылган Мария Корина Мачадо АКШнын соңку операциясы боюнча Х социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө "эркиндикке кезек келди" деп айтты. Нобелдин 2025-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мачадо Мадуро Венесуэланын жарандарына жана көптөгөн башка өлкөлөрдүн жарандарына каршы "үрөй учурган кылмыштары үчүн эл аралык сот адилеттиги алдында жооп бериши керек" экенин айтты:

Мария Корина Мачадо. Архив сүрөт.
Мария Корина Мачадо. Архив сүрөт.

"Өлкөбүздө элдик жана улуттук эгемендиктин жеңишине жетүү убактысы келди. Биз кайрадан тартип орнотуп, саясий туткундарды бошотобуз, мыкты мамлекет куруп, балдарыбызды мекенибизге алып келебиз. Бүгүн биз өз мандатыбызды ишке ашырып, бийликти өз колубузга алганга даярбыз. Келгиле, демократиялык жолго түшүүбүз аягына чыкканча сак, активдүү жана уюшкандыкта бололу".

58 жаштагы саясатчы Мария Корина Мачадо 11-декабрга караган түнү Норвегиянын борбору Ослого Нобел сыйлыгын тапшыруу аземине жашыруун барууга аргасыз болгон. Ага он жылга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган болчу. Сыйлыгын анын кызы Ана Корина Соса Мачадо алган жана апасынын атынан сүйлөп жатып Венесуэладагы азыркы бийликти "мамлекеттик террорчулукка" айыптаган. Мамлекеттик репрессиялар маалында өлкөдө 2 500дөй адам уурдалган, дайынсыз жоголгон же кыйноого кабылганын билдирген.

Нобел комитети Мария Корина Мачадону Венесуэла элинин демократиялык укуктарын коргоодогу "тынымсыз эмгеги" үчүн сыйлаган. Комитет анын диктатурадан демократияга тынч жана адилеттүү өтүү үчүн күрөшүнө өзгөчө баа берган.

Мачадо 2024-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан. Шайлоого катышууга тыюу салынгандан кийин анын ордуна оппозициялык талапкер Эдмундо Гонсалес Уррутиа бюллетенге киргизилген. Эки саясатчы тең катуу куугунтуктан улам жашырынууга аргасыз болушкан.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Венесуэланын бийлиги менен тыгыз алакадагы Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бүгүнкү аракетин куралчан агрессия деп атап, кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Абалдын курчушуна жол бербей, диалогго келүү керектигин белгилеп, Мадуронун чыгарылып кетишин Венесуэланын эгемендигин бузуу деп атады.

АКШны айыптаган билдирүүлөр Беларустун, Ирандын, Кубанын атынан жарыяланды, Аргентина бул операцияга колдоосун билдирди.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Кая Каллас АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен байланышып, соңку окуяларды талкуулаганын, шаркет Мадурону легитимдүү жетекчи деп тааныбай турганын жана Венесуэлада бийлик тынч жол менен өткөрүлүп бериши керек деп эсептей турганын айтты. Ошону менен катар ал кандай аракет болсо да БУУнун Уставынын принциптери сакталышы зарылдыгын белгиледи.

Бир катар америкалык мыйзам чыгаруучулар, айрыкча демократтар, Трамптын администрациясынын бул аракетинин мыйзамдуулугу суроо жаратарын айтып чыгышты жана аскердик күч колдонуу маселесинде Конгресстин уруксаты зарыл экенин эскертишти.

Авторитардык жетекчи

Мадуро 63 жашта. Ал Венесуэланын солчул президенти Уго Чавестин авторитардык мураскери. Оппозиция жана укук коргоочулар анын режимин шайлоодогу бурмалоолорго жана адам укуктарынын бузулушуна айыптап келишет.

АКШ Венесуэланын бийлигин мыйзамсыз деп атап, Мадурону Америкага маңзат аткезчилигин уюштурууда, аны калкалоодо деп айыптап келет. Жакында Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти маңзат аткезчилиги менен алектенген "Картел де лос Солести" Мадуро жетектейт деп, аны террордук уюм деп жарыялаган. АКШда Мадурону колго түшүрүүгө сый акы катары 50 млн доллар убада кылынган.

Мадуро бардык айыптоолорду четке кагып, Кошмо Штаттар маңзат аткезчилигин шылтоолоп өлкө жетекчилигин бийликтен кетирүүнү көздөп жатат деп билдирген.

2024-жылы Венесуэлада өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында бийлик азыркы президент Николас Мадуро башкы атаандашынан 8% озуп жеңгенин жарыялаган. Бирок оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алганда Мадуронун атаандашы Эдмундо Гонсалес эки эсе көп добуш менен алдыга чыкканы анык болгонун айтып чыккан. Европарламент оппозиция лидери Гонсалести Венесуэланын мыйзамдуу президенти деп тааныган.

Белгилүү венесуэлалык дипломат жана саясат таануучу Гонсалес мекенинде камакка алуу коркунучу жаралганда Испаниядан саясий башпаанек тапкан.

Мадуронун жеңишине каршы өлкөдө жапырт башаламандыктар тутанып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген адам башкалаа Каракастын борборуна чыгышкан. АКШ баш болгон бир катар мамлекеттер добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.

Макала жаңыланууда

Шерине

 

XS
SM
MD
LG