Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

2026: Индия, Вьетнам ирденип, семиз кишилер азаят


Вьетнамдын баш калаасы Ханойдогу театр
Вьетнамдын баш калаасы Ханойдогу театр

Байкоочулар АКШнын ички-тышкы саясаты дүйнөдө эски доор аяктап, жаңы алака-катыш, эреже-тартип орной баштаганын айгинелейт деген оюн айтышат. Күндөн күнгө кардарлары көбөйүп бараткан арыктатчу дарылар эми семиз калкы көп өлкөлөрдө кеңири сатылып, далай ооруларды азайтат дешет адистер.

Дүйнөдө эски доор аяктап, жаңысы башталып атабы?

2026-жылдын июль айында 250 жылдык мааракесин майрамдай турган Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп бир жылдан бери дүйнөнү ары-бери чайпалтып, көп жагынан өзгөрткөн демилгелерин андан ары күчөтөөрү күтүлөт. Байкоочулар Трамптын ички-тышкы саясатындагы чукул бурулуштардан улам дүйнөдө либералдык демократия, эл аралык геосаясат жана глобалдык экономика алдыда чоң сыноолорго туш болорун эскертишет. Вашингтон жарыялаган тарифтик согуштун кесепети азырынча далай өлкөлөрдү Кытайга жакындатып, тараза ташы Бээжинге, кээ бир учурда Орусия тарапка ооп бараткан кез. Эң жогорку тариф, 50% төлөмдөр Индия менен Бразилияга, 30-35% тарифтер Мексика, Канада, Туштүк Африкага киргизилген. Жапония, Түштүк Корея, Европага 15-20% тарифтер жарыяланган. Дүйнөлүк банктын эсебинде, мындай саясат дүйнөлүк экономиканы катуу термелтип ийбесе да, бардык аталган өлкөлөрдө калк керектөөчү товарлардын ар кандай деңгээлде кымбатташын шарттады. Ал тапта Конгресстин бюджет боюнча комитети жаңы тарифтик саясат АКШнын мамлекеттик карызын он жылда 3 триллион долларга азайтат деп билдирди.

Кырдаалдан пайдаланып, 2026-жылдын аягында Кытай он жылдык тыныгуудан кийин кайрадан 21 мамлекеттин башын бириктирген Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитин чогултуп, соода алакаларын кеңейте турган келишимдерге кол коюуга камданууда. Буга чейин эле Бээжин Перс булуңундагы мамлекеттер, Швейцария жана Түштүк Корея менен жаңы соода келишимдерин түзүп, Африкадан импорттолчу товарларга тарифтерди азайтты.

Азия континентинде Индиянын экономикасы кирип келген жылы Жапониядан ашып, дүйнөдөгү эң ири төртүнчү экономикага айланганы турат. АКШ, Кытайдан кийинки 3-орундагы Германия менен ортодогу айырмасы анча чоң болбойт. Трамптын каршылыгына карабастан, азыркы учурда Индия Американын өзүндө сатылган Айфондордун көпчүлүгүн өндүргөн өлкө. Дүйнөдөгү Айфондордун 20%ы Индияда жасалат. Акыркы он жылда Apple баш болгон жогорку технологиялык компаниялардын Индияда чыгарылган уюлдук телефон, лэптоп жана башка гаджеттердин саны беш эсе көбөйдү. Кытайга экономикалык көз карандылыктан чочулаган ири корпорациялардын көбү Индияда иш жүргүзүүдө. Ошентсе да, Кытай бардык электрондук буюмдарга керектелчү чиптерди, электромобилдерди өндүрүү жагынан дүйнөдө 1-орунду ээлеп, жалпы жогорку технологиялык өндүрүштүн көлөмү боюнча Америкадан кийинки 2-орунда турат.

Вьетнамда азыр коммунисттик бийлик жер, башка мүлккө укуктарды кеңейтип, орто жана чакан бизнеске жол ачып, акча, капитал жүгүртүүгө эркиндик берген үчүн экономикасы абдан ыкчам өнүгүп бараткан өлкө аталып, аяктаган жылы өсүшү 8% ашты.

Согуш, касташуудан келип чыккан жарыша куралдануу

Украинадагы согуш качан аяктаары белгисиз. Дональд Трамп бийликке келген сегиз ай ичинде сегиз жердеги куралдуу эрегишти токтотконун жар салганы менен Израил Газа тилкесинин жарымына жакынын басып алган бойдон, аймактын 78% урандыга айланды. Батышта террордук уюм деп таанылган ХАМАС уюму курал-жарактын жарымын өткөрүп бере элек. Байкоочулар Индия-Пакистан, Венесуэла, Кытай-Тайван, Судан, Конго-Руандадагы касташуулар кызарган чоктой абалда турганын эскертишет. Эл аралык коомчулук он миңдеген адамдар жапа чегип, чукул жардамга муктаж болчу ушундай кризистерди жөнгө салууга канчалык даяр?

АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык программаларына 2024-жылы 14 млрд доллардан ашык каражат бөлсө, жаңыдан аяктаган жылы ал көрсөткүч дээрлик 3-4 эсе азайып, 3 млрд доллардын тегерегине айланды. 2026-жылы Вашингтондун тышкы саясатында артыкчылыкка ээ болгон өлкөлөргө берилчү жардамдын көлөмү аныкталды. Алардын арасында чукул гуманитардык жардамга муктаж Йемен, Ооганстан, Газа жок. Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдиргендей, бул өлкөлөр кийинки жардам көрсөтүлчү тизмеге кошулушу мүмкүн. Артыкчылыкка ээ болгон алгачкы тизмеге Украина, Нигерия, Конго, Судан кирди. Бириккен Улуттар Уюму декабрь айында дүйнөдө 87 миллион адам кечиктирилгис жардамга муктаж экенин коңгуроо кагып, гуманитардык жардам үчүн чукул арада 23 млрд доллар зарыл экенин билдирди. АКШнын артынан Германия, дагы башка өнүккөн өлкөлөр Улуттар Уюмуна бөлүнчү каражатты азайтуу планын жарыялашты. Анткени алар эми курал-жаракка мурдагыдан көбурөөк каражат сарптоого аргасыз.

Орусиянын касташкан катаал саясаты, Украинада аягы көрүнбөгөн согуштун айынан ар тараптан басымга кабылган НАТОго мүчө өлкөлөр коргонуу тармагына мамлекеттик бюджеттин 2% коротуу максатына эми-эми жеткенде, аяктаган жылы жаңы максат – армияга кеткен чыгымды 3,5% жеткирүү милдети коюлду. Болжолдуу эсептер боюнча Украинадагы согушка соңку үч жылда АКШ менен Евробиримдик жылына 50 млрд доллардан сарптап келишти. Америка мындан ары акчалай жардам бөлөр-бөлбөсү белгисиз. Евробиримдикте инфляция төмөндөп, банктардын үстөк пайызы бир аз азайганы менен экономикалык өсүш али 1% тегерегинде. Европалык лидерлер каатчылыктан кыйналган элине Украинага, ага кошумча улуттук армияларга бөлүнчү кошумча каражатты кайдан аларын түшүндүрүшү керек. “Экономист” басылмасы жазгандай, мамлекеттик карыздын ички дүң өндүрүм көлөмүнө карата деңгээли Испания, Франция, Бельгия, Италияда 100% ашты. Мындай кырдаал бир катар европалык өлкөлөрдө улутчул же оңчул күчтөрдүн бийликке келишине шарт түзүшү ажеп эмес.

2026-жылы өлкөнүн ички, тышкы саясатын аныктоочу маанилүү шайлоо өнөктүгү Венгрия, Бразилия, Бангладеш, Түштүк Суданда өтөт. Болгария 1-январдан тарта улуттук акчасы левден баш тартып, европалык орток валюта еврону колдонууга өттү.

Американын өзүндө ноябрда өтө турган Конгресске шайлоодо Дональд Трамптын саясаты оор сыноого кабылат. Негизги эки партиянын ортосундагы эрегиш катуу тереңдеп, республикачыл Трамптын рейтинги азыр анча жогору эмес (42% New York Times), бирок оппозициячыл демократтардын рейтинги андан төмөн. Ошентсе да, АКШда элдин көбү экономикалык кырдаалга жараша добуш берет. Абал жакшырса, республикачылар саясий аренадагы үстөмдүгүн бекемдейт, кымбатчылык күчөп, жумушсуздук көбөйсө, демократтар Конгрессте көпчүлүк мандаттарга ээ болуп, Ак үйдүн саясатын ишке ашыруу кыйла кыйындашы мүмкүн.

Саясатка футбол, саламаттыкка арыктоо жардам берет

2026-жылы жайында коңшулаш үч өлкө - Америка, Канада, Мексика футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты уюштуруп, кожоюндук кылышат. Эбепке себеп болуп, соода тарифтеринен улам ортосу салкындап турган коңшуларды, балким, дүйнөлүк мелдеш жакындатып калар. 104 оюндун 78и Американын үч шаарында, Мексика менен Канадада 13төн мелдеш өтөт. Оюндар аяктагандан көп узабай үч өлкө соода келишимдерин кайра талкуулай турганы жарыяланган.

Жасалма интеллект кирип келген жылы жаңы деңгээлге чыгып, компьютердик инженерия, программалоо тармагындагы миңдеген иш орундары кыскарышы күтүлөт. Америкалык компаниялар былтыр 400 млрд доллар инвестиция салып, дүйнөдө 800 миллиондой киши күн сайын жасалма интеллектти колдонуп жатканы менен бул тармактын тапкан кирешеси башка технологиялык платформалардан артта калууда. Анткени ал киреше булактарын тактап аныктоо системасы калыптана элек. АКШдагы компаниялардын 10% жасалма интеллектти бизнес үчүн пайдаланып жатканын, бирок алардын 95% бул жаңылык аларга азырынча таза киреше алып келбегенин айтышкан. Ага карабастан, Amazon сыяктуу компьютердик технологияга басым жасаган компаниялар кызматкерлердин санын 30% чейин кыскартканын ырасташты. Академик изилдөөчүлөрдөн тарта алыскы айылдардагы дыйкандарга чейин ChatGPT өңдүү жасалма интеллект платформалардан ар түркүн жардам, кеп-кеңеш сурап, ишин жеңилдетүүнүн жолдорун табууда. Индияда көбүрөөк сандагы киши сүйлөгөн 22 тилде андай кеңеш, суроого жоопторду жаздыруунун үстүндө азыркы тапта миңдеген киши жасалма интеллектти жакшыртуу багытында жалданып иштеп жатканы кабарланды. Жасалма интеллект кирип келген жылы илим, билим берүү, коопсуздук, инфраструктура жана башка тармактарда чоң жылыштарга алып келери айтылганы менен, бул тармак бир ууч кишилерди байытып, абдан көп сандагы адамдарды жакырлантары да талашсыз.

Медициналык гана эмес, эл аралык маданий көрүнүшкө айланган арыктатуучу дарылар буга чейин кымбат баада, чектелүү гана өлкөдө сатылып келген. Оземпик, Вегови өңдүү диабетти жеңилдетип, ашык салмакты азайтчу дарылар, изилдөөчүлөр белгилегендей, арыкчырай, келишимдүү дене-бойлуу болууга гана жардам бербестен, жүрөк, бөйрөк, боор дарттарын жеңилдетүүгө да жардам бере турганын жаңы изилдөөлөр көргөздү. Буга чейин үчтөн экиси Америкада сатылган кымбат инъекция, же ийне менен сайылчу мындай дарылар эми таблетка түрүндө чыга баштайт. Мурда бир жумада бир колдонулса, 2026-жылдан баштап бир айда бир колдончу түрү да сунушталат. Быйыл Бразилия, Индия, Кытай, Түркияда баштапкы баасынан арзаныраак таблеткалар сатыла баштарын эске алганда, Дүйнөлүк семиздик федерациясы дүйнөдө миллиондогон кишинин өмүрү узарып, саламаттыгы жакшырат деп ишенет. Дал ушул федерация 2030-жылга карата адамзаттын жарымына жакыны ашык салмак, же семиздик, анын кесепетинен пайда болчу дарттардан жабыркайт деп эскертип келаткан. Арыктатчу дарылардын арзан түрү кеңири жайылса, саламаттык сактоо тармагында революциялык көрүнүш болот деп изилдөөчүлөр ишендирип жатышат.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Шерине

 

XS
SM
MD
LG