Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

ТИМ Иранда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады


Иран. Борбор калаа Тегеран. 2026-жылдын 7-январы.
Иран. Борбор калаа Тегеран. 2026-жылдын 7-январы.

Соңку күндөрү бир катар шаарларында нааразылык акциялары катталып жаткан Иранда бул окуялардан жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу 6-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик кыргызстандык жарандарга Иранга шашылыш жана аргасыз жумуштары болбосо азырынча барбай кое турганы туура болорун билдирди.

Ал эми Ирандын аймагында жүргөндөргө этият, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын жана сунуштарын так сактоо керектиги эскертилди.

"Министрлик кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турат жана зарыл болгон учурда жарандарды мүмкүн болгон өзгөрүүлөр жөнүндө ыкчам кабардар кылып турат. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына Тегерандагы элчиликке ыкчам түрдө кайрылуу сунушталат. Ишеним телефон номери: +989352505226, +989352505229", - деп айтылды мекеменин билдирүүсүндө.

Бир аптадан ашуун убакыттан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында Иранда 1 200дөн ашуун адам кармалган. Каза болгондордун арасында 29 демонстрант, төрт бала жана коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери бар. Нааразылык акциялары Ирандын 31 провинциясынын 27синде, жалпысынан 250дөн ашуун аймакта катталды.

Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG