Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Рождество Кыргызстандын бардык чиркөөлөрүндө майрамдалууда


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн 7-январда православдардын Рождество майрамы белгиленүүдө, өлкөдө дем алыш күн.

Өткөн түнү Ыйса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо Бишкектеги кафедралдык чиркөөдөгү диний кызматтан башталды. Бишкек жана Кыргызстан епискобу диний жөрөлгөлөрдү аткарып, өзүнүн жана Борбор Азия митрополити Викентийдин атынан куттуктоосун айтты, Рождество майрамы христиандардын күн сайынкы руханий жашоосунун реалдуулугу болушу керектигин белгиледи.

Кыргызстандык православ христиандарды бүгүнкү майрамы менен өлкө президенти Садыр Жапаров да куттуктады. Ал бүгүнкү кубанычтуу жана жарык майрам кайрымдуулук, адамдарга сүйүү менен мамиле кылуу, боорукер болуу, аруулукка ишенүү сыяктуу түбөлүктүү руханий баалуулуктарды даңазалоо экенин белгиледи.

"Кыргыз Республикасындагы православ коомчулугу өлкөдө конфессия аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Мамлекетибиздин жалпы келечеги үчүн өз ара түшүнүшүү, биримдик жана жаратмандык идеалдарын сактап келатканыңар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем", - деди Жапаров.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда православдар 7-январда Ыйса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдайт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG