Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Айтматовго уят болгондо


Чыңгыз Айтматов (ортодо).
Чыңгыз Айтматов (ортодо).

Иш столумдагы телефон тынымсыз чырылдай баштады. «Демек, «жогору жактагылар» дедим ичимде. Алар менен байланышчы ушинтип байланыштырат.

- Угуп жатам.

- Сизге «биринчи» чыгат. Азыр кошом.

Аңгыча райкомдун биринчи катчысынын үнү угулду.

- Сүйүнбай Капарович! (Эки айдан бери «овичке» көнө албай жүргөм. Окшошпойт экен). Мага келип кетчи, - деди да телефондун трубкасын коюп койду.

Салам-аликти кээде гана айтышпаса, ушинтип кыска сүйлөшчү, жогору жактагылар. Саатты карадым. Түш ооп төрт болуп калган экен. Редактор (ал кишинин орун басары болуп ишке барганмын) С.Маматаливге кирдим да, "чакырып жатат" дедим. Ал "барагой" дегендей башын ийкеди. Биринчи менен редакторубуз чатакташып жүрүшкөн.

- Так, мындай! - деди, биринчи катчыбыз Эргеш Ташматов. - Эртең 6-октябрда Чыңгыз Айтматов келет, биздин районго. Бүгүн Базар-Коргон районуна келди. Биздин №332 «Ленин Жол» шайлоо округу боюнча СССР Жогорку Советинин депутаты эмеспи. Ошондуктан алты жерде жолугушуу өткөргөнү жатабыз. Так что, алты жерде чыгып сүйлөйм, алты түрдүү текст жазышың керек. Эртең саат онго даярдап келгин да, калган сөздү ошондо сүйлөшөбүз…

1980-жылдын күзү келгени менен аба ырайы али жылуу. Айрыкча мен барган Ленин (азыркы Ноокен) районунда жылуу болот. Ошентсе да эмнегедир ичиркенип кеттим.

Райкомдун бөлүмдөрүнөн, райондук китепканадан керектүү маалыматтарды жана редакциядан машинканы алдым да мейманканадагы бөлмөмө (көчүп бара элек болчумун) келдим. «Ушундай да болобу!», - дедим ичимде. Алты түрдүү докладды бир түндө жазып чыгуу... «Өздөрү болсо бир доклад жазуу үчүн бир ай отурушат!»

Машинкага таянып, бир топко отурдум. Башталышы кыйын болду. Өзүмдү күчкө салып кирише баштадым. Ар бир сөздү, ар бир сүйлөмдү ойлонуп, машинкада так, таамай жазууга аракеттендим. Бузуп албайын, кайра көчүрүп отурбайын дегем. Анткени «биринчи» үтүр-чекитине, тазалыгына айрыкча маани берчү.

Текстти адегенде Айтматовду тааныштыруу, анын чыгармачылык ийгиликтери, депутат катары да көп иштеп жаткандыгы, ошентсе да убакыт таап, шайлоочулары менен жолугушууга келип отургандыгы, ал эми райондун эли беш жылдыкты өтө жакшы көрсөткүчтөр менен аткарышып жатышкандыгы сыяктууларды жазып, бүткөрүп жаттым. Анан алып жүрүү кезектемеси жазылган баракчаны карап, ошол жердин же ошол бригаданын көрсөткүчтөрүнөн кошуп жазып койдум. Сүйлөм түзүлүштөрү жана далилдер ар түрдүү болгону менен жогорудагыдай эле мазмунду камтыды… Таңкы саат төрттө бүттүм…

- Келдиңби?, - деди эртеси биринчи катчыбыз Эргеш Ташматов. - Кана, эмне иштерди аткардың?

Мен ирети менен көрсөтө баштадым. Эргеш Ташматович үстүртөн эле көз жүгүртүп өттү да мындай деди:

- Жүрчү, эс алуу бөлмөбүзгө кирели?.

Ал чоң кабинетинин артындагы эс алуу бөлмөсүнө жол баштады.

Эргеш Ташматович салмактуу денеси менен жумшак отургучтун бирине ныгыра отурду да экинчисин мага сунуштады…

- Мындай, иним, жазгандарыңды мейманды күтүп атканча окуп алармын. Чынын айтканда…

"Айтсамбы же айтпасамбы" деген кыяз менен мени тиктеп, бир азга токтоп калды.

- Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларын окуган эмесмин. Айрыкча акыркыларын. Мага анын чыгармалары боюнча маалымат бер?

- «Ушундай да болобу?», - дедим ичимден.

- Бардыгынанбы?

- Бардыгынан. Бирок кыска, окуясын жана каармандарын гана айт?!

Мен бир жарым сааттын ичинде Айтматовдун бардык чыгармалары боюнча кыскача маалымат берип бүттүм.

- Ошентип, Айтматов повесть жанрынан романга өттү. Кийинки айда, ноябрда анын «Кылымга тете бир күн» романы «Новый мир» журналына жарыяланат. Ал туурасында басма сөздөр жазып жатышат, - деп бүттүм. Ушуну бекер айтканыма кийин өкүнүп калбадымбы…

- Кыскасы, Сүйүнбай Капарович, мен "Чыңгыз Айтматовду кантип тосуп алам?" менен эле башым катып бүттү. Эми мындай: ал киши, сен болуп, үчөөбүз бир машинеге отурабыз. Сен алдыда, артта Чыкем экөөбүз. Чыгармачылык жөнүндө эле сөз болуп калса буза тартып, торой калып сөзгө сен аралашып кетесиң, алым-сабакты сен гана жүргүзөсүң, а мен болсо баш ийкеп гана отурам. Басканыбызда да, отурганыбызда да ошондой болосуң, сол жагымда жүрөсүң. Макулбу?...Кеттик!

Чыңгыз Айтматовду тосуп алуу.
Чыңгыз Айтматовду тосуп алуу.

Түштөн кийин райондун кире беришинде Чыңгыз Айтматовду Базар- Коргон райкомунун биринчи катчысы Үсөн Сыдыков, Ош облаткомунун төрагасынын орун басары Абдырай Каныметов (аялы менен) Айтматовдун аялы Керез жеңе жана дагы бир министрдин аялы (ал туурасында толук айтышкан жок, ошентип эле коюшту) коштоп келишти. Нан, туз менен тосуп алгандан кийин окуучулар үйлөрүнөн алып келип, соолубасын деп, арыктагы сууга салып коюшкан гүлдөрү менен куттуктап жатышты…

Фрунзе шаарында (Бишкек) окуп жүргөнүмдө анча-мынча жолугушууларда көрүп койгонум болбосо Айтматовду жакындан, бетме-бет көрүп отурганым ушул болду. Арстандын көз карашындай токтоо жана өткүр экен көздөрү, эмнегедир ошо кезде Үсөн Сыдыковдун тиктегени илбирстикине окшоп кеткен. Экөөнүн тең көздөрү көгүлтүр жашыл тартып...

Биз отурган автомашине райондун «Ленин жолу» колхозун көздөй жөнөдү. «Тапшырма» боюнча алдыда мен отурам. Рулда биринчинин айдоочусу. Эргеш Ташматов Чыңгыз Айтматовго бара турган колхоз, токтой турган бригадабыз жөнүндө акырын үн катып, маалымат берип келе жатты.

Шыйпаңдын алды гана эмес, кырманынын четинен бери мизилдете шыпырылып, суу себилген, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты Калипа Акматкулованын бригадасына келдик.

Чыңгыз Айтматов окурмандарга кол тамга коюп берүүдө.
Чыңгыз Айтматов окурмандарга кол тамга коюп берүүдө.

Кырманда кечээ терилген пахталар да тапшырылбай үйүлүп турат. "Түшүм мол болуп жатат" дешкенби? Автодүкөндөр керектүү оокаттарды жайнатып койгон. Көрүнө жердеги узун столдо Айтматовдун китептери тизилген. Ураан-чакырыктар жазылган кызыл-тазыл жарнактар илинген… Музыкант аккардеонунда Токон Эшбаевдин «Эжекеме» ырын безелентет. Колхозчулар бийлеп жатышты… Кол чаап туруп калдык.

«Биринчинин» сол тарабында турууга аракеттенем. Айтып койгон окшойт, райкомдун бюро мүчөлөрү артта турушту. Талдын түбүндөгү көлөкөгө узатасынан коюлган столго келип отургандан кийин Эргеш Ташматов мен жазып берген сөзүн баштады. Кырааты менен өтө ийкемдүү окуду. Айтматовдун чыгармаларына, ишмердүүлүгүнө бир аз токтой калып, басым жасап, кайта-кайта Айтматовго, анан элге карап койгонду да унутпай, ажарына чыгарды.

Андан кийин чыгып сүйлөгөндөр да Айтматовго көбүрөөк токтолуп жатышты. Жетине албай, көп сүйлөөгө аракеттенишет. Талдын көлөкөсү эбак ооп, күн кактай баштаган. Ошол аралыкта Айтматов мени ымдап чакырып калды.

- Мен отурган машинеде калпагым бар эле, алып келе койчу?, - деди.

Бизди ээрчип жүргөн анын машинесине барып, айдоочусунан калпакты сурасам момозуйдан тигилген ак шапканы бере салды. «Кантип эле Айтматов шапке кийсин!» дедим ичимде. Ыракмат айтып кийип алды да, кезеги келип калгандыктан сүйлөй баштады. Өзү шайланган шайлоо округунда чечилбей жаткан маселелер көп экенин, алардын айрымдары чечилип, айрымдарын тиешелүү жерлерге тапшыргандыгын айтып жатты:

- Ал эми сиздердин колхоздун негизги маселеси - суу. Шайдан-Сай каналын тез арада курушубуз керек. Ошондуктан ал туурасында буюртмалар берилди. Жакын арада башталып, кошумча жерлер да өздөштүрүлөт (кол чабуулар).

Айтматов райондогу, жалпы эле округдагы көйгөйлүү маселелерди алакандай эле кагазды карап алып, шашпай, оор-басырыктуу жана ишенимдүүлүк менен сүйлөп жатты. Арасында кол чабуулар коштолуп турду. Негедир чыгармачылыгы туурасында сөз болгон жок.

Кийин райборборду көздөй жөнөдүк.

- Бул жигит сиздерде иштейби? - деди Айтматов мени карап.

- Ооба, Чыңгыз Төрөкулович, - деди чочугандай Ташматов. - Бизде иштейт, райондук «Ленинчил» газетасынын редактору, райкомдун бюро мүчөсү, райсоветтин депутаты… Сүйүнбай Капарович деген жигитибиз.

(Каратып туруп калп айтып жатканына таң калып ыңгайсыздана түштүм).

- Жаш экен, жаштарды көтөрмөлөп жатканыңар дурус иш…

Коштоп жүргөн МАИнин машинеси жаңыдан түшкөн «Бакай» дүр-дүйнө дүкөнүнөн өтүп токтоду. Адам деген кымгуут. Сырттагы чакан аянтчадан дүкөндүн эшигине чейин килемдер төшөлгөн. Кызыл тасманы тартышып, улуттук кийим кийишкен эки кыз, алардын алдында нан, туз сунуп бир сулуу турат. «Оой тооба, мындан үч ай мурда эле Ош обкомунун биринчи катчысы Т.Х.Кошоев келип ачып кетпеди беле» деп алдым таңыркап.

Биз килемдин үстүнө келип токтодук. Эргеш Ташматович даярдалган текст менен сүйлөй баштады:

- Эми, - деди сөзүнүн аягында, - облусубуздун башка райондорунда жок, эң чоң соода түйүнүн ачуу Чыңгыз Төрөкуловичтин келишине туш келип калыптыр, кана эмесе, ачып бериңиз?

Айтматов кыска сүйлөөгө аракет кылды. Бирок, райондун интеллигенциясынан чыгармачылыгы боюнча беш-алты суроо түшүп, кармалып калды…

Ошентип, соода түйүнү ачылгандан кийин анын жанында жаңыдан эле пайдаланууга берилген «Алаш» ресторанында чай берилди…

Кочкор-Атадагы «Кыргызнефть» өндүрүштүк бирикмесиндеги жолугушуу бир топ жандуу өттү. Анткени ал жерде башка улуттун калкы, айрыкча орус улутундагылар көп болгондуктан суроолорду жамгырдай жаадырышып, Айтматовду кара терге түшүрүштү. Ал аз келгенсип, китептерин сунушуп, кол тамга алып, көпкө кармашты.

Калинин атындагы колхоздун Социалисттик Эмгектин Баатыры Малик Акчабаевдин бригадасындагы жолугушуу жандуу жана талаш-тартыш менен өткөн. Ал жерде Айтматов кечирим сурап, Ташматовдун текстин окуттурбай бардыгы оозеки, жандуу өтө баштады.

- Эми, Чыңгыз укам, - деди, көкүрөгү орден-медалга толгон согуштун жана эмгектин ардагери:

– Рахманжан колхозу, биздин колхоз, оягы Ленинград колхоздорунун эли өзүбүздөн чыккан Кочкор-Атанын газы менен камсыз болуп, очогубуз эмес, тандырыбызга чейин киргизип алган болчубуз. Жарым жылдан бери өчүрүп салды, "Ферганадагы головнойго газ керек" дешип. Ушуну да карап берсең, үкам?

Айтматов облаткомдун орун басары Абдрай Каныметовго сөз бере салды. Ал киши бул маселеден кабары жокпу, чаргытып сүйлөп, кээде өзүнүн үйүндө да газ болбой каларына чейин бежиреп кирди. Жанагы аксакал чыдай албай тура калды:

- Эй таксыр, мен сиздин үйүңүздөгү газды сурап жатканым жок. Мен менин үйүмдөгү газды да айтып атканым жок, мен элдикин айтып атам. Туура, так жооп бериңиз!

Алардын талашына «Кыргызнефть» өндүрүштүк бирикмесинин башкы директорунун орун басары Абдыкалыков аралашып, араң басты.

Күн бата баштагандыктан Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Камал Султановдун, СССР Жогорку Советинин депутаты Макбурат Абдукаимованын, пахтачылык бригадаларында жолугушуулар суроо-жооп иретинде кыска өткөрүлүп, пахта теримчилери менен сүрөткө көбүрөөк түштү. Кайсы гана бригадага барбайлы, эки күндүк терилген пахтаны кырманга тоодой кылып үйүшүп, көз боёмочулук билинип эле турду.

Ал эми колхозчулар жумушчу кийимдери менен эмес, айылга бара тургансып жасанышып, анан үстүнө пахта терген кир этектерин тагынып алышкан. Казандарда тамак-аш кайнап, майрам шарапаты өкүм сүрөт. Чыкем да өзүн эркин сезип, талаадан уучтап пахта да тере койду. Азыркыдай жансакчылар, жардамчылар дегенден ныпым жок. Райондун милиция башчысы гана бир-эки адамдары менен жүрүштү... Алар да жарандык кийимчен.

Кечки тамак менен жатар конок «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы совхоздун саябандуу мейманканасында болгондуктан ошол тарапка жөнөп калдык. Машинеде бирин-экин гана сөз болбосо көбүнчө үн катпай келатканбыз. Анан эле Эргеш Ташматов «балп» эттирип кое салбадыбы, «жаңы жазган романыңызды окуп чыктым» деп. Мен селт этип чочуп кеттим. Айтматов аны таңыркай карап калды…

- Эргеш Ташматович, "«Кылымга тете бир күн» романы «Новый мир» журналынын кийинки санына жарыяланат" деп басма сөздө айтып жатышпайбы, ошолорду окуп алсаңыз керек?, - дедим мен шашып-бушуп. Романдын атын да эскерте кеттим, "керек болуп калабы" деп.

- Ошо, ошолорду окуп… - Ташматов шашып калды. "Эртең менен бекер айткан экенмин" деп, мен да ыңгайсыз боло түштүм.

- Сыр болбосо эмнелер жөнүндө жазгансыз? - деп Ташматов болбой эле дагы сөзгө кирди.

- Ай талаа, ай талаадай адам акылынын көрөңгөсү айтылат, - деп кыскача жооп берди Айтматов.

Баары бир билип алды кыраакы адам. Унчукпады…

Күздүн берекеси менен молчулугу кечки жайылган дасторкондон ачык эле көрүнүп турду. Айтматов Абдырай Каныметов менен илгертен дос экенин билдирип, анын кылык-жоруктарын айтып, күлдүрүп олтурду.

Согуш мезгилиндеги ырлардан ырдап берди, айрыкча «Кылтылдап поезд баратканды» коңур үнгө салып жай, жакшы ырдады. Каниметов болсо Жапар Чабалдаевдин үнүнө салып, эзип жатты. Аялдар «Кызыл өрүктү» созолонтушту. Кыскасы, кечки тамак отурушу көңүлдүү, куунак өттү.

Айтматов калгандарына "эс ала бериңиздер" дегендей айтып, "ушул жаш жигит, редакторуңар калса болот" деди. Чочуп кеттим… Ал Каниметовго да уруксат берип койгон.

- Кантип эле бир бөлмөдө экөөбүз… деп алдым.

- Сыртка чыгып келбейлиби, – деди, кийимин алмаштыргандан кийин Айтматов. Ага спорт кийими өлө жарашыптыр.

Узун көчө менен түнкү жарыкта кете бердик. Айылдын чыга беришиндеги шыйпаңда пахта терүүгө жардамга келген студенттер бийлеп жатышат. Көпкө карап турдук…

- Жаштык да, - деп алды Айтматов.

Бизди бир караан акмалап жүргөнүн билип эле турдук. Көрсө ал участкалык милиция экен.

Экөөбүз жата турган бөлмөгө киргенибизде:

- Коңурук тартасыңбы?, - деп сурап алды.

- Тартам, - дедим мен.

- Менден кийин уктачы, бирөөнүн коңуругуна эч качан уктай албайм, -деди да жатууга кам урду. Эми ачык эле анын чарчагандыгы билинип турду. Мен акырын сыртка чыктым да, кароол, участкалык милиция болуп кобурашып отурдук.

- Жөнөкөй эле киши экен, - деди милиция.

- Ооба, - дедим мен.

Жөнөкөй киши ал учурда элүү эки жашта эле. Толуп турган учуру болчу, толуп турган.

Сүйүнбай КАПАРОВ

Ош облустук мугалимдердин «Билим булагы» гезитинин редактору

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG