Адабиятчы-журналист Ирмтрауд Гучке айым (Dr. Irmtraud Gutschke) - улуу кыргыз жазуучусунун чыгармаларына арналган үч эмгектин автору. “Киши жана жаратылыш Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында” деген биринчи китебин И. Гучке 26 жашында докторлук диссертациясынын негизинде жазып жарыялаган.
Он жылдан кийин 1986-жылы чыккан экинчи китеби “Гуманитардык маселелер, жомоктор, мифтер. Айтматовдун чыгармаларынын мисалында” деп аталат. Быйыл эле “Турналардын убадасы. Айтматовдун дүйнөсүнө саякат” эссе китеби немис тилинде чыкты. Ирмтрауд айым менен маегибиз анын акыркы китеби тууралуу суроодон башталды.
- Бул эссе түрүндө жазылган китеп - Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына болгон менин жеке мамилем. Китебим Германияда популярдуу болуп атат. Анда мен жазуучуну түшүнгөнгө аракет кылам жана Айтматовдун чыгармачылыгын чоң тоолорго салыштырам. Ал тоолорго эбак жол салынган. Тоолорго өзүң чыксаң, алар жан-дүйнөңдө терең из калтырат. Мен Айтматов менен болгон жолугушууларымды электен өткөрүп, чыгармалары тууралуу ой толгоп, аларды талдап отуруп, жазуучунун эмгектеринен өзүмдүн төтө жолумду издедим.
Ирмтрауд Гучкенин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кызыгуусу 1969-жылы Йенада университетте окуп жүргөндө башталат. Студент кыз мугалимдин тапшырмасы боюнча күздүн бир күнү китепканада отуруп, “Жамийла” повестин окуйт. Оюн Жамилянын образы бийлеген селки көчөгө чыкканда аны машине уруп кетет. Бирок 19 жаштагы бийкеч эч нерсе болбойт.
- Айтматовго болгон кыйбас кызыгуумду кандай түшүндүрөм? Бул балким узак аңгемедир. Өткөн кылымдын 60-жылдарынын аяк чени. Бизге студенттерге "«Жамийла» повестин орусча окугула" деген тапшырма берилди. Мен «Жамийланы» Йенада пединституттун китепканасында окуп болуп, көчөгө чыкканымда машине уруп кете жаздабадыбы?! Бул капылет окуя менин дүйнөмдү «Жамийла» арбап-бийлеп алганын көрсөттү. Мен адабияттын күчү эмнеде экенин, эмне үчүн «Жамийладай» китепти окуган соң өзүмдү башкача сезип калганымды билгим келди. Ошон үчүн Айтматовдун чыгармаларын изилдей баштадым.
Ал кезде бүгүнкү Германиянын чыгыш бөлүгү Германия Демократиялык Республикасы, кыскача ГДР деп аталчу. ГДР Советтер Союзу баш болгон «социалисттик лагерге» киргендиктен, өлкөдө белгилүү советтик жазуучулардын китептери үзбөй немис тилине которулуп, дүкөндөрдө көп сатылган. Деген менен Ирмтрауд Гучкени кыргыз совет жазуучусунун китептери эмнеси менен өзүнө тарткан?
- Айтматовдун чыгармаларын мага эмнеси менен кызыктуу? Өзүнүн поэтикасы менен. Анын керемет поэтикасын башка бир да жазуучу менен салыштырып болбойт. Бул анын улуту кыргыз экенине байланыштуу болсо керек деп ойлойм. Мени Айтматовдун чыгармаларында бүгүнкү заманды элдик мифтер менен байланыштыруусу өзгөчө кызыктырды. Менимче, мифтер, элдик түшүнүктөр жазуучунун чыгармаларынын мазмунун түшүнүүгө көмөктөшөт.
Мени, ошондой эле, Айтматовдун абдан карапайым жана эмгекчил кишилер тууралуу жазганы да кызыктырат. Айтматов өзү эмгек эмне экенин билген. Ал ушундай карапайым кишилер дүйнөнү ийиндерине көтөрүп турганын, жерге тынчтык алып келгенин көрсөтүү үчүн, аларды ушунчалык берилүү жана сүймөнчүк менен сүрөттөйт. Алар терең ойлонгон, абдан сезимтал, дүйнөнүн көйгөйлөрү тууралуу тынчсызданган адамдар. Биз да ушул адабий каармандар үчүн кыжаалат болуп, алардын таламын жактайбыз. Айтматов өз өлкөсүн эле ойлонбойт. Кээде космоско чыгып, Жерге турнабай менен абай салып карайт. Айтматов биз жашаган планетада түрдүү чатактар көп экенине карабай, Жерди чулу тирүү жан катары карайт. Биз үчүн бүгүн аябай маанилүү болгон планетардык аң-сезим тууралуу кеп салат.
Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүнө болгон кызыгуу 1977-жылы И. Гучкени жазуучунун туулган айылы Шекерге алып келет. Немис адабиятчысы “Жамийла” повестинде сүрөттөлгөн кооз табиятты көрүп, жазуучунун көркөм дүйнөсү калыптанган чөйрөнү өз көзү менен көрүп, ички дүйнөсүн түшүнгүсү келет.
“... бийиктен кулаган көбүктүү шаркыратма күпүлдөп, бирде эргиген кең талаа жайкалып, чийлердин арасында чөгүп бара жаткан күн мелтилдеп, асман менен жердин кошулган жүлүндөй жигинде жалгыз атчан күндүн артынан чапкылап, аны азыр колуна кармап алчудай жакындап барып, күн менен кошо куйкум иңирге эрип, көздөн кайым болууда”.
Ирмтрауд айымдын өжөрлүгү болбосо, чет өлкөлүктөр үчүн кара кулпу салынган Шекерди жана Талас жерин көрмөк да эмес. Шекерге келген кезде Ирмтрауд айым ГДРдеги эң көп нускалуу "Neues Deutschland" ("Жаңы Германия") гезитинин адабият бөлүмүндө эмгектенчү.
Ырас, коммунисттик германиялыктардын баары эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын Ирмтрауд Гучкедей сүйүп окуган десек жаңылабыз. Бирок жазуучу өзү ГДРдеги окурмандарын өзгөчө баалаганы маалым.
- Сиз туура айтасыз. Ал өзү мага “Германия Демократиялык Республикасында эң сүйүктүү окурмандарым бар” деп айткан. Муну сыпайыгерчилик үчүн айтылган сөз деп ойлобойм. Анын популярдуулугу чыгармалары немис тилине которулганына байланыштуу болсо керек. Мектепте жана университетте Айтматов жөнүндө сөз болчу.
Кыргызстан алыс болсо дагы Чыңгыз Айтматов алардын проблемаларын жазганын немистер сезишкен. Биз баарыбыз Советтик империяда жашаганбыз.
ГДРде да Кыргызстандагыдай жана башка советтик республикалардагыдай проблемалар болгон. Албетте, айырым бир модификацияларды албаганда, ал проблемалар да, элдин ой-мүдөөсү да, аларды тынчсызданткан көйгөйлөр да, үмүт-тилектери да окшош болчу. Ошол “социалисттик” деп аталган заманда көпчүлүк элде эркиндик көбүрөөк болсо, дүйнөнү эркин кыдырсак деп үмүт кылышкан, башка да өзгөрүүлөрдү каалашкан. Арийне, элдин үмүт-тилеги туман сыяктуу колго кармалбачудай көрүнчү. Бирок, элдин мүдөөсү кабыл болуп, Чыгыш жана Батыш Германия бириккенден кийин көп адамдар жаңы коомго иренжип, көңүлү чөктү. Дал ушундай сезим Айтматовдо да болду. Ал Михаил Горбачёв баштаган реформанын мияткери эле. Бирок Айтматов реформанын кесепетинен Советтер Союзу ыдырап калат, социалдык теңсиздик мынчалык чоң болот деп күткөн эмес. Чыңгыз Айтматов, чынында эле, өмүрүнүн акыркы жылдарында коомдогу өзгөрүүлөргө бушайман болуп, көңүлү чөгүп жүрдү.
Ирмтрауд Гучке ошондой эле Чыгыш Германиядан чыккан жазуучулар Герман Канттын, Гизела Штайнекерттин, Ева Штриттматтердин чыгармачылыгын изилдеген көлөмдүү эмгектерди жазган. Адабиятчы-журналист Батыш Германиядагы окурмандар да Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жогору баалашканын, ошондой эле мюнхендик котормочу-санаалашы калемгерди Кыргызстандын табиятына тиешелүү чыгарма жазууну сунуш эткенин айтат:
- Батыш Германияда Чыңгыз Айтматовдун котормочу-досу болгон, Фридрих Хитцер (Übersetzer Hitzer) деген. Ал мюнхендик коммунист-жазуучу. Фридрих Хитцер Чыңгыз Айтматов менен 80-жылдардын ортосунда жолугушкан. “Тоолор кулаганда” романын Фридрих Хитцер немисчеге оодарган. Мурда Айтматовдун чыгармаларын Шарлотта Кошут (Charlotte Кossuth) которуп жүргөн. Баса, “Баталга” романын Ф. Хитцер жана Ш. Кошут жарнакташып которушкан. Мен Фридрих Хитцер менен байланышта болгом, экөөбүз тез-тез телефон чалышып турчубуз. Айтматов кандай маанайда экенин ал жакшы билчү. Бир мертебе Хитцер мага: “Мен "германиялык окурмандар боз үйлөр, жылкылар, тоолор, кыргыз ландшафты тууралуу окугусу келет. Ушул немис окуучулары үчүн кызык" деп Айтматовду көндүрөм,”- деди. Мен болсо: “Сен батыш германиялык окурмандар тууралуу айтып жатасың. Биз, чыгыш германиялыктар да “Тоолор жана талаалар повестин” жакшы көрөбүз. Биз да экзотикалуу ландшаф, бизге бейтааныш жашоо жөнүндө окугубуз келет. Бирок бизди кыргыздар менен экзотика эле эмес, бир система бириктирип турат. Чыгыш жана Батыш германиялыктардын айырмасы ушунда болсо керек”, - деп айтканмын Фридрих Хитцерге. Ооба, сиз туура айтасыз: Айтматов Батыш Германияда да белгилүү болгон. Мен өзүм Мюнхенде Айтматовдун адабий кечесинде болгом. Театр толо эл Айтматовду тыңдап отурган. Батыш германиялыктар да Айтматовду жакшы көрүшкөн. Бирок азыр мурдакыдай эмес.
Ирмтрауд Гучкенин айтымында, азыр Германияда экс-советтик республикалардын адабиятына мурдагыдай кызыгуу жок. Анын негизги себеби - басмаларда орус тилдүү редакторлор жокко эсе жана которууга китептерди адабий агенттер сунуш кылат. "Мурда басмаларга акчаны ГДРдин өкмөтү төлөчү", дейт Гучке айым:
- Батыш Германия тууралуу айта албайм. ГДРде М. Шолоховдун, Ю. Трифоновдун катарындагы көптөгөн советтик жазуучулардын китептери чыккан, ал жылдары. Себеби бир нече басма советтик жазуучулардын чыгармаларын басып турган. Чет элдик адабиятты чыгарган эң чоң басма “Фольк унд вельткультур унд фортшрит” болчу. Бул басмада советтик адабият боюнча 11 редактор бар эле. Албетте, алар орус тилин мыкты билишкендиктен, советтик республикаларда чыккан жаңы китептерден кабардар болушкан. Алар СССРге тез-тез каттап да турушкан. Азыр абал “мышык ыйлагандай”. Басмада иштеген редакторлордун дээрлик баары орусча сүйлөшпөйт. Алар мурдагы Советтер Союзунда чыккан жаңы чыгармаларды адабий агенттер аркылуу алып турушат. Басмаларда мурдакыдай орус тилин билген редакторлорду кармаганга мүмкүнчүлүгү жетишсиз. Азыр рынок экономикасы өкүм сүрүүдө. Мурда ГДРде басмаларга акчаны мамлекет төлөчү. Түшүнөсүзбү?
Анткен менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары немис тилдүү Австриянын, Швейцариянын, Германиянын китеп дүкөндөрүндө жок эмес, бар.
- Ооба, ооба. Чыңгыз Айтматовдун бардык китептери сатыкта бар. Швейцариянын “Унионсферлаг” (Unionsverlag) басмасы китеп базарын немис тилиндеги китептер менен камсыз кылат. Айтматовдун китептери кээде кайра басылып да турат. Окугусу келген киши дайыма сатып алса болот. Менин соңку китебим боюнча эки иш-чара өттү. Килейген зал толтура эл чогулду. Чыңгыз Айтматовду окурмандар жакшы көрөт. Бирок алардын көбү - Айтматовду мурдатан билгендер, улгайган курактагылар. Жаш муундун Айтматовду билбеген себеби - азыр анын китептерин мектепте окутушпайт. Мага: “Сиздин Айтматов жөнүндө жазганыңыз жакшы болуптур. Анын китептери менин эсимде”, деген адамдар - жазуучунун китебин алгач мектепте окугандар. Анын үстүнө Айтматов ал кезде бизге көп келип турчу. Окурмандар менен жолугушчу, ар кандай талкуулар болор эле. Бул жолугушууларды бакубат басма уюштурчу. Азыр китеп рыногу башка. Ырас, мурдагыдан китеп көп чыгат. Кызыктуу китептер да көп. Бирок, анын баары кеңири массага багытталган чыгармалар.
Массалык нускадагы китептердин арасында Айтматов сыяктуу алп да жоголуп кетиши ыктымал. Анткени, китептер тоо-тоо болуп чыгууда.
Анын чыгармалары мына ушул тоонун ичинде да. Маселе ушунда. Түшүндүңүз го? Жалпылап айтканда, китеп базары дайыма жаңы чыгармаларды каалап турат. Бир нече жыл мурда чыккан китептерди саткан анча кызыктуу эмес.
Бүгүн Чыңгыз Айтматов Германияда мурдагыдай популярдуу эмес. Мурдагыдай дегеним - америкалык изилдөөчү Жефф Лиллинин жазганы боюнча, 1990-жылдардын башында “Бетме-бет” повести жана “Баталга” романы кирген бир томдугу дээрлик 110 миң нускада чыгып, сатылып кеткен. “Жаабарс” романы 2006-жылы немис тилинде чыгып, кийинки жылы атактуу Лейпциг китеп жарманкесинде Айтматов окурмандары менен жолуккан.
“Жаабарс” немис окурмандары тарабынан өтө жакшы кабыл алынганын “Эхо Москвы” радиосунун кабарчысы күбө болгон. Ал эми “Немис толкуну” радиосунун кабарчысы Ефим Шумандын айтымында, китеп жарманкеде окурмандар Айтматовду поп-ырчыдай кабыл алган. Кол тамга алуучулар ушунчалык көп болгондуктан, жазуучуга күйөрмандарынан эптеп бошонууга туура келген.