Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:14

Айтматовдун Түркиядагы орду өзгөчө


Түркияда чыккан китеп.

Түркиядагы Сакарья университетинин магистранты Арсланбек Кенжешовдун "Мен билген Айтматов" сынагына жиберген макаласын сунуш кылабыз.

Кыргызстандан жогорку окуу жайын 2015-жылы бүтүрөрүм менен окуумду улантуу максатында Түркияга жол тарттым. Бул өлкө мен үчүн чоочун мамлекеттей сезилген жок. Кыргызстанда окуп жүргөндө эле түрктөр менен аралашып, маданияты, тили, дини, тамак-ашы болсун, бардыгына көнүп калгам. Ошондон уламбы, Түркияда да өгөй болбой бат эле аралашып кеттим.

Окуу жайга келгенде эле кээ бир түрк туугандар Манас, Чыңгыз, Ысык-Көл, Теңир-Тоо ж.б.у.с. боюнча кызыгуусу бар экенин байкай алдым. Университетке жаңы келип мугалимдер менен таанышып, кеп козгоп, пикир алышканыбызда сөзсүз түрдө Чыңгыз Айтматовдун аты аталганы мени сүйүндүрдү, сыймыктантты. Буга окшогон таанышуу же жолугушууларда жалаң эле адабиятчы мугалимдер эмес, ар кайсы жааттагы мугалимдердин да болгону мени кызыктырды.

Күндөрдүн биринде "кыргыздарды аябай жакшы көргөн бир агай бар, ошол агай кечки тамактанууга чакырып жатат" деп калды бир досубуз. Агайдын ал чакыруусун кабыл алып, дасторконунда конок болдук. Бул таанышууда да агай менен пикир алышып отуруп, Айтматов ааламына кирип кеттик. Көрсө, ал агай Айтматовдун бардык чыгармаларын окуп чыгып, Айтматов эң сүймөнчүк жазуучулардын сап башында экенин жашырган жок.

Айтматовдун чыгармаларын окуу менен бирге Кыргызстанды, кыргыз калкы жана элдин жашоо-турмушунан баштап тоолорун, талааларын, Ысык-Көлүн, жаныбарларын, абасын, суусун, өсүмдүктөрүн, айтор бардыгын Айтматовдун чыгармалары аркылуу тааныганын айтып отурду. "Негедир мен үчүн кыргыз эли өзгөчө мааниге ээ жана жүрөгүмдө өзгөчө орду бар" деп кубанып, бизди да кубандырды.

Ооба, бул мен көргөн бир гана окуя. Мындан башка түрк туугандардан бир топ жылуу кептерди уктум, өзгөчө сый мамиле көрдүм. Бул да болсо Айтматов аркылуу, анын Түркиядагы өзгөчө орду бар болгону үчүн деп билем.

Дегеним Айтматовду мектеп окуучуларынан тартып аксакалдарына чейин билгени, баалаганы аябай сүйүндүрөт. Айта турган болсок, быйылкы жылды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялады. Бул жылдын алкагында Түркияда жыл башынан бери бир топ илимий жана маданий иш-чаралар уюштурулуп, ага жакындан күбө болуп катышуу мүмкүнчүлүгү да жаралды. Түркия бул иш-чараларды өкмөттүк деңгээлден баштап, облустук, райондук деңгээлдерде өткөрүү менен бирге кошумча ар кандай жергиликтүү маданий уюмдар, фонддор, адабий коомдор да өз деңгээлдеринде ишке ашырып келет.

Айтматовго арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү менен бирге бул иш-чарага чакырылган коноктордун, катышуучулардын бардык чыгымдарын уюштуруучулар моюнга алышат. Мисалы, Түркиянын Анкара, Стамбул, Болу, Самсун, Газиантепе, Кастамону ж.б. шаарларында Айтматовго арналган бир топ иш-чаралар өттү.

Мен да ушул жылдын 25-27-апрелинде Түркиянын Кастамону (Кастамону шаары быйылкы жылы ТҮРКСОЙдун чечими менен Түрк Дүйнөсүнүн маданий борбору аталган) шаарында "Анадолу мектеби" аттуу адабий бирикме уюштурган «Туулгандыгынын 90-жылдыгында талаалардын даанышманы Чыңгыз Айтматов» деген темада окуучулар жана студенттер арасында илимий-практикалык конференция өтүп, ал конференцияда «Ч. Айтматовдун чыгармаларында инсан-табият мамилеси» аттуу баяндама жасадым.

Бул иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси баш болуп, Айтматовдун уулу Аскар, Муратбек Бегалиев, Кожогелди Култегин, Абдылдажан Акматалиев ж.б. менен бирге «Учкун» театрынын жамааты катышып кетишти. Ошондой эле бул иш-чарага Түркиянын билим берүү министринин орун басары, жергиликтүү өкмөт башчылары, аткаминерлер, илимпоз окумуштуулар да өз салымдарын кошушту. Бул иш-чаранын негизги максаты катары өсүп келе жаткан жаштарга Айтматовду таанытуу, окутуу, философиясын түшүндүрүү жана чыгармаларын жайылтуу экенин "Анадолу мектебинин" жетекчиси белгиледи.

Мына, Түркия буга окшогон иш-чараларды бир тобун өткөрүп жана мындан кийин да өткөрөрүндө шегим жок. Себеби Айтматов бул элдин жүрөгүндө өзгөчө мааниге ээ экенин жалтанбай туруп айта алам. Дүйнө бизди Айтматов аркылуу тааныды. Буга чет жерге чыкканда өзүм күбө болдум. Айтматовду түрк эли ар дайым сыйлап, кадырлап, кайсы жерде болбосун түрк дүйнөсүнүн алп жазуучусу, ойчулу, даанышманы катары кайталап келишет. Айтматов дегенде сөзсүз түрдө кыргыз эли эске келип, кыргыз дегенде Чыңгыз эске келерин айтышат. Ооба, чындыгында ошондой.

Айтматов бул жалган дүйнөдөн акырет дүйнөгө көчүп кеткенине канча жыл болсо да биз аны чыгармалары аркылуу эч качан унутпайбыз. Убакыттын өтүшү менен дүйнөлүк адабиятта орду бар улуу жазуучу жана ойчул Айтматов менен бир улуттан, бир топурактан жана бир доордон болгонум үчүн сыймыктанып келем.

Айтматовдун ааламына кирүү менен адам өзүн тааныйт, жан дүйнөсү байыйт, жаратылышка карата көз-карашы өзгөрөт. Себеби Айтматовдун чыгармаларынын өзөгү гуманисттик, философиялык, адеп-ахлактык жана экологиялык темаларды колго алып, өзгөчө символикалык каармандар аркылуу адам баласын ойлондурууга мажбурлайт. Андыктан Айтматовду окуу менен өзүбүздү, дүйнөнү, жаратылышты тааныйлы демекчимин.

Арсланбек Кенжешов

Сакарья университетинин магистранты, Түркия

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG