Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:43

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мурдагы коммунисттик Чехословакиянын элинин дүйнө таанымына жана кыргыз эли тууралуу түшүнүктөрүнө кандай таасир эткен? Бүгүнкү Чехияда даркан жазуучунун көркөм мурасына кызыгуу барбы?

1980-жыл. Күз айларынын бири болсо керек. “Новый мир” журналына “Кылым карытар бир күн” романы жарыяланып, Чыңгыз Айтматовдун жаңы чыгармасын китепканада кезекке туруп окуганыбыз эсимде. Кийин ал “Бороондуу бекет” деген ат менен “Роман-газета” адабий журналында жүз миңдеген нуска менен чыккан. Ошондон кийин гана өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.

“Кылым карытар бир күн” романы менен мурдагы СССРде окуп жүргөн чехословакиялык Михал Лоштак (LOŠŤÁK, M) да ошол жылдары таанышкан.

- Бул, менимче, 1983-жыл болсо керек. Мен Беларус мамлекеттик университетинде философия факультетинде окучумун. Минск шаарында чет тилдердеги китеп сатылган дүкөн бар болчу. Анда Чехословакияда эл “тытып окуган” китептер да сатылчу. ГДРлик немис курбу кызымдан биринчи жолу Чыңгыз Айтматов жөнүндө уккам. Ошол дүкөнгө кокус кирсем, Айтматовдун китеби чех тилинде бар экен. Сатып алып окуй баштадым. Ал китеп “Жамиля” же “Кылым карытар бир күн” болсо керек эле. Кийин “Баталга” романын окудум. Береги үч чыгарма кийин Чехословакияда бир томдук болуп чыкты. Айтматовдун китептери биздин үйдө бар болчу.1997-жылы Шумпер шаарын суу каптаганда ал китептердин баары, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун китептери да кошо кетти.

Проф. Михал Лоштак.
Проф. Михал Лоштак.

Михал Лоштак - бүгүн Чехиянын Айыл чарба университетинин биринчи проректору, профессор. Европа өлкөлөрүндө чыкчу бир нече социологиялык журналдын редакторлор кеңешинин мүчөсү. Бир нече илимий монографиянын автору.

Илимпоз-социологдун айтымында, 1980-жылдары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мурдагы Чехословакия Социалисттик Республикасынын окурмандар чөйрөсүндө белгилүү экен.

- Чехословакияда Чыңгыз Айтматовдун китептери бар болсо керек эле. Мен өзүм Айтматовдун китептерин Минскиден сатып алгам. Үйгө алып келсем, атам да кызыгып окуган. Кийин атам менен Шумпер шаардык китепканасына Чыңгыз Айтматовдун китептерин алып окуйлу деп барганбыз. Ал эми дүкөндөрдө болгонбу же жокпу, билбейм. Себеби, менде Айтматовдун китептери бар эле. 1980-жылдардын аягында мен сүйлөшкөн адамдар Чыңгыз Айтматовду билишчү.

Профессор Лоштактын айтымында, чехословакиялык окурмандар, анын ичинде өзү да Сталин заманындагы репрессиянын кесепети кыргыздарга да тийгенин оболу “Кылым карытар бир күн” романынан окуп, кабардар болушкан.

Ч. Айтматовдун Чехословакияда чыккан "Кылым карытар бир күн" романы.
Ч. Айтматовдун Чехословакияда чыккан "Кылым карытар бир күн" романы.

- Мен үчүн Чыңгыз Айтматовдун китептери айкындуулуктун, кайра куруунун символу болду. Мен “Кылым карытар бир күн” романын айтып жатам. Биз, чехтер, ал кезде сүйлөмдүн артына катылган ойлорду таап, окуп калганбыз. “Кылым карытар бир күндө” сталинизм кыйыр түрдө сындалган. Сталинизмдин кесепети орус эместерге да тийгенин Ч. Айтматовдун китебинен билгем. Сталинизм кыргыздар менен казактарга кандай залал келтиргенин Буранный (Боранлы) станциясында (разъезд) жашаган адамдардын тагдырынан көрөбүз. Чыңгыз Айтматовдун да атасы репрессия болуп, атылып кеткенин кийин билдим. Айтматов сталинизмдин маңызын көркөм сюжеттер аркылуу абдан чоң чеберчилик менен айтып берет.

Ч. Айтматовго Чехословакияда болгон чоң кызыгуунун дагы бир себеби - ал учурда кайра куруунун желаргысы жете элек болчу. СССР 1930-1950-жылдары баштан кечирген саясий жараяндар тууралуу бизде айтылчу эмес. Эл да ал жараяндардан кабарсыз эле. Чыңгыз Айтматов ал окуялар жөнүндө ачык болбосо да, “саптардын артында” жазып жатпайбы?! Мисалы, башына тери шири кийгизип, акыл-эсинен ажыратылган маңкурт жөнүндөгү легенданын символикалык мааниси өтө күчтүү.

Өз тегин унутуп, маңкурт кейпин кийген адам коом үчүн кандай коркунучтуу экенин Чыңгыз Айтматов Жоламандын образы аркылуу көрсөтөт. Чехиялык илимпоз-социолог "бүгүн идеологиялык буйрутманы аткарган масс-медиа да адамдарды маңкуртка айландырып жатат" деген ойдо.

Чехословакиянын "Osveta" (SK) басмасында 1963-жылы чыккан Ч. Айтматовдун "Менин биринчи сүйүүм" деген китеби.
Чехословакиянын "Osveta" (SK) басмасында 1963-жылы чыккан Ч. Айтматовдун "Менин биринчи сүйүүм" деген китеби.

- Айтматов жазгандай, режим, система адамды маңкуртка айлантканда, ал өз насилин унутат. Киши өз уңгусун унуткан соң баарына, атүгүл киши өлтүргөнгө да даяр болот. Сиз Хана Аренддин гестапо офицери Адольф Эйхманга байланыштуу китебин окусаңыз керек. Хана Аренд ал китепте “кадыресе жамандык” жөнүндө жазат эмеспи. Эйхман жөөттөрдү эч ойлонбостон кырган. Анын арты эмне болорун ойлонгон эмес. Маңкуртка айланган Жоламан де эч ойлонбостон Найман энени өлтүрөт. Ушундай өз уңгусун унуткан адамдын коркунучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” китебинин өзөгүн түзөт да. Мен үчүн “Кылым карытар бир күн” - тегин унуткан адам, коом, өлкө, адамзат эмне болорун чагылдырган символ. Ырас, Айтматов ал романда "коом" деп жазбайт.

Маңкурттун окуясы балким Чыңгызхандын доорунда же андан мурда болгондур. Бирок, Ч. Айтматов жазган маңкурттар бүгүн да пайда болушу мүмкүн. Азыр “brain washing” деген бар го. “Вrain washing” маңкуртттарды жаратат да. Бүгүн массалык маалымат каражаттары бизди маңкурт кылып жатат. Чыңгыз Айтматов ошол кезде эле биз бүгүн кайда турарыбызды көрө билген деп ойлойм.

Биз ошон үчүн өткөн тарыхты, ата-бабаларыбыз басып өткөн жолду унутпашыбыз керек. Эгер өткөндү унутуп салсак - бүттү. Кыямат кайым болот.

Ч. Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести.
Ч. Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести.

1980-жылдардын экинчи жарымында, мурдагы СССРде кайра куруу, айкындык жараяны башталганда, Чыңгыз Айтматов, Валентин Распутин, Григорий Бакланов сыяктуу жазуучулар коомдун мүшкүлдөрүн көрсөтүп, калайык-калктын көзүн ачууда чоң роль ойногон. Ал эми коммунисттик Чехословакияда Чыңгыз Айтматовдой коомдогу өтө опурталдуу маселелерди батыл айткан жазуучулар бар беле? Профессор Михал Лоштак бул тууралуу мындай дейт:

- Күчтүү жазуучулар бар болчу. Бирок алар маселеге такыр башкача мамиле кылышкан. СССРде айкындык бар эле. Мен 1987-жылы университетти бүтүп, Чехословакияга кайтып келсем, эч кандай айкындык жок экен. Мен “сталинизм марксисттик диалектика боюнча кул ээлөөчү коомду курган” десем, Айыл чарба университетинде марксизм-ленинизмден сабак берген бир мугалим аял: “Сиз кантип социалисттик системаны "кул ээлөөчүлүк система" деп айтып жатасыз?” деп опурулбадыбы! “Бул коммунизмдин биринчи фазасы. Сиз алдагы келжирек сөздү кайдан алдыңыз?” - деди ал. “Муну биз Минскиде университетте “Илимий коммунизм” сабагында окуганбыз” десем, ал мугалим: “Советтер Союзунда ар нерсени дөөдүрөй беришет да”, - деген. СССРде эл гезит-журнал сатып алыш үчүн күркөлөрдө кезек күтчү. Китепке да кезек болор эле. 1980-жылдардын экинчи жарымында Советтер Союзунда интеллектуалдык мейкиндик бар эле. СССР Чехословакияга караганда ачык болчу.

Проф. Лоштактын айтымында, Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” романында Казангапты акыркы сапарга узатуу сюжетинде муундар арасындагы ажырымды, Борбор Азия элдеринин өз салттарын аткаруудагы көйгөйлөрүн европалыктарга ачып берген.

Почта маркасы. 2009-жыл.
Почта маркасы. 2009-жыл.

- Мен Чыңгыз Айтматовду кыргыз совет жазуучусу деп кабыл алгам. Казангаптын сөөгүн Боранлы станациясынан Ана-Бейит көрүстөнүнө алып бараткан учур көз алдыман кетпейт. Ошондо көрүстөнгө аларды киргизбейт, асманга ракета учурулат эмеспи. Мен бул союжеттен муундар ортосундагы ажырымды; салтты бекем туткан улуу курактагылар менен ата-бабалары аздектеп күткөн салтты жөн эле унутуп салгысы келген жаштардын ортосундагы жараканы көрдүм. Себеби, жаштар "советтик адам" болуп калган. Айтматов бул окуя менен бир жагынан советтик адамдардын тагдырын, экинчи жактан “биз кыргызбыз” деп, кыргыздардын көйгөйүн көрсөтөт. Ал “Жамиля” повестинде "биз жазмыштын буйругу менен СССРдин курамына кирип калганбыз, бирок өзүбүздүн салт-санаабыз бар элбиз; СССРдин бир бөлүгү болбосок, Экинчи Дүйнөлүк согуш бизди жандап өтүшү мүмкүн эле" деген ойду берет. Чыңгыз Айтматов өкмөттүк басмалардан чыккан китептеринде мурда айтууга тыюу салынган нерселерди айтып берди; анын чыгармалары аркылуу мен Орто Азия жөнүндө маалымат алдым. Орто Азия мен Минскиде университетте окуп жүргөндө көргөн СССР эмес экенин түшүндүм.

Чехияда бүгүн деле Ч. Айтматовдун чыгармаларына кызыгуу өчө элек. Мисалы, 2014-жылы эле Брно шаарындагы Т. Масарик атындагы университеттин филология факультетинин бүтүрүүчүсү Барбара Ноданова “Мифтер, легендалар жана фантастика Чыңгыз Айтматовдун көркөм системасында” деген темада дипломдук иш жазган.

Айтматовдун чыгармалары, чех эли алган таасирлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:18 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG