Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Сталин: Өз өлүмүн тездеткен диктатор


Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана четте Николай Ежов. 22.4.1937.
Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана четте Николай Ежов. 22.4.1937.

Мындан 65 жыл мурда Советтер Биримдигинин диктатору Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткан. Азыр да анын өлүмү тууралуу ар кыл жоромолдор айтылып келет.

Капысынан келген өлүм күүгүмү

Маскөө... Кунцеводогу Жакынкы дача (“Ближняя дача”)...

1953-жылы 28-февралда кечинде Сталиндин дачасында башталган кече таң куланөөк тарта баштаганга (таңкы 04:00—05:00терге чейин) чейин созулган. Сталин кызыл шараптан көбүрөөк ичип койгон (Никита Хрущевдин эскерүүсү).

"Сталиндин өлүмү" (Death of Stalin) көркөм тасмасынын көрнөгү. 2017.
"Сталиндин өлүмү" (Death of Stalin) көркөм тасмасынын көрнөгү. 2017.

1-мартта күн кыйла көтөрүлгөнгө чейин Сталиндин бөлмөсүндө эч кандай кыймыл байкалган эмес. Саясий бюронун мүчөлөрү ошол күнү кечки саат 23:00төргө карата гана анын бөлмөсүнүн каалгасын талкалап кирүүгө уруксат берүүгө батынышат.

Ошондо гана жан сакчылардын бири чакан ашканага башпагып, мында СССРдин жетекчиси Иосиф Сталин тил-ооздон калып кулап жатканын көрөт.

(Volkogonov D. Stalin triuhph and tragedy. California: Prima Publishing. 1992).

2-мартта эртең менен бул дачага дарыгерлер келип, жолбашчынын денесинин оң тарабы шал болуп калганын тастыкташат. Жолбашчыны дарылоо аракеттери текке кетет. Маалыматка караганда, сүлүк куртун да колдонуп көрүшөт.

5-мартта саат 21ден 50 мүнөт өткөндө Сталин дүйнөдөн кайтат. Медициналык бүтүмгө караганда, анын мээсине кан куюлган экен.

Владимир Хачински сыяктуу адистердин оюнча, Сталинди ишемиялык инсульттун бир нече түрү азап чектиргендиктен, ал психикалык жактан да жабыр тарта баштаган экен.

Диктатор атайылап өлтүрүлгөнбү?

Дүйнөдөгү эң кубаттуу тоталитардык мамлекеттин башчысынын тез жардам ала албай, бир нече күн ичинде көз жумушунун себептери тууралуу миңдеген жоромолдор жарыяланды.

Алардын айрымдарында антикапиталисттик, антиимпериалисттик, антимасондук, антисемиттик, антигрузинчил жана башка “антилер” камтылса, башкаларында эптеп Сталинди “о дүйнөгө аттандырып, анын ордуна бийликке келүү үчүн тегерегиндегилер эле арамзалык кылган” деген жоромолдор камтылган.

Мында, сөз, албетте, Никита Хрущев тууралуу жүрбөй коюшу мүмкүн эмес. И.И.Чигирин сыяктуу калемгерлер Сталиндин өлүмүн дал ушул саясатчыдан көрүшөт.

(И.И.Чигирин. Сталин. Болезни и смерть. Документы. — М.: ИД «Достоинство», 2016. — 560 с.)

Айрым изилдөөчүлөр ал кезде Хрущевге караганда алда канча кубаттуу бийликке ээ болгон Лаврентий Берияны күнөөлөп келишет. Дагы бирлери — АКШнын Борбордук Чалгын Кызматынын Сталинди өлтүрүү боюнча сунушун СССР Министрлер Кеңешинин төрагасынын 1-орун басары, маршал Николай Булганин аткарган деп келет.

Сталиндин өлүмүнүн негизги күнөөкөрү тууралуу дагы далай жоромолдор айтылаары ыктымалдан алыс эмес. Айрым “шамандар” бир кезде, 1941-жылы июнда, эмир Темирдин сөөгүн кайра казып алууга археологдорго мүмкүндүк жараткандыгы үчүн бул эмирдин руху деле Сталинден өч алышы ыктымал деп жазып чыгышса, албетте, кагаз жана интернет түтө берет эмеспи.

Кандай болсо да, Сталин чын эле тил-оозсуз жатабы, же дагы бир айла-амал кылып жатабы деп чочулап, өздөрүнөн өзү коркуп, ага чукул арада тиешелүү дарыгерлик жардамды уюштурбай койгон анын шакирттери, бери дегенде, кыйыр түрдө болсо да анын өлүмү үчүн күнөөлүү деген пикирде да негиз бар.

Диктаторго тез жардамды дал өзү гана кечиктире алат

Өлкөдө пролетариат диктатурасынын жана пролетардык болшевиктер партиясынын үстөмдүгү орноду деп, иш жүзүндө өзүнүн жеке керт башына сыйынган бюрократтык залим аппараттын бийлигин орнотууга жетишкен инсан үчүн эң башкы коркунуч — анын өзү болушу да ажеп эмес.

Михаил Калинин. 14.6.1924.
Михаил Калинин. 14.6.1924.

Сталин 1920—30-жылдары өзүнүн көптөгөн үзөңгүлөштөрүн ГУЛагга айдады же атууга кестирди. Айрымдары өздөрүнүн жубайларын жана башка жакындарын да сталиндик абактан бошотууга жарамсыз болушкан. Маселен, “бүткүл союздук староста”, СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Төрагасы (парламент спикери) Михаил Калинин (1875—1946) Улуу Ата мекендик согуш аяктаган 1945-жылы гана 1938-жылдан бери абакта жана лагерде кармалган аялы Екатерина Калинина-Лорбергди (1882—1960) бошотууга Иосиф Сталинди макулдаткан.

Сталиндин өмүрүнүн соңку жылдарында, өзгөчө 1948-жылдан тартып күч алган “космополитизмге каршы” күрөш урааны менен жүргүзүлгөн антисемиттик саясаттын айынан бир катар чыгаан ишмерлер, алардын ичинде илимпоз дарыгерлер куугунтукталган. 1952-жылы советтик 13 жөөт ишмери атууга кеткен.

1953-жылы январда М.С.Вовси, Б.Б.Коган, А.И.Фельдман, А.М.Гринштейн, Я.Г.Этингер сыяктуу терррорчу топтун өкүлдөрү “Жойнт” деп аталган эл аралык жөөттүк буржуазиялык-улутчул уюм менен байланышып алышкан; ал эми АКШнын Борбордук Чалгын Кызматы негиздеген бул уюм “тек-жаатсыз космополитизм” саясатын жүргүзгөн делген кремлдик расмий кабар жарыяланган.

Бул өнөктүк 1953-жылы мартта Сталиндин өлүмүнөн соң токтотулуп, камакка алынган дарыгерлер 3-апрелде кайра боштондукка чыгарылып, акталып, кызматтарына кайра кайтып келишкен.

Балким, дал ушундай баары-жоктун баарынан шектенүү күчөгөн маалда дарыгерлер түгүл, Сталиндин өз жөкөрлөрү деле аны айыктыруу усулдарын тез арада тандоонун жоопкерчилигин өз мойнуна алуудан айбыгышкандыр?

Бул жазгануучулук кырдаалы диктатор Иосиф Сталиндин өзү тарабынан акырындап Кремлде калыптандырылган саясий түзүлүштүн туундусу экенин эске алсак, анда, албетте, өз өлүмүнүн эң биринчи кезектеги күнөөкөрү — Сталиндин өзү экенин көрүү кыйын эмес.

Сталиндин “мурасы”

Иосиф Сталин өлгөн соң, аны социалисттик лагерде түгүл, Батышта да көкөлөтүп эскергендер болгон: маркумдун дарегине “ал буурсун менен жер айдаган Орусияны өзөктүк куралдуу мамлекетке айландырды”, деген сыяктуу жылуу баалар да айтылган (The Manchester Guardian. 06.3.1953.).

Бирок анын негизги мурасы — социализм ураанына жамынып алып, жеке жана топтук башкаруудагы диктатуралык түзүлүштү таңуулоочулук – азыр да дүйнөнүн айрым аймактарында сакталып келет. Аты жакшы, заты — зулумдук болгон мындай режимдин өзгөчө ырайымсыз түрлөрү Кытайда маочул “маданий ыңкылап” учурунда, Кампучияда “кызыл кхмерлердин” террору маалында өкүм сүргөн.

Азыркы тапта сталинизм Түндүк Корея Демократиялык Республикасында “чучхе” идеясы шекилинде улантылууда («чучхе» сөзү “киши — өзүнүн да, өзүнүн айлана-чөйрөсүнүн да чыныгы кожоюну” деген маанини туюнтат). 1997-жылдын 8-июлунан тартып Түндүк Кореяда “чучхе жыл санагы” кабыл алынган. Ким Ир Сен туулган 1912-жыл бул жыл санактын алгачкы жылы болуп эсептелет.

Ким Чен Ирге арналган көргөзмө. Пхеньян. 14.12.2012.
Ким Чен Ирге арналган көргөзмө. Пхеньян. 14.12.2012.

Анын уулу Ким Чен Ир 2011-жылы 17-декабрда каза болуп, бирок анын өлүмү тууралуу эки күндөн кийин гана расмий жарыяланган. Ким Чен Ирди кошокко дурустап кошпой, чын дилинен ыйлабай койгон түндүк кореялыктарды бийликтер жазалап, ал түгүл “эмгек лагерлерине” — абактарга айдашкандыгы да маалым.

Кыргызстанда... мурда

Иосиф Сталиндин маалында Кыргызстанда жалкоо эмес кишилердин дээрлик бардыгы Сталинди мактаганы белгилүү. Ал түгүл сталиндик ГУЛагда кыйла жылдар азап чегип, ден соолугунан жана кесиптик өйдөлөө мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган нечен инсандар деле негедир Сталиндин сүрөтүн аздектешчү.

Акын Мидин Алыбаев Теңир-Тоо тууралуу даңазалуу ырында:

“Өсө бер, өркүндөй бер, таалайың бар,

Сталин көркүн ачкан кең Тияншан!» -

(https://kmborboru.wordpress.com/2016/04/21/мидин-алыбаев/)

деп шаңдуу ыр чыгарган.

Ал эми 1952-жылы орусча жарык көргөн “Гезитчи Дзюйо” (башка аталышы — “Дзюйо деген бала”) аттуу аңгемесинде Чыңгыз Айтматов да Сталинди даңазалаган (сталиндик режим жаш жазуучунун атасын 1938-жылы жазыксыз жерден мерт кылганы ал кезде ага белгисиз болсо да, бул кезең - “эл душманынын уулу” катары каралоо анын өзүн такымдап жүргөн азаптуу учур болчу):

«— Муну кара! Бышыгын!— деп кимдир бирөө Дзюйону ийнинен таптады. Жанында жумушчу кийимчен көз айнекчен кары адам турду.

— Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес. Капа болбо,— деди ал, — америкалыктарды кууп чыксак, өзүбүздүн жерге өзүбүз ээ болобуз. А сен окуйсуңбу?

— Жок. Менин апам жумушсуз. Атам менен агам согуштан курман болушкан,— деп жооп берди Дзюйо. Анын көзүнөн жаш сызылып чыгып, жүзүнө акты.

— Ыйлаба, кой!— деп сооротту көз айнекчен адам. — Шүмшүк гана америкалыктар. Биз жеңебиз. Ыйлаба! Жумуш да, окуу да болот. Андан соң Дзюйону өзүнө тартып, кызуулана айтты:

— Бизге бакыт алып келүүчү Сталин, анын эли бар!.. Колду сен деле чогултсаң болот...

Көз айнекчен адам сөзүн бүтүүгө үлгүрбей калды. Адамдардын көчкүсү кичинекей Дзюйону агызып кетип, экөө бөлүнүп калышты. Көпчүлүктүн арасында кысылып, тумчукса да элдин шарында баратканы ага кандай жакшы, кандай кубанычтуу.

— Сталин! Сталин!..— деп кайталады Дзюйо — Көрсө мен деле кол чогултсам болот турбайбы. Биз баарыбыз согушту каалабайбыз!.. Көз айнекчен кандай жакшы киши! Адамдар чогуу жүрүшкөндө кандай күчтүү!» <...>

(http://kmb3.kloop.asia/2011/08/09/chy-gyz-ajtmatov-gezitchi-dzyujo/)

Кыргызстанда... азыркы тапта

Кыргызстан өзүнүн эгемендик заманын сталиндик залим доордун пардасын сыйыруу менен баштаган десек жаңылышпаспыз.

1991-жылы 30-августта Бишкектин жанындагы Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү тоо этегинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин (алардын арасында Чыңгыздын атасы Төрөкул Айтматовдун) сөөгү кайрадан арууланып, салтанаттуу түрдө жерге берилди. Бул ыйык жай Төрөкулдун уулу Чыңгыздын сунушу менен “Ата Бейит” аталып калды.

Сталинизм курмандыктарын эскерген эл аралык илимий жыйындын катышуучулары "Ата Бейитте". 08.11.2017.
Сталинизм курмандыктарын эскерген эл аралык илимий жыйындын катышуучулары "Ата Бейитте". 08.11.2017.

Бул орток көрүстөн жай — сталинизмди жосунсуз режим катары түбөлүктүү айыптаган коомдук өкүмдүн “мөөрү” да болуп калды.

Эртеси, 1991-жылдын 31-августунда, жумурияттын Жогорку Кеңеши Кыргызстанды СССРден көз каранды эмес мамлекет деп жарыялады. Кийинки айда өлкөдө бир партиялуу жексур режим биротоло ойрон болду.

Ошого карабастан, күнү бүгүн деле Кыргызстанда Иосиф Сталиндин айкелин тургузууну көксөгөндөр жок эмес. Айрым кыргыз ардагерлер пост-советтик доордо Сталинди айрыкча даңазалаган чыгармалар да жаратышты.

Бирок мурдагы коммунисттик цензуранын мамлекеттик үстөмдүкчүл идеологиялык машина катары ойрон болгондугу, айкындуулук, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, интернет аркылуу кеңири маалыматтардын ээн-эркин таркатылып жатышы — азыркы кыргыз коомун сталинизмге кайра чидерлентпей турган чоң секириктер болуп саналат.

Эски сталиниана тоталитардык түзүлүштү улам жаңы, таасын маалымат аркылуу ашкерелеген анти-сталиниананын доошун эми эч баса албай калды.

Жогоруда сөзгө алынган бабабыз Чыңгыз Айтматовдун өзү 1953-жылдан кийин жаралган көркөм жана публицистикалык чыгармалары аркылуу советтик маңкуртчулукка жана сталинизмге каршы руханий сокку урган кубаттуу агымды жаратып, тоталитардык түзүлүштөн демократиялык түзүлүшкө, советтик курулай автономиядан чыныгы эгемен мамлекетти түптөөгө жекече салымын кошкон залкар коомдук ишмер болду.

Акыркы сабак

...Мындан 65 жыл мурда диктатор өтө таң калычтуу кырдаалда дүйнөдөн кайткан. Эми ал жагдайга улам кайра кайрылып, териштирип отурбайлык. Жогорудагы далаалат жетиштүү.

2010-жылы 7-апрелде элдик ыңкылап маалында набыт кеткендерди эскерүү. 07.4.2011.
2010-жылы 7-апрелде элдик ыңкылап маалында набыт кеткендерди эскерүү. 07.4.2011.

Тек гана ал доордон калган акыркы сабакты эскерте кетсем: ар тараптуу билимдүү, маалымдуу жана өз укугу үчүн күрөшө билген атуулдук коом жаралса, анда коомдо эч бир диктатор үчүн орун табылбай калат.

Эгерде коом демократиялык мыйзамдуулук үчүн күрөшө билбесе жана кайдыгер кала берсе, анда “демократмын” деп өз көкүрөгүн койгулаган пенде да өлкөдө өз авторитардык режимин — “чакан сталинизмди” — убактылуу түптөп алышы ажеп эмес. Бирок, — 2005- жана 2010-жылкы окуялар айгинелегендей, — убактылуу гана мезгилге...

XS
SM
MD
LG