Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Түндүк Кореяда Ким Чен Ирди эскерип жатышат


Ким Чен Ирге арналган көргөзмө. Пхеньян, 14-декабрь, 2012-жыл.
Ким Чен Ирге арналган көргөзмө. Пхеньян, 14-декабрь, 2012-жыл.
Өлкөнүн мурдагы жолбашчысы каза тапканынын бир жылдыгын утурлай Пхеньянда бүгүн аны эскерүү жөрөлгөсүнүн башында азыркы лидер Ким Чен Ун, саясий жана аскерий жетекчиликтин өкүлдөрү болушту. Эскерүү жөрөлгөсү өткөн спорт ордосунун сыртындагы көчөлөрдө аскерлер каз-катар тизилип турду.

Ким Чен Ир былтыр 17-декабрда каза тапкан. Бул датанын бир жылдыгын утурлай Түндүк Корея бийлиги Орбитага узак аралыкка мерчемделген ракета учуруусун атасынан кийин бийликти алган Ким Чен Ун өлкөнү ийгиликтүү башкарып жатканынын далили катары мүнөздөштү.

Эл аралык коомчулук Пхеньяндын ракета учуруусун айыптап, бул БУУнун резолюцияларын бузгандык экенин эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG