Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгонун мамлекеттик УзА агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, беш пункттан турган жарлыктын негизинде жазуучуну эскерүү иш-чаралары өлкө аймагында белгилениши керек.

Илимий, маданий жана адабий иштер өткөрүлүп, телерадиоканалдарда Айтматовго арналган берүүлөр жыл бою такай даярдалып турат. Жазуучу тууралуу эскерүү китеби жазылып, даректүү фильм тартылат. Мындан тышкары, Ташкент шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине жана Паркент районундагы №33 мектепке Айтматовдун наамы берилип, эстелиги коюлат.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө кыргыз жана өзбек элинин ымаласын бекемдөө максатын көздөй турганы айтылды.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Кыргызстандын Талас облусунда туулуп, 2008-жылы көз жумган. Анын роман, повесттери бир канча тилдерге которулган. (SE)

XS
SM
MD
LG