Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Франкфурт: цензурага баш ийбеген жармаңке


Бир басма үйүнүн өкүлү Майндагы Франкфурт шаарында ачылган 61-эл аралык китеп жармаңкесиндеги көргөзмөлөрдүн биринде текчелерге китептерди тизүүдө. Германия. 2009-жылдын 13-октябры.
Бир басма үйүнүн өкүлү Майндагы Франкфурт шаарында ачылган 61-эл аралык китеп жармаңкесиндеги көргөзмөлөрдүн биринде текчелерге китептерди тизүүдө. Германия. 2009-жылдын 13-октябры.

Германиянын Франкфурт шаарында салттык ири китеп жармаңкеси өз ишин улантууда. Быйылкы жармаңкеге Кытайдан жазуучу жана өнөрпоздордун ири тобу келди. Расмий Бээжин бул жармаңкеге өзү бекиткен гана чыгармаларды сунуштоо менен чектелгиси келсе да, жармаңкенин уюштуруучулары мында кайчы пикирлер камтылган китептер да эч тоскоолсуз көргөзмөгө коюлаарын алдын-ала эскерткен.

Октябрдын (тогуздун айынын) 18инде, жекшембиде соңуна чыга турган бул дүйнөдөгү эң ири китеп жармаңкесине, жүз миңдеген карапайым көрүүчүлөрдү айтпаганда, жер жүзүнүн булуң-бурчунан жети миңдей көргөзмө уюштуруучу жана катышуучу келди. Чынында да, азыркы дүйнөнүн жазма маданиятына сүңгүү үчүн Франкфурт китеп жармаңкеси чоң огожо десек болот.

Быйыл жармаңкеге алынып келинген 400 миңдей аталыштагы китептердин ичинен дээрлик 125 миңдейи жаңыдан гана жарыяланган чыгармалар катары сунушталды.

Жармаңкени уюштуруучулар (Германиянын басма үйлөр жамаатынын өкүлдөрү) быйылкы көргөзмөгө сый конок катары Кытайдан ири топ келип катышып жатканын ийгилик катары белгилешүүдө.

Синхуа кабар агенттиги да муну тастыктап, Кытайдан немис жергесиндеги жармаңкеге 600 өнөрпоз, 100 акын-жазуучу жана 700дөй ар кыл басма жана соода-сатык мекемелеринин өкүлдөрү келгенин билдирди.

Герман канцлери Ангела Меркел Франкфурт китеп жармаңкесинин ачылыш аземинде. 2009-жылдын 13-октябры.


13-октябрда жармаңкенин ачылыш аземинде сүйлөп жатып, Германиянын канцлери Ангела Меркел (Angela Merkel) айым расмий Бээжин жолдогон өкүлчүлүктөн тышкары да сырт жактан келген кайчы пикирдеги кытайлык жана башка коомчулук өкүлдөрүнүн чыгармаларына Франкфурт жармаңкесинин эшиги ар дайым ачык экенин мындайча тастыктап айтты:


- Кытай Франкфурт китеп жармаңкесинин сахнасына тең салмакталган, мактаган жана сынга алган ар кыл пикирлер бул жерде угулушу мүмкүндүгүнөн жана угулууга тийиш экенинен даана кабардар болуп туруп келди. Жармаңкедеги талкуулар учурунда эч кандай тыйуу салуулар болбойт жана, менин ишенимимде, эч болбоого тийиш.


Германиянын Deutsche Welle (“Немис толкуну”) үналгысынын кабардашынча, чынында да бозгунчулукта жашаган кытайлык диссиденттердин чыгармалары да бул жармаңкеге катыштырылууда.

Өткөн айда бул жармаңкеге арналган симпозиумдардын бирине чакырылган кытай акыны Бей Лиң маалымат жыйынында сүйлөп, Кытайда расмий Бээжин көрсөткөн нукка баш ийбегендердин да доошу бар экенин, бирок бул доош азырынча көмүскө жайлардан гана чыгып жатканын айткан.

Быйылкы жармаңке китеп дүйнөсү санариптик (дигиталдык) сереге көтөрүлүп жатканын дагы бир жолу айгинеледи.

Азыр жалаң уюлдук телефондор аркылуу таркала турган романдар жана көркөм тасмалар жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүүдө. Кытайдын өзүндө эле 400 миңдей китеп электрондук түрдө сунушталууда.

Ал эми Франкфурттагы жармаңкенин тарыхына кылчайсак, быйыл ал 61-ирет өткөрүлүүдө, бирок анын тамыры өтө терең. Мындагы алгачкы китеп жармаңкеси мындан беш жүздөн ашык жылдай илгери, айтылуу Йоганн Гутенберг (Johannes Gutenberg) Европада китеп басмасын ойлоп тапкандан көп узабай уюштурулган экен.

(Дегиңкиси, китеп басма өндүрүшүнүн алгачкы аракеттери орто кылымдардагы Кытайга барып такалат. Жыгач калыптын жардамы менен кол жазма тексттерди көчүрүп көбөйтүү аракети мында б. з. 6-кылымында эле орун алганы чыгыш жазма булактарында эскерилет. Ал эми онунчу кылымда ксилографиялык, б.а. жыгач тактага оюп көчүрүлгөн бутпарастык жана башка тексттери бар кагаз китептер Ыраакы Чыгышта кеңири жайылган).

Кыргыздын далай чыгаан жазуучуларынын китептери да Франкфурттагы бул жармаңкеге катыштырылып келди.

Бир нече жыл эле мурда (2003-жылы) бул жармаңкеге кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзү ардактуу конок болуп чакырылган жана нечендеген европалыктар анын кол тамгасын алуу үчүн кезекте турган. Былтыр (2008) эле Чыңгыздын чыгармалар жыйнагы бул кадыр-барктуу жармаңкедеги китеп текчелеринде сунушталып турду.
XS
SM
MD
LG