Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

“ОКУЙЛУ КЫРГЫЗ КИТЕБИН”


Бүгүн Улуттук китепканада саат 9да Кыргызстандын китепканаларынын I Форуму ачылат. Форумдун алкагында “Окуйлу кыргыз китебин” китеп көргөзмөсү жана Улуттук китепканадагы немис окуу залынын 10 жылдыгы өтөт.

Кыргызстандын китепканаларынын Форумунун соңку 30 жыл аралыгында өтүп жатканы ушул. Форумга айылдык китепкана өкүлдөрүнөн тартып республикалык китепканалардын жетекчилерине чейин катышмакчы. Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашеванын айтымында, Форумду өткөрүүнүн башкы максаты - республиканын китепканаларындагы бир канча маселелерди чечүүдө турат:

-Республиканын китепкана кызматкерлери менен чогуу – китепканаларды иштетүүнүн жаңы жолдору, кадрлар маселеси, алардын социалдык абалын жакшыртуу проблемалары каралмакчы.

Форумдун алкагында “Окуйлу кыргыз китебин” аттуу китеп жарманкеси да өтөт. Мисалы республикада 19 миллион китеп болгон болсо, анын 18,5 пайызы гана кыргыз тилиндеги китептер. Ал эми Улуттук китепканадагы 6 млн китептин 6 пайызын гана кыргыз тилиндеги китептер түзөт. Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун пикиринде, мындай көрүнүш улуттун келечеги үчүн коркунучтуу:

-Мамлекет китеп процессине кам көрбөй койгондуктан, китеп чыгаруунун толгон-токой проблемаларынын баары жазуучулардын гана проблемасындай мааниге ээ болуп калды. Кыргыз китептери аз санда чыгып, элибиз китеп окубай да калды. Элибиз окумал калктан түркөй калкка айланганы турат. Бул – келечек үчүн коркунучтуу.

Кыргызстандын китепканаларынын 1-Форумунун алкагында ошондой эле Улуттук китепканада иштеп жаткан немис китеп залынын 10 жылдыгы да белгиленет. Быйылкы Айтматов жылынын урматына Улуттук китепканадагы немис китеп залында Чыңгыз Айтматовдун немец тилиндеги чыгармаларынан турган “Жазуучу. Философ. Космополит” аттуу көргөзмө ачылат. Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева кыргыз Улуттук китепканасы чет жактык китепканалар менен тыгыз иштешип келе жатканын белгиледи:

-Биздин Улуттук китепканада соңку жылдарда америкалык, британ, француз, фарс, орус адабият залдары ачылды.
XS
SM
MD
LG