Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Манас таануучулардын Үрүмчүдөгү илимий шеринеси


КЭРдин Шинжаң педагогикалык университетинде 2015-жылдын тогуздун айынын 24-25инде өткөрүлгөн эл аралык илимий жыйындын көрнөгү.
КЭРдин Шинжаң педагогикалык университетинде 2015-жылдын тогуздун айынын 24-25инде өткөрүлгөн эл аралык илимий жыйындын көрнөгү.

Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин 2015-жылдын тогуздун айынын 24-25инде Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур Автоном Районунун борбору Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде өткөн “Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйын тууралуу маалымдайт.

Эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу.2015-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 24-25инде Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур Автоном Районунун (ШУАР) борбору Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде манас таануунун заманбап көйгөйлөрүнө арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

“Манас” жана кыргыз салты” аттуу бул эл аралык илимий жыйында “Манас” эпосунда байыртадан бери камтылган кыргыз элинин салт-санаасынын, заттык жана руханий жетишкендиктеринин мол маалыматы кеңири талкууга алынды.

Бул эл аралык илимий шеринеге Кытайдын ар кыл аймактарындагы илимий жана агартуу мекемелеринде иштеген манас таануучу, фолклор таануучу, адабият таануучу, этнограф, тарыхчы, булак таануучу ж.б. адистерден тышкары, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абат, Нарын, Талас сыяктуу бир катар шаарларынан, ошондой эле Казакстан, Түркия, Орусия, Германия, Жапония сыяктуу ар кыл мамлекеттерден “Манас” дастанын ар тараптуу иликтеп жүргөн жана кыргыз таануу жаатында изилдөө жүргүзгөн илимпоздор катышты.

“Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйындын уюштуруучусу, Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун.
“Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйындын уюштуруучусу, Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун.

Илимий талкуу жыйынды уюштурган негизги тараптар – КЭРдин ШУАРындагы Шинжаң педагогикалык университети менен Шинжаң “Манас” изилдөө борбору (соңку илимий мекеменин жетекчиси – профессор Мамбеттурду Мамбетакун мырза) болду.

Аларга Шинжаң педагогикалык университетинин Адабият институту, КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Адабият жана көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Заттык эмес маданий мурастарды коргоо борбору, Кыргызстандагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту, “Мурас” коомдук фонду, бир катар илимпоздор, коомдук ишмерлер, ж.б. колдоо көрсөтүштү.

Жыйындын катышуучулары, кыргыз элинин “Манас” эпосунун Улуу жибек жолундагы калктардын байыркы маданий карым-катнаштарын жаңы деңгээлде жандантууда өзгөчө зор мааниге ээ маданий мурас экендигин баса белгилөө менен, манас таанууну мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешип иш-аракет жүргүзүү максатында бир катар конкреттүү иш-чараларды да сунушташты.

Сунуштардын арасында Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстанда жана манас таануу маселелери изилденген башка мамлекеттерде “Манас” эпосу жана Улуу жибек жолунун тоомундагы элдердин дастандык мурастары” деп аталган эл аралык илимий дастан таануу жыйындарын ар жыл сайын кеминде бир жолу биргелешип уюштуруу долбоору да бар. Демек, манас таануу жыйыны бир гана ирет чакырылып тим болбостон, болочокто ырааттуу өтүп турушу керек.

“Манас” дастанына (илгеркилер айткандай, чоң жомокко) арналган мындай эл аралык жыйынды 2016-жылы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарында өткөрүү тууралуу белгиленди. Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Адабият жана көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин төрагасы, белгилүү коомдук ишмер жана котормочу Жумак Кадыр мырза Үрүмчүдөгү жыйындын корутунду бөлүмү маалында чыгып сүйлөп, Артыштагы илимий шеринени 2016-жылы баш оона (август) айында өткөрүү тууралуу болжолдонуп жаткандыгын, бирок анын так датасын жакын арада кошумча маалымдашаарын айтты.

Профессорлор Такао Нишиваки менен Карл Райхл (оңдо). Бээжин. 19-20.10.2015.
Профессорлор Такао Нишиваки менен Карл Райхл (оңдо). Бээжин. 19-20.10.2015.

Үрүмчүдөгү эл аралык манас таануу жыйынына Германиядан профессор Карл Райхл мырза, Жапониядан профессор Такао Нишиваки мырза, Казакстандан профессор Анарбай Сагы уулу Болдыбай мырза, Түркиядан профессорлор Эрдоган Алтынкайнак, Зекерия Карадавут, Орусиядан археолог Жазгүл Орозбекова (Новосибирск), ж.б. катышып, өзгөчө кызыктуу баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.

Жыйынга Кыргызстандан жоон топ илимпоз катышты.

Алардын арасында Кыргыз Республикасынын УИАсынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев, профессорлор жана докторлор Бурул Сагынбаева, Жылдыз Орозобекова, Гүлден Сагол Йүксеккайа, Гүлмира Осмоналиева айымдар, Жамгырбек Бөкөшев, Абдыкерим Муратов, Жеңишбек Дүйшеев мырзалар, доценттер жана илим кандидаттары Зина Мурзалиева, Сыдык Иманалиев, Абдымиталип Мурзакметов, Жылдызкан Абдиева, Назира Момунбаева, Чолпон Субакожоева, изилдөөчүлөр Асан Токтогулов, Динара Мырзагулова, Венера Анарбекова, Самара Капалбаева, манас таануучу журналист Абдыбек Казиев (КТРК), ж.б. бар.

Үрүмчүдөгү эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу.
Үрүмчүдөгү эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу.

Кытайдын ШУАРынан жана башка аймактарынан келген манас таануучу жана кыргыз таануучу адистердин арасында Кытайдын борбору Бээжинден профессорлор Лаң Йиң айым, Адыл Жуматурду мырза, илим доктору Токтобүбү Ысак кызы, булак таануучу Жаркын Турсун айымдар, Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү Хэйлуңжаң кыргыздарын изилдөө борборунун жетекчиси Ву Жанжу мырза, Шиан (Сиан) чет тилдер университетинин доценти Лияң Жынхуэй, Ланчжоудан Эрзат Адыл уулу, Кашкардан - Сайыпбек Аалы уулу, Кызыл-Суудан Амантур Абдырасул, Жаңыбак Мамбеталы, Алымжан Абыкерим, Токтонур Аамат, Токтосун Асанбек, Токтокан Ысмайыл кызы, Амирбек Сатыбалды уулу, Аалы Сүйүнбай уулу, Токобай Бостонтегин, Хы Жихоң, Үрүмчү шаарынан – Мамбеттурду Мамбетакун, Макелек Өмүрбай Кармыштегин (“Тил жана котормо” журналынын редактору), Мамбетайса Мамбеттурган, ж.б. болду.

“Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйынга катышкан ШУАРдын расмий өкүлдөрү. Өргүл Жапар айым ортодо.
“Манас” жана кыргыз салты” аттуу эл аралык илимий жыйынга катышкан ШУАРдын расмий өкүлдөрү. Өргүл Жапар айым ортодо.

Ачылыш аземи маалында КЭРдин ШУАР өкмөтүнүн жана башка жетекчилигинин атынан Өргүл Жапар кызы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Адабият жана көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин төрагасы Жумак Кадыр жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси куттук сөз айтышты. Бул азем маалында жакында Үрүмчү шаарына көчүп келген кыргызстандык профессорлор Сулайман Кайыпов менен Искендер Исамидиновго Шинжаң педагогикалык университетинин чет элдик профессору күбөлүктөрү салтанаттуу тапшырылды.

Кыргызстандыктар болсо аталган университеттин жана Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун илимий китепканаларына жана бир катар кытайлык чыгаан илимпоздорго Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” дастанынын Бишкекте жарыяланган көп томдук нускасын, кыргыз таануу жана манас таануу жаатындагы соңку китептерди жана Маомаонун “Менин атам Ден Сяопин” аттуу чыгармасынын жакында эле кыргыз тилинде жарык көргөн котормосун тапшырышты. “Роза Отунбаеванын демилгеси” кору жарыялаган бул котормону Абибилла Пазылов, Эсенбай Нурушев жана ушул саптардын ээси жүзөгө ашырган болчу.

Ала-Тоодон келген өкүлдөр бул жыйындын катышуучуларын жана башка кытайлык манас таануучуларды 2016-жылдын кулжа (июн) айында Кыргызстандын Жалал-Абат шаарындагы университеттердин алкагында өткөрүлө турган чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын (1918-2014) чыгармачыл мурасын жана жалпы манасчылык өнөрүнүн маселелерин изилдөөгө арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынга чакырды. Жусуп Мамай таануу жаатындагы эл аралык илимий жыйындар Кыргызстандын Президентинин колдоосу астында уюштурулуп келээри маалым.

Профессорлор Жылдыз Орозобекова, Лаң Йиң жана Сулайман Кайыпов.
Профессорлор Жылдыз Орозобекова, Лаң Йиң жана Сулайман Кайыпов.

Үрүмчүдөгү эл аралык жыйын маалында 45тей илимий баяндама сунушталып, бир катар көйгөйлөрдү чечүү жолдору да айтылып жатты. “Манас” дастанын жана фолклордук мурастарды мултимедиалык усулда жазып, санарипке өткөрүп, заманбап гипертекстке айлантуу, интернетке ачык жарыялоо зарылдыгы да белгиленди. Профессор С. Кайыпов санариптик гипертекст түзүү жаатында Шинжаң “Манас” изилдөө борбору алгылыктуу иш алып бара турганына ишеничин билдирди.

Азыркы тапта ыр түрүндө айтылган же жазылган чакан уламыштарды же поэмаларды деле дастан деп айта башташты. Демек, көп тарамдуу “Манас” дастанын алардан айырмалоо үчүн “чоң жомок” деп эскичесинен атоо керекпи, “эпос” деп же “алп дастан” деп өзгөчө бөлүп кароо керекпи, же таптакыр жаңы термин аркылуу майда дастандардан бөлүп кароо керекпи? деген суроо ортого коюлду. Макелек Өмүрбай мырза бул суроону масилеттешип чечүү керектигин белгиледи.

Артыштык кыргыз жазуучусу жана илимпозу Амантур Абдырасул.
Артыштык кыргыз жазуучусу жана илимпозу Амантур Абдырасул.

Андан тышкары, салттык манасчылыкты сактап, өркүндөтүүдө жана аны ар тараптуу изилдөөдө эл аралык кызматташтыкка таянуу зарылдыгы да айтылды.

Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусундагы манас таануучулардын бири Амантур Абдырасул соңку мезгилдерде ала-тоолук жана кытайлык илимий борборлордун фолклор таануу жана этнография жаатындагы биргелешкен илимий сапарларды байма-бай уюштурулуп жатышкандыгын канааттануу менен белгилеп, Тарбагатай, Такла-Макан, Шайдылда Базар, Лопнор ж.б. аймактарга мындан аркы этнографиялык саякаттарды улантуу зарылдыгын айтты.

“Манас” дастанын кытайчага жана башка тилдерге которуп жаткан адистерге, англисче жана немисче которуп жаткан профессор Карл Райхлга, жапончого которуп жаткан профессор Такао Нишиваки мырзага ыраазычылык билдирилди.

Айрым окумуштуулар тобу. 24.10.2015.
Айрым окумуштуулар тобу. 24.10.2015.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун өкүлү, профессор Жылдыз Орозобекова аталган институтка болочокто магистратурага жана аспирантурага өтүүгө кытайлык жаш кыргыз илимпоздорун чакырып, институттун деректири Топчубек Тургуналы Кожомбердитегиндин аманатын аткарды.

Жалпысынан, Үрүмчү шаарында өз ишин аяктаган бул эл аралык илимий шерине өтө жогорку мазмундуу баяндамалары жана турмушка ашырылышы толук мүмкүн болгон алгылыктуу сунуштары менен эсте калмакчы.

XS
SM
MD
LG