Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Үрүмчүдө эл аралык манас таануу жыйыны өткөрүлөт


Маркум манасчы Жусуп Мамай (1918-2014) Кытайдын Ак-Чий айлында, 2009-жыл.
Маркум манасчы Жусуп Мамай (1918-2014) Кытайдын Ак-Чий айлында, 2009-жыл.

2015-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 24-25инде Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур Автоном Районунун (ШУАР) борбору Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинде манас таануунун заманбап көйгөйлөрүнө арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Бул эл аралык илимий жыйында “Манас” эпосунда байыртадан бери камтылган кыргыз элинин салт-санаасынын, заттык жана руханий жетишкендиктеринин мол маалыматы кеңири талкууга алынмакчы.

Бул илимий шеринеге Кытайдын ар кыл аймактарындагы илимий жана агартуу мекемелеринде иштеген манас таануучу, фолклор таануучу, адабият таануучу, этнограф, тарыхчы, булак таануучу ж.б. адистерден тышкары, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абат, Нарын, Талас сыяктуу бир катар шаарларынан, ошондой эле Казакстан, Түркия, Орусия, Германия, Жапония сыяктуу ар кыл мамлекеттерден “Манас” дастанын ар тараптуу иликтеп жүргөн илимпоздор катышууда.

Илимий жыйынды уюштурган негизги тараптар - ШУАРдагы Шинжаң педагогикалык университети менен Шинжаң “Манас” изилдөө борборуна - Шинжаң педагогикалык университетинин Адабият институту, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Адабият жана көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Заттык эмес маданий мурастарды коргоо борбору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту, “Мурас” коомдук фонду, ж.б. шерик катары салым кошуп жатат.

Жыйындын катышуучулары, кыргыз элинин “Манас” эпосунун Улуу жибек жолундагы калктардын байыркы маданий карым-катнаштарын жаңы деңгээлде жандантууда өзгөчө зор мааниге ээ маданий мурас экендигин баса белгилөө менен, манас таанууну мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешип иш-аракет жүргүзүү максатында бир катар конкреттүү иш-чараларды сунуштамакчы.

Сунуш долбоорлорунун арасында ар жыл сайын бир жолу Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстанда жана манас таануу маселелери изилденген башка мамлекеттерде “Манас” эпосу жана Улуу жибек жолунун тоомундагы элдердин дастандык мурастары” деп аталган эл аралык илимий дастан таануу жыйындарын биргелешип уюштуруу; ушул аталыштагы туңгуч эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынды 2016-жылы баш оона (август) айынын башында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарында өткөрүү долбоорлору бар.

Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун
Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун

Кыргызстандан келген өкүлдөр бул жыйындын катышуучуларын жана башка кытайлык манас таануучуларды 2016-жылдын кулжа (июн) айында Кыргызстандын Жалал-Абат шаарындагы университеттердин алкагында өткөрүлө турган чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын (1918-2014) чыгармачыл мурасын жана жалпы манасчылык өнөрүнүн маселелерин изилдөөгө арналган Кыргызстандагы Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынга чакыраары күтүлөт.

Жыйынга Кыргызстандан илимпоздор: академик Абдылдажан Акматалиев, профессор Сулайман Кайыпов, Садык Алахан, Бурул Сагынбаева, Жылдыз Орозбекова, Чолпон Субакожоева, ж.б., Германиядан профессор Карл Райхл мырза, Жапониядан профессор Такао Нишиваки мырза, Бээжинден профессорлор Лаң Йиң айым, Адыл Жуматурду мырза, ж.б. катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG