Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Кытай кыргыздарына жасалган фольклор таануу сапары


КУУнун окутуучулар жана студенттер тобу сапар алдында. Бишкек ш. 20.7.2015.
КУУнун окутуучулар жана студенттер тобу сапар алдында. Бишкек ш. 20.7.2015.

2015-жылдын теке (июль) айынын 21-31леринде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин окутуучулар жана студенттер тобу Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда он күндүк илимий сапарда болуп кайтышты.

2013-жылы Кытай Эл Республикасындагы Шинжаӊ педагогикалык университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) кыргыз филологиясы факультетинин ортосунда кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгын, улуттук салт-санаасын, дүйнө таанымын, философиясын жана улуттук маданиятын аталган эки жогорку окуу жайында окуп жаткан студенттерге таанытуу максатында келишим түзүлгөн. Ага ылайык, 2015-жылдын 21-июлунда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин окутуучу-профессорлор (4 киши) жана студенттер (11 киши) тобу КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна он күндүк илимий сапарга чыгышты.

Бул илимий иш-чараны Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек С.Маразыков жетектеди. Илимий сапарга филология илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Ш.Турдубаева, филология илимдеринин кандидаты Майрамкүл Жаӊыбаева, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айгүл Б.Табалдиевалар да катышты.

Динара Акимова, Салтанат Анарбек кызы, Азиз Биймырза уулу, Шабданбек Гүлжигитов, ж.б. студенттер илимий сапар маалында дилгирлигин көрсөтүштү.

21-июль күнү Торугарт чек ара бекетинен өткөн ала-тоолук изилдөөчүлөрдү Кытай (Жуңго) тараптан Шинжаӊ педагогикалык университетинин Манас таануу борборунун башчысы, профессор Мамбеттурду Мамбетакун, ж.б. тосуп алды.

Улуу-Чаттагы ооз комуздун айкелинин жанында.
Улуу-Чаттагы ооз комуздун айкелинин жанында.

22-июль күнү Улуу-Чат ооданынын акими Сыяр Кален менен жолугушуу болуп, Кытай бийлигинин каржылык колдоосу менен курулган дүйнөдөгү эң чоң (4 кабаттан турган) боз үйгө, 13 метр узундуктагы, 9 тонна салмактагы комуздун жана 7 метр узундуктагы, 6 тонна салмактагы ооз комуздун эстелигине саякат уюштурулду.

Кыргызстандан келген окутуучу-профессорлор, студенттер Улуу-Чат шаарында жайгашкан Манас бакчасындагы Манас баатырдын урматына орнотулган мыкты айкелди көрүп, абдан кубанышты. Ошондой эле Сыяр акимдин түздөн-түз демилгеси жана жетекчилиги менен курулган тарыхый-этнографиялык музей (ажайыпкана) менен таанышуу болду.

Музейде коюлган жалпы эле кыргыз элинин заттык жана заттык эмес маданиятынын тарыхына, Улуу-Чат ооданынын тарыхына тийешелүү абдан кызыктуу экспонаттар менен Сыяр аким өзү ажайыпкана көрүүчүлөрүн тааныштырды.

Андан соң 2011-жылы курулуп бүткөн 850 орундуу маданият үйүндө Улуу-Чат ооданынын элдик этнографиялык театрынын купулга толорлук татынакай концерти тартууланды.

Артыштагы алгылыктуу иштер

Профессор Т.С.Маразыков баштаган КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин илимий-тажрыйбалык экспедициялык тобу 2015-жылдын 26-июлунда Кашкар шаарынан чыгып, андан 40 чакырым алыстыктагы Артыш шаарына жол тартып, иш сапарын улантышты.

Изилдөөчүлөр Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору болгон Артыш шаарындагы “Чакмак” мейманканасына жайланышты. Кызыл-Суу облустук социализм институтунда КЭРдеги Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун заттык эмес маданий мурастарын, “Манас” эпосун коргоо жана изилдөө борбору менен аталган облустун маданият, дене тарбия, үналгы, сыналгы мекемеси биргелешип уюштурган “Манасчыларды тарбиялоо курсу” жана “Манас” айтуу жаатында тунгуч ирет уюштурулган “Жусуп Мамай” атындагы мөрөйдү талашуу басакесине (таймашына) катышышты.

Бул иш-чаранын маалында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун адабият көркөм өнөр бирикмесинин төрагасы Жумак Кадыр, заттык эмес маданий мурастарды коргоо борборунун жетекчиси Амантур Абдрасул, Шинжаң педагогикалык университетинин Манас таануу борборунун башчысы, белгилүү фолклор таануучу, түрколог, профессор Мамбеттурду Мамбетакун, 40 жылдан бери кытайдагы “Манас” дастанын изилдеп келе жаткан белгилүү окумуштуу Лаң Лиң, Бээжиндеги борбордук улуттар институтунун казак тили, адабияты бөлүмүнүн профессору Токтобүбү Исак, Жуңго коомдук илимдер академиясынын изилдөөчүсү Бакдөөлөт Муназил, Тил жана котормо журналынын башкы редактору, филология илимдеринин кандидаты Макелек Өмүрбай өздөрүнүн илимий баяндамаларын жасашты.

Ал эми дастанчылардын мелдеши 26-28-июлда өткөрүлүп, ага 70тей кытайлык кыргыз манасчы катышты. Таймашка катышкан кытайлык кыргыз манасчылар менен КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин илимий практикалык экспедициялык тобу кызуу маек курушуп, аларга Кыргызстандан алып келишкен белектерин тапшырышты жана алардан ар түрдүү багыттагы элдик оозеки чыгармалардын өрнөктөрүн жазып алышты.

Жусуп Мамайдын ашы

2015-жылдын 29-30-июлунда профессор Т.С.Маразыков баштаган КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин илимий практикалык экспедициялык тобу Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Ак-Чий ооданына караштуу Ак-Чий шаарында жана ооданында болушту.

Маркум манасчы Жусуп Мамай. Ак-Чий, 2009-ж.
Маркум манасчы Жусуп Мамай. Ак-Чий, 2009-ж.

Изилдөөчүлөр залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын (1918-2014) ашы өтүп жаткан маалда Кара-Булак айылындагы Меркеч кыштагына да барышып, улуттук оюндар, Манас айтуучулук жана акындык өнөр менен коштолуп өткөрүлгөн бул эскерүү чараларына да күбө болушту.

Ашка делип алтымыштан ашуун боз үй тигилип, эки күндүк иш-чарага 20 миңден ашык адам катышты. Кыргызстандан келген илимий топ ашка КЭРдин ар кыл аймактарынан келген кыргыз өнөрпоздорунан жана башка тургундардан фольклордук материалдарды жыйноо менен алектенип, жергиликтүү тургундардын жашоо шарты менен да жакындан таанышышты.

30-июль күнү экспедициялык топ оболу Ак-Чийдин Жалаң-Чий конушуна саякат жасап, андан соң Артыш шаарына жол тартты.

КУУнун фольклор таануучу адистери 31-июлда Артыштан Торугарт чек ара бекети аркылуу Кыргызстанга кайтып келишти.

Саамалыктар

Айтмакчы, былтыркы илимий иш сапардын жыйынтыгында КУУнун фольклор таануучу адистери тарабынан кытай кыргыздарынын фольклордук мурасы боюнча 650 беттен турган көлөмдүү материал басмага даярдалды.

Ошондой эле былтыр – 850дөй, быйыл 600дөн ашуун нускадагы ар кыл китеп кытайлык кыргыздардын Шинжаң Манас таануу илимий борборунун китепканасына (Үрүмчү ш.) белекке берилди.

2015-жылдын 15-27-сентябрында Шинжаң педуниверситетинин кыргыз студенттери Кыргызстанга илимий саякатка келишмекчи.

Болочокто да мындай өз ара пайдалуу илимий кызматташтык кыргызстандык жана кытайлык окумуштуулар тарабынан ар кыл нукта улантылмакчы.

TT

XS
SM
MD
LG