Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:18

АЙЫМДАРДАН ЧЫККАН МАНАСЧЫЛАР


Кыргыздын айымдарынан алгачкы жолу чыккан манасчылар болуп Сейде Дейди кызы менен семетейчи Сейдене Молдоке кызы эсептелет. Алардын өнөрүн жаш айтуучу Акбермет Молдазимова, Асем Курманбек кызы улантууда.

Ар кандай жолугушууларда угуучулар тарабынан сандаган тарыхы бар кыргыз элинде эмне үчүн айымдар “Манас”, “Семетей” айтышкан эмес. Алардын "Манас" айтышына дин өкүлдөрү тарабынан тыюу салынганбы деген собол такай берилип келет. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар корунун маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө ар кандай доорлордо жашап өткөн айтылуу 41 манасчы, семетейчи катталган жана алардын көбүнүн көөнөрбөс мурастары сакталууда.

Булардын ичинен болгону экөө гана айымдар. Анын ана башында тургандардын бири-манасчы Сейде Дейди кызы. Ал 1881-жылы Наманган уезиндеги Багыш болушунун Жампа-Салды айылында эл шайырынын үй бүлөсүндө туулган. 1946-жылы дүйнөдөн кайткан. Сейде секелек кезинен эрке болуп, эркекче кийим кийип өсүп, атасы менен аш тойлорго барып, шайырлардын чордонунда өсөт. Манасчы Кадыраалынын айткан манасын төкмө акындар Токтогулдун, Жеңижоктун ырларын угат. Эс тарткандан "Манас" айта баштайт. Атасы болсо кызын “Сейит” уулум деп, залкар шайырларга угуучуларга тааныштырат. “Манастан” айтканда ырахат алат.

Он эки жашынан ата-энеси Сейдеге кыз кийимин кийгизишет. Он бешке чыкканда ата-энеси жаш манасчыны кудалаган жигитке берет. Динчил кайната-кайненеси “шайтаны бар экен”- деп манас айттырбай тыюу салат. Бирок, ал болбойт. Акыры кайнатасы менен кайненеси Сейденин тамагына уу кошуп өлтүрмөкчү болушат. Бирок, ал уу кошкон тамакты ичсе да өлбөй качып кетет. Кийин ал төкмө акын Устажолдош Үчкемпир уулуна баш кошот. Эки жаш шайыр бири-бирине жөлөк-таяк болушуп, бири ырдап, экинчиси "Манас" айтып чыгармачылыктын ырахатына батышат.

Тилекке каршы айылдагы Сабур аттуу эшен “аял киши “Манас” айтса, аны арбак уруп кетет, ал турсун бүт үй бүлөсүн, урук-туугандарын, коңшу колоңдорун арбак урат”,- деп коркутуп, үркүтүп, калк алдына чыгып, "Манас" айтпаш үчүн касам да ичирет. Бирок, тубаса шыктагы Сейде үйдө киши жокто короосунун дарбазасын бекитип, небереси Калмуратты күзөткө коюп, күпүлдөп "Манас" айтып жарпын жазчу экен.

Кийин болсо Сейдеден Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Манастан” үзүндүлөр жазылып алынат.

Өткөн кылымдагы айымдардын арасынан биринчи чыккан семетейчинин бири Сейде Молдоке кызы эле. Ал 1922-жылы туулган. 2006-жылы дүйнөдөн кайтты. Сейдене бойго жетип турмушка чыкканда Семетей баатыр бир нече жолу түшүнө кирет. “Манас” айтууну талап кылат. Бирок, эмнегедир Сейдене айта албайт. Ошол мезгилде күтүлбөгөн жерден Сейдененин баласы чарчап калат. Муну ал “Манасты” айтпаганы үчүн түшүнө кирген Семетей баштаган баатырлардын арбактарынын жазалоосу катары кабыл алат да, үйдө жалгыз калганда коңшу аялды теңтуштарын чакырып алып, “Манас” айта баштайт. Тилекке каршы аны кайнатасы билип калып: “Манасты аял киши айткан эмес”,- деп таптакыр тыюу салат.

Бирок, Сейдене кайнатасынын тыюу салганына карабай бир чоң майрамда үйүнөн качып барып карыялардан уруксат сурап “Семетейден” үзүндү айтат. Анын айткандары угуучуларга обондуулугу, көркөмдүүлүгү, окуяларынын кызыктуулугу, жаңылыгы менен жагат. Аксакалдарын жайкалткан калк атасы аталган карыялар семетейчи келинге ак баталарын берет. Ошол күндөн Сейдеке жумурай журттун алдына чыгып Семетейди айта баштайт.

1965-жылы ак таңдай акын Алымкул Үсөнбаевдин үйүнө келип, Саякбайдын, Осмонкулдун, Ысмайыл ж.б. залкар шайырлардын алдында “Семетейден” айтып, ак баталарын алат. Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына “Семетейден” үзүндүлөрдү жаздырат. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмү Сейдененин айткан “Семетейден” үзүндүлөрүн жазып алат. Семетейчинин айтуучулук, аткаруучулук чеберчилигин өкмөт жогору баалап, республиканын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды ыйгарат.

Соңку жылдарда, айрыкча кийинки эки жылда ЮНЕСКОнун "Манас" айтуучулук төкмө, акындык, дастанчылык боюнча долбоору иштей баштаган күндөн жаш кыздардын арасында “Манас”, “Семетей” айтуучулардын саны артууда. Анда эмесе кеп кезегин Оштогу “Ак таңдай” өнөрканасынын окуучусу Акбермет Мадазиновага берейин.

- Мен биринчи класста окуп жүргөндө “Манастан” “Каныкейдин жомогун” жаттап айтып чыктым. 4-класста окуп жүргөндө түшүмө айтылуу Манасчы атабыз Саякбай Каралаев кирди. Ошондон баштап айтып калдым. Ошентип, он жылдан бери манас айтуу менен алектенип келем, - дейт Акбермет Мадазинова.

Нарындык Асем Курманбек кызы он алты жашта үчүнчү класстан баштап "Манас" айтып райондук, областтык, республикалык сынактарга катышып, өнөрүн тартуулап келүүдө. Үч-төрт айдан бери ордо калаадагы “Манас-мурас” корунун өнөрканасына келип манасчылар Уркаш Мамбеталиев менен Н. Сейдиракмановдан "Манас" айтуучулуктан таалим алган.
XS
SM
MD
LG