Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Президент кыргыз тарыхы боюнча көмөктөшкөн кытай илимпоздоруна рахмат айтты


Сооронбай Жээнбеков жана Ли Цзиньсю.
Сооронбай Жээнбеков жана Ли Цзиньсю.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы окумуштууларга Кытайдын архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгарышканы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал топтолгон материалдар илимий негизде, академиялык басылмадан жарык көрүп, аларды кеңири таркатуу зарыл экенин билдирди.

- Сиздердин кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деп аракетиңиздерге дагы бир ирет терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да биздин окумуштуулар сиздердин институт менен натыйжалуу иштей беришине тилектешмин. Мамлекет бул багытта бардык колдоосун көрсөтө берет, - деди президент.

Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун Кытайдын чет эл менен байланыш тарыхын изилдөө бөлүмү жана Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю академия тарабынан кыргыздардын тарыхы жөнүндө басылып чыгарылган китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосунун аркасы менен ишке ашканын белгиледи.

Кытайлык окумуштуулар президент Сооронбай Жээнбековго кыргыздардын тарыхы жөнүндө чыгарган китебин белекке беришти. Мамлекет башчысы жолугушууга келген окумуштууларга символикалуу белектерди тапшырды.

Буга чейин кытайлык белгилүү тарыхчы Ю Тайшан өз изилдөөсүндө Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын аталышы биздин заманга чейинки X кылымга таандык маалыматтарда бар экенин таап чыккан. Бул кабарды президент Жээнбековдун Кытайдагы жумушчу сапарынын алкагында Бээжинде Тарых изилдөө институтундагы жолугушуусунда кытайлык окумуштуулар билдиришкен.

«Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 2019-жылы Бээжинге барып, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG