Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 08:53

Жусуп Мамай: Эл ичинен эр туулат…


Жусуп Мамай (Жүсүп Мамай; 18.4.1918 – 01.06.2014).

Быйыл 18-апрелде кытайлык кыргыздардын манасчыларынын туу чокусу, кыргыз элинин залкар манасчысы Жусуп Мамайдын (1918–2014) туулган күнүнө 101 жыл толот. Тарыхчы Ч.Субакожоева маркум тууралуу айрым замандаштарынын пикирлерин эске салат.

“Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт” дегендей, кыргыз элинин эс-тутумунда сыйдырылган Манас баатыр жана мамлекет башчы тууралуу маалымат укумдан-тукумга миңдеген манасчылардын ажайып эмгеги аркылуу сакталып келди.

Ошондой улуу руханий көчтү уланткандардын алптары да бар, аты чыкпаса да, карапайым эмгеги менен үзөңгүлөш болгон башка да кыраандары бар.

Ал эми быйыл 101 жашы белгиленип жаткан кытайлык кыргыздардын манасчыларынын залкары Жусуп Мамай тууралуу жалпы планетанын жашоочулары биле баштады. Анын вариантындагы “Манас” дастаны кыргыз тилинде гана жарыяланбастан, кытай, англис, немис, жапон, ж.б. тилдерде жарык көрүүдө.

Манасчы Жусуп Мамай атабыз Чыгыш Теңир-Тоодогу айтылуу Какшаалдын Күркүрөө суусуна жакын Ат-Жайлоо конушунда (азыркы КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын аймагында) 1918-жылы 18-апрелде туулган.

Жусуп Мамайдын вариантында “Манастын” сегиз томдугу жарык көргөн. Сегиз томдукка салттуу үчилтик “Манас”, “Семетей”, “Сейтектен” башка дагы баатырдын беш муундук урпактары жөнүндө “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” сыяктуу эпостук бөлүктөр камтылган.

Бул жалпы вариант оболу Кытайда кыргыз тилинде араб жазмасында жарык көрдү, андан соң эне тилибизде кирилл жазмасында да жарыяланды.

Улуу манасчынын 100 жылдык мааракеси былтыр жыл бою Кыргызстандын ар башка дубандарындагы маданий-агартуучу иш-чаралар аркылуу белгиленди.

Эмнегедир, Жусуп Мамайдын айкелин тургузуу иши кечеңдеп отуруп, эми быйыл (2019-жылы) сентябрда гана салтанаттуу ачылганы жатканын окуп калдык (бул тууралуу 12-апрелде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымдады).

Жусуп Мамайдын айтуучулук таланты Кытайдын курамындагы чыгыш теңиртоолук кыргыздардын жеринде, кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгынын уюткусуна негизделип ойгонгон, мындагы эл тагдырына эриш-аркак бышып жетилген, чыңалган жана дүйнөгө таанылган.

Жусуп Мамай өзгөчө инсан болгон, ал өзү менен манасчылыкты жана миллиард кытайдын арасында жашаган өз эли үчүн агартуучулук кызматты айкалыштырып алып жүргөн. Абдан сабаттуу, билимдүү адам болгон, бала чагынан арабча жазганды жана окуганды билген, бир топ жашка барып калганда чет жердеги замандаштарынын чыгармаларын жана улуу мурас үлгүлөрүн өз алдынча окуу үчүн кыргыздын заманбап кирилл жазуусун да үйрөнгөн.

«Эл ичинен эр туулат,

Элин сактайт туу кармап», – деп Жусуп Мамай атабыз айткандай, ал өзү да руханий туу көтөргөн эр болуп өмүр кечирди.

Биз бүгүнкү чакан блогубузда айрым замандаштарыбыздын Жусуп Мамай атабыз тууралуу айткан саптарын назарга сала кетүүнү эп көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев (1921–2016) манасчы Жусуп Мамай дүйнөдөн өткөндө мындайча эскерген:

«Дүйүм журтка аттын кашкасындай таанымал залкар манасчы Жусуп Мамай агабыздын дүйнөдөн кайтышы кыргыз улутубузга, айрыкча, улуттук маданиятыбызга келген чоӊ жоготуу.

Дагы бир чоӊ тоо кулагандай эле кеп. Жаратылыш менен адам тутумдаш дейт эмеспи, журтчулугубуз менен жаратылыш ыйлап жаткандай сезилди.

Айрыкча 100гө чукулдаган кишинин ажалы каш-кабактын ортосунда экени ар кимге түшүнүктүү болуп турганы менен ысымы дүйнөгө таберик, тирүү легендага айланган бул адамдын өлүмү айрыкча жашы келип калган «алдыда мындай агаларыбыз бар» деп алардын кутмандуу караанын деле тоодой бел кылып жүргөн бизге чындап эле өтө оор тийди. Укканда бүткөн бой дүр дей түштү. Өмүр түбөлүктүү эмес экенин билип туруп эле оюм башаламан болуп чыкты. Анан дагы баш-кашында болуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу өкүнттү.

Ал эми бул сыймыктуу кишинин өзүнүн Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры болгонун угуп кеткенине жаш балача кубандым жана мамлекет башчыбыздын бул кадамына чын дилимден ыраазы болдум.

Чындыгында эле залкар манасчы бул наамга эбак эле татыктуу болгон. Чыкем (Чыңгыз Айтматов. – Ч.С.) «канчалык мактасак арзыйт» деп кыргыз элине кылган кызматына небак эле баа берип койгон.

Мен билгенден ал киши өзүнүн чыныгы мекени Кыргызстанга үч ирет келген. Биринчи жолу Жусуп Мамай өзү «Кыргызга келген кут, таалай» деп айткан залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун чакыруусу менен 1989-жылы, анан 1992-жылы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, анан 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык тоюна келген. Мындан 29-жыл мурда келгенинде ал киши менен көбүрөөк жолугушуп, сүйлөшүүгө башка учурларга караганда мүмкүнчүлүк болду.

Ал бир топ сындуу, орунду сүйлөгөн, токтоо, жибектей созулган, киши жылдыздуу адам экен. Эмне демекчибиз дүйнөнү төрт айлансаӊ да табылбай турган Жусуп Мамай агабыздын арбагы тынч болсун. Эгер арбак тирүү деген чын болсо, өзүнөн кийинки манасчыларды ар дайым колдоп жүрсүн демекчибиз.

Кыргыз Эл жазуучусу, коомдук ишмер Казат Акматов (1941–2015) болсо маркум Жусуп Мамайды Ырамандын Ырчы уулуна байланыштырып эскерген:

«Ырамандын ырчы уулунун өспүрүм изи көзүмө даана элестейт... Хейхундардын бийлигинде 40 жыл кулдукта жатып, ата-тегин, сөз атын, элин-жерин зордоп унуткан кыргыздын бир канаты тукум кууган жансейдиктин касиети менен күндөрдүн бир күнүндө эсине келет. Ыраман деген жылкычы жигит боштондук жөнүндө төрт сап ыр чыгарып, эл ичине таратып жиберет. Муну угуп алган Хейхундун желдеттери Ыраманды эбин таап колго түшүрүп өлтүрүп, сөөгүн талаага таштайт. Ошондо анын уулу 14-15 жаштагы өспүрүм эле. Кыргыз бечаралар атка сарпоочтоп берген атасынын өлүгүн өӊөрүп алып, өспүрүм аркар жүргөн издер менен Хангай тоосун ашып, акыры Алтай кыргыздарына келип кошулат. Ал учурда бала Манас өзүндөй жеткинчектерден кол курап, «согуш» өнөрүн үйрөнүп жүргөн чагы. Ырамандын уулу, дагы бир жигит болуп кошулат Манаска. Ошентип, жаралбай жатып Хейхундан кандуу сокку жеген төрт сап ыр улуу эпостун бир тамчы башаты болуу менен миӊ жылдар бою өсүп-өрчүп, эли менен кошо жашап, бирде өлүп, бирде тирилип, душмандары менен аёосуз кармашта алмаздай курчуп отуруп, акыр түбү бардыгын жеӊип чыгып, бүткүл дүйнө элдерине руханий орток боло алды. Жогорудагы сюжеттин мазмунун менин «Күндү айланган жылдар» романым көркөм чагылдырган (1989-жыл, «Адабият» басмасы).

ЮНЕСКОнун алтын барагына катталып, БУУнун чечими менен 1000 жылдык салтанатын белгиледик. Буюрса, Манасыбыздын пайдубалы бекиди дейли.

Ушул узун тарыхтын тайгалак доорунда албетте, эпос (Мурда «Улуу сөз» деп айтылчу, кийин илимдин терминине өтүп албадыкпы) эбегейсиз зор эстетикалык күчү менен өзүн-өзү коргоп келди. Эгер өзүндө андай ааламдык дарамети болбосо миӊ коргосоӊ да эски тамдай урап түшүп калмак.

Бирок, эпос өзүн-өзү коргоп: Радлов, Валиханов, Ауэзов, Айтматов, Сыдыкбеков, Жунусалиев сыяктуу жоокерлерин жоого каршы аттантып турган кездерде курал-жарагын, ат көлүгүн, бүтүндөй аспап шайманын камдап берип, жол көрсөтүп турган эзелтен бери келаткан улуу-кичүү манасчылар болгон.

Ошолордун ХХ-ХХI кылымдагы көсөмдөрү, туу көтөргөн баатырлары албетте, Сагынбай, Саякбай, Жусуп Мамай.

Азырынча акыркы могиканыбыз өз теӊине, өзүнүн түбөлүк сабына барып кошулду. Элине чып-чыргасын коротпой бүт өмүрүн арнаган эмгегин берди. Бүткүл кыргыз элинин сүймөнчүгү болуп ардактуу төрүнөн орун алды. Кол жеткис даражага жетти.

Жусуп Мамайдын экинчи өмүрү мындан дагы үзүрлүү, жемиштүү, мааниси найза бойлогус тереӊ болот деп ишенем. Жогоруда атын атап өткөн улуу манасчылар жөнүндө сөз болгондо, менин көз алдымда ар качандан бир качан ретроспективалык байыркы элес, башкача айтканда, өлгөн атасы Ырамандын аркасына көк муштум болуп жабышып, асман тиреген Каӊгайдан ашып түшүп келаткан Ырчы уулу турат…»

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев агайыбыз да Жусуп Мамайды кыргыздардын улуу манасчыларынын «акыркы могиканы», «кытайлык кыргыздардын азыркы Гомери» деп баалайт. Ал Жусуп Мамайдын өмүрүнүн соңку жылдары Кыргызстанда Жусуп Мамайды таануу жыйындары жигердүү өтө баштаганын баса белгиледи:

«2013-жылдын 30-апрелинде Кыргызстандын президенти «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» жарлыкка кол койгондугу маалым.

Жарлыкта Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрдү сактоодогу көрүнүктүү салымын, ошондой эле кыргыз элинин руханий кайра жаралуу ишине анын сиңирген эмгегин эске алуу менен кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана изилдөө боюнча "Мурас" фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Жусуп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында илимий-практикалык конференция уюштурсун жана өткөрсүн деген тапшырма коюлган.

Ошого байланыштуу 2014-жылы Талас мамлекеттик университетинин жана Манас ордо музей-комплексинин базасында Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган эл аралык илимий конференция өткөн. Тилекке каршы, бул жыйын улуу манасчынын көзү тирүү кезинде башталган Кыргызстандагы эл аралык илимий иш-чаранын алгачкысы да, акыркысы да болуп калды. Аталган илимий жыйынга кыргызстандык манас таануучулар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер гана эмес, Кытайдын ШУАРынан келген жоон топ манас таануучулар, илимпоздор да катышты. Ал жерде залкар манасчы Жусуп абабыздын Манасы, анын өмүрү жана чыгармачылыгы, руханий баалуулуктары, өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири сөз болду. Манас эпосун жана манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу иликтөө аркылуу элибиздин улуу мурасынын өзгөчөлүгүн, кыргыздардын коомдук аң-сезими менен дүйнө таанымынын тереңдигин баамдоо максаты да коюлду...

Биз да Таластагы жыйында Жусуп Мамай абабыздын «Манасын» алатоолук улуу манасчылар Сагымбай жана Саякбай аталардын манасчылыгы, алардын варианттары менен тарыхый-салыштырлуу аркылуу изилдөөнүн натыйжасында гана тигил же бул илимий жыйынтыкты чыгаруу алгылыктуу деген максатта «С. Орозбаковдун, С. Каралаевдин жана Ж. Мамайдын варианттарын тарыхый-салыштырмалык аңдоо» деген илимий баяндама жасадык”.

Учурда Бээжинде жашаган кытайлык кыргыздардын чыгаан манас таануучусу, кыргыз тилинен башка кытай жана англис тилдеринде чыгармалар жазган, Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Манас” операсынын либреттосун даярдаган профессор Адыл Жуматурду болсо Жусуп Мамайдын көркөм мурасы жалаң гана «Манас» эпосун айткандыгы менен чектелбеши керектигин эскертет:

“Жусуп Мамай «Манастан» сырткары кыргыздын дагы башка океандай дастандарын айткан. Мисалы, «Толтой», «Багыш», «Эр Төштүк», «Курманбек», «Кыз Сайкал», «Тутан Баатыр», “Мамаке-Шопок”, “Жаңыл Мырза” жана «Ажыбек баатыр» сыяктуу дастандарды айтып келген.

Андан тышкары ал казактардын «Жети каган» деген дастанынан да айтып берген. Бул кишинин өнөрү – өзүнчө океан. Ошол мухиттин ичинен биз «Манасын» деле иликтеп четине чыга элекпиз. Биз азыр Жусуп Мамайды таануунун алгачкы гана кадамдарын жасап жатабыз. Келечекте жаштардан Жусуп Мамай айткан бардык дастандык варианттарды терең окуп, кеңири анализ жасашын күтөбүз».

2013–2016-жылдары Жусуп Мамайга арналган бир катар илимий жыйындарды уюштурууну жетектеген тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин:

«Кытайдагы маданий ыңкылап деп аталган арман күндөргө толгон азаптуу жылдары Жусуп Мамай өзүнүн жергесинде үй камакта да болгонун биз мурда билчү эмеспиз. Ушуга карабастан ал улам чыйралып, жаңы мүмкүнчүлүк болгондо «Манас» дастанын калайыкка, жамаатка кеңири таанытып жүрүп, кытайлык кыргыздардан чыккан 80дей манасчынын ичинен калкайып, залкар тоо болуп алдыга чыга келди. Анын чыгармачыл мурасын мындан ары да иликтөө жалпы эле кыргыз окумуштууларынын орток милдети деп эсептейм».

Жусуп Мамай атага барып учурашкан Чолпон Субакожоева менен Ажыбек Ыбышев. Ак-Чий, КЭР. 15.4.2012.
Жусуп Мамай атага барып учурашкан Чолпон Субакожоева менен Ажыбек Ыбышев. Ак-Чий, КЭР. 15.4.2012.

Биз жогоруда саналуу гана замандаштарыбыздын Жусуп Мамайдын мурасына жана жаркын элесине байланыштуу пикирлерине токтолдук.

Улуу-кичүү муундагы замандаштарыбыздын сөзү айгинелегендей, Кыргызстанда маркум Жусуп Мамайдын талантын өтө жогору аздектешет. Ал – чет жердеги кыргыздардын ичинен алгачкы болуп (азырынча жалгыз гана) Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган (2014) инсан.

Эң башкысы, залкар манасчы атабыздын көөнөргүс мурасын иликтөө иштери “мааракелик эмес” делген жылдары да ырааттуу улантыла бериши абзел.

Чолпон Субакожоева,

Тарых илимдеринин кандидаты, Манас таануучу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG