Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:32

Мен билген Жусуп Мамай


Азат Эркебаев жана Жусуп Мамай

2018-жылы мамлекетибизде иш планына кирип калган жана байма-бай ѳтүп турчу той-топур, мааракелердин ичинен адаттан тышкары кабыл ала турган, атпай кыргыз журтчулугу ѳзгѳчѳ маани берип, кѳңүл чордонуна алчу эки иш-чара турат.

Биринчиси - улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка зор салым кошкон залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы. Мамлекетибиздин жетекчилиги алдын-ала «2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлык чыгарып, азыркы маалда улуттук жана эл аралык деңгээлде тиешелүү иш-чаралар өткѳрүлүп жаткан чагы.

Экинчи маараке - коомчулугубуздун кѳңүлүнѳ алчу иш-чара - заманыбыздын залкар манасчысы, даназалуу Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы. 2018-жылдын 18-апрелинде (кай бир маалыматтарда 4-майда) Жусуп Мамай атабыз туура 100 жашка чыкмак. Бул дата кѳз жаздымда калбай, быйыл мамлекеттик деңгээлде белгиленчү иш-чаралардын тизмесине киргизилип, тиешелүү иш-аракеттер менен коштолсо, кыргыздын кѳѳнѳргүс руханий байлыгы, түгѳнгүс мурасы болгон «Манасты» сактап, даңктап келген улуу инсанга кѳрсѳтүлгѳн сый-урматыбыз болмок. Буга Манас ааламында жүргѳн Жусуп атабыздын арбагы да ыраазы болот эле деп ойлойм.

Мына ушул себептен менин бактыма буюрган шыбаганы, Жусуп атабыз менен замандаш болуп, кѳзү ѳтѳѳр алдында жүз кѳрүшүп, батасын алган адам катары улуу инсан жѳнүндѳгү эскерүүм менен бѳлүшүүнү туура кѳрдүм.

Кылым карыткан бул легендарлуу инсандын басып ѳткѳн турмуш жолуна кѳз чаптыра турган болсок, акыры-аягы кѳрүнбѳгѳн, сабы үзүлбѳгѳн кербендей созулчу узун кеп жана айтып бүтпѳчүдѳй сѳз. Андыктан Жусуп Мамайдын ѳмүр-таржымалы жана манасчылык ѳнѳрү тууралуу кепти дасыккан тарыхчыларга, илим изилдѳѳчүлѳргѳ жана "Манас" таануучуларга коюп, андан кѳрѳ манасчынын жүз кѳрүшүп таанышкан учурумдагы жѳнѳкѳй, ошону менен бирге улуу инсан катары кандай элес калтырганын айткым келет.

Азат Эркебаев Жусуп Мамай менен жолугушкан учур
Азат Эркебаев Жусуп Мамай менен жолугушкан учур

Мага Үрүмчүдѳгү визалык бѳлүмдѳ иштеп турган кыска 2 жыл 2 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын эки президентинин Жусуп Мамайга даректелген жеке кайрылуу каттарын жеткирүү, андан тышкары улуу инсан менен жолугууга келген Кыргызстандын эки делегациясынын иш-сапарын уюштуруп, коштоп жүрүү вазийпасы буюрган экен. Бул менин ѳмүр жолумдагы дипломат катары кызмат ѳтѳѳ жана зор иш тажрыйба гана эмес, адам катары эстен кеткис элестер, кѳѳдѳнүмѳ батпаган кубаныч, Жаратканым буюрган бакыт. Эми ушул жолугушууларымдын жыйнтыгында, эскерүүмдүн башында суроо салгандай, залкар манасчы кандай адам, кандай инсан эле дегенге жооп бергим келет.

Эң оболу белгилей кетчү нерсе, Жусуп ата токсондун тоосун ашып, жүздүн жүгѳнүн мыкчый кармап турса да, колдорун калтырак баспай, аң-сезими дале тунук, акылы терен, үнү ѳткүр чыкпаса да, сѳзү тетик болчу. 94үндѳ таяк кармап, бирѳѳ жѳлѳп алса, ѳзү кадам таштап басчу. Ооба, карылык ѳзүнүкүн бербейт экен кулагы катуурак сүйлѳгѳндү кабыл алчу. Ошол үчүн мен президенттерибиздин кайрылуу каттарын алып барганда, Жусуп атага катуураак үн чыгарып окуп берчүмүн, а залкар кунт коюп, кѳнүлдѳнүп укчу.

Дагы бир барганымда ѳз колу менен араб арибиндеги кыргыз тилинде чыккан ѳзүнүн вариантындагы "Манастын" 3 томдугуна кол жазмасын калтырып, «Куттуу үйдөн кур чыкпа» деп калпак кийгизгени эстен кетпейт.

Бирок, мен баарынан тан бергеним, баа бергеним - Жусуп атанын жолуккан сайын Кыргызстандагы жаңылыктарды, боордоштору тууралуу маалыматтарды сурап, кыргыз мамлекетинин тынчтыгын, элинин аманчылыгын тилеп батасын берип, дуба кылганы жүрѳгүмдүн түпкүрүндѳ калды. Айрыкча, алгачкы жолу 2011-жылы кѳрүшкѳндѳ, оболу 2010-жылдын апрелиндеги кан тѳгүү менен коштолгон ыңкылаптан, Оштогу болгон алааматтан кабары бар экенин, айтылган окуяларга терең тынчсызданганын билгизип, ѳлкѳбүздѳгү абалдын оңолгонуна, кыйын кырдаалдан чыгып кеткенибизге жүрѳгү жылыганын жашыра албады. Коштошуп жатканда кыргыз кайда болбосун, каерде жашабасын, Жараткан бѳѳдѳ кырсыктан, алааматтан сактап, ѳз ара ынтымакта, кайтпаган биримдикте болушун тилеп жатты. Мага муну уккан ар бир кыргызстандык толкунданып, кѳзүнѳ жаш айланып, жүрѳгүнѳ Мекенге болгон ыйык сезим, кѳкүрѳгүнѳ кыргызмын деген улуу касиет уюгандай сезилет эле.

Жусуп Мамай атабызды кыргыздын тирүү энциклопедиясы десек аша чапкандыкка жатпаса керек. Себеби, Манасын, кѳптѳгѳн кенже эпосторун айтпаганда да, анын кыргыздын этнографиясы, тарыхы, санжырасы, салт-санаасы, каадасы, акылы, ою жѳнүндѳ, жалпы эле адамзатта кантип адам болуу, адамдык-инсандык сапатты кандай алып жүрүү боюнча билими терең болгон. Андыктан Кытай кыргыздарынын таанымал окумуштуусу жана коомдук ишмери Макелек Өмүрбайдын: «Жусуп Мамайдын “Манасы” – кыргыз акылынын түйүнчөгү» - деп айтуусуна негиз бар. Дагы айта кетчү нерсе - залкар манасчы окуяны алдын-ала билген көзү ачык, акыл көрөңгөсү тунук адам болгон. Жада калса элдик табыпчылыкты, ырым-жырымды терең билгендиги да таң калтырбай койбойт. Жусуп ата сак-саламат, деми күчтүү убагында колунда касиети болуп, айылдаштарынын тамырын кармап, дартын айтып, табыпчылык да кылчу экен.

Жусуп атабыз динди катуу карманган такыба үй-бүлөдө туулгандыктан, мусулманчылыкты бекем тутуп, Меккеге ажы сапарына барып, ден соолугу мүмкүнчүлүк беришинче намазга жыгылып жүргѳн. Залкар манасчынын кѳзү ѳткѳндѳ үйүндѳ пайдаланган жай намазын жакындары атанын аманаты катары мага ыйгарып беришкенин чексиз ыраазычылык менен кабыл алдым.

Кыргыздардын улуу манасчыларынын «акыркы могиканы» болгон даңазалуу Жусуп Мамай атабыз 96 жаш курагында 2014-жылдын 1-июнунда таңга маал Ак-Чийдеги ооруканада оорунун айынан кайтыш болду. Жусуп атанын дүйнө салаарынан 2 күн мурун, тагыраак айтканда 30-май күнү КРнын президенти А.Атамбаевдин жарлыгы менен ага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген жогорку наам ыйгарылып, «Ак Шумкар» ордени берилген. Бирок эң ѳкүнүчтүүсү, наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок. Анын сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилди.

Бүткүл дене турпаты Манастын руху менен сугарылган Жусуп Мамайдын кыргыз элинин руханий кайра жаралуусуна сиңирген эмгегин эске алып, анын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу, анын өмүрү жана чыгармачылыгын ар тараптуу иликтөө жамы кыргыз журтчулугунун көөнөрбөс мурасы катары кала берери калетсиз.

Азат Эркебаев, дипломат

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG