Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Нарында Жусуп Мамайдын зоболосу көтөрүлдү


Жусуп Мамай.
Жусуп Мамай.

Нарын шаарында манасчы Жусуп Мамай уулунун 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Кытайлык кыргыз манасчынын чыгармачылык мурасына арналган иш-чаралар облуста ушул жылдын аягына чейин маал-маалы менен өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн демилгесине ылайык уланып турат. Мындан тышкары манасчынын айкелин тургузуу да пландалган.

Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине арналган Нарын шаарындагы алгачкы иш-чара облустук китепканада болду. Ага кытайлык кыргыз манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы Жусуп Мамай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл ичине аты чыгып калган манасчылар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Манас" эпосу жана Жусуп Мамай" даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Тургунаалы Жусуп Мамай Кытайда чоң атасынын урматына энтокомплекс курулуп жатканын айтты:

Тургунаалы Жусуп Мамай.
Тургунаалы Жусуп Мамай.

- Кытайда жашаган 56 улуттун бири кыргыз. Жусуп Мамай кыргыз элинин сабаттуулугун көтөрүүгө, мектептерди ачууга өз салымын кошуп, Кытай өкмөтүнө чейин кайрылган. Дипломатиялык ишмердүүлүгү эки элдин ортосундагы карым-катнашты чыңдоого да салым кошкон. Ал Манастын сегиз урпагынан сырткары, 14 кенже эпосту айтып берген. Дегеле атабыз жөнүндө айта берсек, узун кеп. Учурда Кызыл-Суу автоном облусунун Ак-Чий аймагында Жусуп Мамайга арналган этнокомплекс курулуп жатат. Мындан тышкары Бээжинде, Үрүмчүдө, Кызыл-Сууда маараке өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө.

Кыргыз адабиятчылары Жусуп Мамайдын эмгеги кытайлык кыргыздардын улут болуп сакталып турушуна салымы зор экенин белгилешет. Ал "Манас" эпосу баш болгон ондон ашуун баатырдык эпосторду айткан, кытайлык кыргыздардын көркөм дүйнөсүн байыткан зор талант.

Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу, адабиятчы Адилет Жаантаевдин айтымында, Жусуп Мамай уулунун эмгегин Кыргызстанда да жайылтыш керек:

Азыр көпчүлүк Жусуп Мамай ким экенин билет, бирок кандай чыгармалары бар экенин билбейт.

- Жусуп Мамайдын эмгеги кытайлык кыргыздардын сакталып турушуна, өз тегин унутпашына өзгөчө орду бар. Ал эми кыргыз адабиятындагы ордун болсо ар ким ар кандай айтып жүрөт. Айрымдар "орду чоң, бийик, жогору" деп айтып жүрүшөт. Бирок аны чечкен эч ким жок. Чен-өлчөмдөрү да жок. Азыр көпчүлүк Жусуп Мамай ким экенин билет, бирок кандай чыгармалары бар экенин билбейт. Кыргыз адабиятында болсо "Манас" эпосу бар. Аны жазгандар тууралуу учкай гана кеп болот.

Манасчынын эмгегин баалап-баркташ үчүн Нарын шаарына анын айкелин коюу пландалып жатат. Мындан тышкары окуучулар арасында “Манас” эпосун Жусуп Мамай уулунун вариантында айтуу боюнча конкурс уюшуруп, Манастын сегиз урпагын айткан манасчыны элге кеңири таанытуу каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева маалымат берди:

- "Манас" биздин улуттук эпосубуз экенин, аны Кытайда өзгөчө баркташаарын биз элге билгизип, аны менен катар иш-чараларды өткөрүшүбуз керек. Ушул жылдын аягына чейин көптөгөн иштер жасалганы турат. Анын эстелигин шаардын кире беришиндеги Мамеке, Шопой, Тыныбек Жапый уулунун эстеликтеринин жанына коюу каралып жатат. Мындан тышкары мектеп окуучуларынын арасында "Манасты" Жусуп Мамай уулунун вариантында айтуу боюнча конкурс уюштуруу демилгеси каралып, учурда жобосу жазылып жатат.

Жусуп Мамай - манасчылык улуу салтты андан ары улап, аны генеалогиялык жактан тереңдетип, кыргыз элинин улуу мурасын жайылтууга, байытууга опсуз чоң салым кошкон саналуу таланттардын бири. "Манастын" айынан ал Кытайдагы "маданий ыңкылап" жылдарында куугунтукка кабылып, абакка түшүп, кийин элдин оозеки чыгармачылыгына маани берилип, тоскоолдуксуз жарыялана баштаган чакта жалпы элдик сый-урматка, мамлекеттик колдоого алынган инсан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG