Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:59

Төлөк Төрөкан атанын санжырасын бурмалабастан изилдейли


Төлөк Төрөкан. Аңыз айылы, КЭР. 13.7.2014.

Кытайлык кыргыз санжырачысы Төлөк Төрөкандын негизги эмгеги Кыргызстанда фолк-хистори өкүлдөрү тарабынан бурмаланган жоромолдор аркылуу коштолууда. 29-ноябрда тарыхчы адистер Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында бул жоромолдорго каршы атайын илимий талкуу өткөрүүдө.

Өмүрү санжыра сактоо менен өткөн залкар инсан

Ыраматылык Төлөк Төрөкан (Tölök Törökan uulu; 1932 – 2018) – кытайлык кыргыздардын XX кылымдын экинчи жарымы – XXI кылымдын башындагы чыгаан санжырачыларынын бири.

Ал көзү өтө электе чыгармасы Кытайда “Кызылсуу Кыргыз басмасы” тарабынан жарыкка чыгып, ал түгүл китеби Кыргызстанга да жетип, көксөөсү суугандай эле болду.

(Караңыз: Төрөкан, Төлөк. Кыргыз эл санжырасы / Айтып берген Төлөк Төрөкан уулу; жазып алган Чыныбай Куден уулу; долбоорлогон Ваң Лишың; жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу; жооптуу корректор Анарке Маметөмүр кызы; көркөмдөп долбоорлогон Лйу Канхай. – Кызылсуу Кыргыз басмасы, 2011. – 554 бет. – ISBN 978-7-5374-1071-7. – Мукабада жана титулдук баракта китептин аталышы ханзу тилинде жана “History story of Kirghiz nationality” деп англис тилинде да берилген. – Кыргызча арап арибинде).

Төлөк Төрөкан 1932-жылы Кытайдын Артыш шаарынын чыгышында Күркүрөө деген жерде туулган. Өмүрүнүн соңунда ал Каражүл айылына таандык Аңыз деген кыштакта байырлап турду (бул кыштак азыркы тапта КЭРдин Кызылсуу Кыргыз автоном облусунун Артыш аймагына таандык). Аңыз кыштагынын аты дыйканчылык менен байланыштуу болсо, ал эми Каражүл географиялык аталышындагы “жүл” сөзү атка ээр жана көрпөчө токулгандан кийин алардын үстүнөн жабылган назик, кооз килемчени билдирген.

Төлөк Төрөкан менен Т.Чоротегин. Аңыз айылы, КЭР. 13.7.2014.
Төлөк Төрөкан менен Т.Чоротегин. Аңыз айылы, КЭР. 13.7.2014.

Токтогул Сатылган уулунун ырында “Атка бир салган жүлдөйсүң” деген саптар бар (кытайлык кыргыз тилчилер тактагандай, мындагы “жүлдөйсүң” сөзүн Ала-Тоодо жаңылыштыктан “дилдейсиң” деп жүрүшөт. “Дил” – “жүрөк” эч жамынчы болбойт эмеспи).

Айрым калемгерлер Төлөк Төрөканды Аңыз кыштагында туулган деп жазып жүрүшөт. Бирок ал 2014-жылы теке (июл) айынын 13үндө Аңыз айылында биз менен курган маегинде өзүнүн туулган жери тууралуу мындайча таасын айткан:

Төлөк Төрөкан: Аңыз айылына менин келгениме 5 жыл болду. Өзүм Күркүрөөдө туулган экенмин. Азыр арык менен агып келип жаткан суу – ошол мен туулуп өскөн Күркүрөөнүн суусу; ушул жакка чейин арык менен агып келет.

ТЧ: Бул жерден канча чакырым алыстыкта?

Төлөк Төрөкан: Бул жерден мен туулган жерге чейин 40 чакырымга жетет.

ТЧ: Бул кыштак кийинчерээк ирилештирилгенби?

Төлөк Төрөкан: Башында жер жок, менин атамдын атасы Үркүнбай 300 кушчу уруусу менен келип, суу жок, аш жок, кыйынчылык болгондо бир өзөндөн бир өзөнгө суу алдырган экен. Ошол арык азыр “Үркүнбай арыгы” деп аталат. Ошол сууну 6 арык кылып алып келип: “Ушул жерди айдап жан сактагыла. Амал жок, биз өз жерибизден азып келдик”, - деген экен. Азыр деле ошол алты арык эски аталыштары менен бар: Берки арык, Орто арык, Токойлуу арык, Шырдак арык деген сыяктуу”.

(Караңыз: Чоротегин Т. Артыштык санжырачы Төлөк Төрөкан: Тарыхыбыздын тамыры терең // Азаттык үналгысы. – 11.8.2015. )

Төлөк Төрөкан ата 2014-жылдагы маегинде өз теги – кыргыздын кушчу уруусунан экенин баса айткан: “...Берилей алганда жагалай кушчу, нарылай алганда - каратал кушчу, андан ары мырзаке кушчу дейт”.

Андан ары ал сөз улай: “...силердин Кыргызстандан келген атам – 32-атам - Жакып... Өз атам Төрөкан, Кашкарда окуган, анын атасы Үркүнбай, ал да Кашкарда окуган... Атамдын туулган жылдарын биле албайм. Өзүм 1932-жылы туулупмун. Үркүнбайдын атасы - Бөкөн; бу киши дагы Букарада окуган, анын атасы Иман, Имандын атасы Акыт; булар дагы Букарада окушкан экен. Акыттын атасы Солтонгелди мырза, анын атасы Калмырза, Калмырзанын атасы Кулмырза; булар дагы Букарада окуган.Кулмырзанын атасы Сарипбек Султанбек Хан Шырдактын алтынчы баласы; Букарада окуган. 25 жыл хандык доорун сүрүп, калмактын колунан өлгөн. Баласы жетим калган. “Баласын өлтүрөбүз” дегенде Каракол молдо деген алып качкан экен. Кара-Тоого келген...

Анын айтымында, Фергана өрөөнүнүн бир өңүрүн бийлеген айтылуу Кубат бий анын 35-чоң атасы болгондой.

Төлөк ата өзү да Кашкардагы медреседе окугандыгын биз менен маегинде тастыктаган. Ал арап, парсы, уйгур тилдерин билгенин айткан эле. Албетте, Борбордук Азиядагы мусулман түрк калктары үчүн орток болгон чагатай жазма тилин да мыкты билген. Кыргызча тексти да өтө жатык.

Кыргызстандын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду Шинжаң Манас изилдөө борборунун жана КЭРдеги Кызылсуу Кыргыз автоном облусунун жергиликтүү бийликтеринин колдоосу астында уюштурган бул этнографиялык саякат маалындагы эң орчун окуялардын бири да – Төлөк Төрөкан аксакал менен өз үйүнөн жолугушуп, аны менен маек курганыбыз болду.

Кытайлык санжырачы Төлөк Төрөкан жана жубайы (ортодо), композитор Мамбетжума Мамбеттурду (оңдо) жана Т.Чоротегин. 13.7.2014.
Кытайлык санжырачы Төлөк Төрөкан жана жубайы (ортодо), композитор Мамбетжума Мамбеттурду (оңдо) жана Т.Чоротегин. 13.7.2014.

Кийинчерээк, 2015-жылы теке - июл айынын 30унда биз Төлөк Төрөкан атабызга – калк кадырлаган мыкты санжырачыга – Жусуп Мамай атабыздын Ак-Чийдин Меркеч айлындагы ашында кайрадан жолуктук. Ал эми 2016-жылы ал Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына да келип кетти. Аны менен Бишкекте да жолугуп, кыргызстандык тарыхчылар чечкейибиз чеч боло сүйүнгөнүбүз эсте.

Төлөк Төрөкан ата 2018-жылдын кулжа (июн) айынын 20сында кичи мекенинде дүйнөдөн кайтты.

Санжырачынын мурасы илимий мамилеге муктаж

Мурдагы жайсаңчыларга айрым жаңы фолк-хистори өкүлдөрү кошулуп, жакындан бери ыраматылык Төлөк Төрөкандын санжырага арналган эмгегин ары чоюп – бери чоюп, андагы маалыматтарды көбүртүп-жабыртып түшүндүрмө бере башташты.

Чынында, аларды көзгө илбей койсомбу деп жүрдүм эле, бирок айрым замандаштарыбыз ого бетер ашынып, “Төлөк Төрөкан өз санжырасы менен көөнө кыргыз тарыхы мындан жети миң жыл мурдагы замандан бери башталаарын тастыктап салды; европачыл тарыхчы сөрөйлөрдүн тилин укпастан, ушул маалыматты окуу китептерине киргизелик” деген ойлорун да ортого сала башташты.

Демек, биз баягы бүбү-бакшы Майрам Сармалдакованын “тиги дүйнөдөн алынды” делген чүргөмө текстин “Манас” эпосунун нагыз варианты катары таңуулоо аракеттеринин башка бир көрүнүшүнө эми кириптер болдук окшойт. Ошол аракеттерди кош колдоп чыккан журналист Темирбек Токтогазиев мырза эми Төлөк Төрөкандын маалыматтарын көбүртүп-жабыртып сересеп салган калемгерлердин “жарчысы” болду, ал жетектеген “Манас жаңырыгы” сыналгы каналы да бул жаатта үстөккө-босток берүүлөр уюштурду.

Ал түгүл айрым авторлор тобу Би-Би-Си Кыргыз кызматынын интернет барагында да өз ойлорун калайыкка жарыялашты.

(Караңыз: Сарыгулов Дастан,Токтогазиев Темирбек,Чороев Кубан. Кыргыздын 7 миң жыл тарыхы жазылган китеп // Би-Би-Си. 20.6.2018. – Мында “Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт” деп да кошумчаланганын баса белгилейлик).

Бул топтун макаласынан үзүндүлөр келтирелик:

Белгилүү санжырачы Төлөк Төрөкан уулу аксакалдын "Кыргыз Эл санжырасы" аттуу эмгеги (Кызыл-Cуу кыргыз басмасы менен "Улуу тоолор" басмасы биргелешип 2015-ж. чыгарган, 471 бет, кирил жазуусунда) кыргыздын тарыхын биздин доордон беш миң жыл мурунку мезгилден баштап биздин доордун 17-кылымындагы окуяларды өзүнө камтыган экен: жалпы 7 миң жыл кыргыз тарыхы далилдүү, так келтирилиптир.

...жылкыны да, койду да кыргыз бөлөк элдерден албай, өзү колго үйрөтүп, урунган экен.

Бул дүйнө тарыхы үчүн жаңы маалымат.

... "Кыргыз зар заман" биздин доордон мурун жазылганын эске алсак, биздин доордун эки миң жылын кошсок, кыргыздын 7 миң жыл тарыхы жазылып калганы талашсыз болууда. Бул Египет, Шумер, Мохенжо Даро тарыхтарынан, да байыркы болуп жатпайбы!

... доордон 4000 жыл мурун кыргыз ханзу эли менен таяке - жээн болгон экен.

... "Жапан ханы (императору) "Жааннама" деген китебин алып караса, эки улуттун (кыргыз менен жапондун) бөлүнүп кеткенине 90-100 гө жакын урук өтүшүп кетиптир..." - Санжыра китептин 393-бети.

Бул окуя 17- кылымда болуп, 100 уруктагы бир муунду 25 жылдан эсептегенде 2500 жыл, же 25 кылым мурун, же биздин доордон 8 кылым мурун кыргыз - жапон бөлүнгөнүн тастыктап турат...

Төлөк Төрөкандын кыргызча санжыра дептеринен. 13.7.2014.
Төлөк Төрөкандын кыргызча санжыра дептеринен. 13.7.2014.

Айтор, тарыхчылардын “көзүн ачкысы келген” Дастан Сарыгулов, Темирбек Токтогазиев, Кубан Чороев мырзалар маашырлана жазган учурлардын бардыгын санасак, кагаз чак келчүдөй эмес.

Тек гана айтаарыбыз – санжыра деген кубулуш жалпы жазма жана оозеки түрлөрдө жайылтылган фолклордук чыгармалардын бири болуп саналат.

Санжыраны ыракаттанып окуу керек, кээ бир учурларда чынында да жазма даректерде катталбай калган айрым жагдайларды санжырадан учуратууга мүмкүн. Андай жагдайды да этияттык менен окуу керек. Маселен, айрым санжыралык варианттарда XVIII кылымда кыргыздын кайсы бир баатыры четтен келген жүздөгөн душманды өзү гана найзалап-кылычтап өлтүргөндүгү тууралуу аңыз кептер чындыктай жазыла берет. Автомат менен кырганда да мынчалык жоону бир эле баатыр боо түшүрүп кырышы мүмкүн эмес экендигин азыркы окурман ылгап билет деп ойлойм.

Анын сыңарындай, санжырада көөнө тарых “он миң жыл, жүз миң жыл илгери” деп жеңил-желпи айтыла берет. Ага дароо ишенип алып, “Мохенжо-Даро аймагында табылган Байыркы Индиядагы маданий очок менен жашташ элдин тарыхы тастыкталды” деп жар салыш – фолк-хистори өкүлдөрүнүн гана сүйгөн иши. Ал эми Төлөк Төрөкандын санжырасында Хараппа, Мохенжо-Даро цивилизация очоктору тууралуу эч бир маалымат жок.

Эми фолк-хистори өкүлдөрүн жапондордун да фолкң-хисторичилери кучактап жыгылаары күтүлөт: алар байыркы жапондор биздин заманга чейин 8 кылым илгери жапондор кыргыздардан бөлүнүп чыккан тура деген жоромолду кантип эле жактырышпасын? Балким, Дастан Сарыгулов, Темирбек Токтогазиев, Кубан Чороев мырзаларды алар Токиого конокко чакырышаар?

Бирок алар конокторду уккан соң, "Жапан ханы (императору) эч качан "Жааннама" деген китеп жазбаптыр, бул жагын кантебиз?” деп ийин куушурушу деле мүмкүн.

“Зар заман” сөзүнө келсек, бул – XIX кылымда Борбордук Азия мусулмандарынын чагатай адабиятында жана фолклорунда кеңири жайылган жана сопулук философиялык агымдарга да түз тийешеси бар “заманачылардын” эле чыгармачыл мурасынын изи. Аны ислам дооруна чейинки “баканын бутундай” (“бакабут”) жазмасында жазылган китептин аталышы катары кароо – күлкү келерлик нерсе. (Бул жазма – руна сымал алфавитпи, же тохар жазмасыбы, эч белгисиз; демек, аны фолклордук чыгармада аты аталган жомоктук жазма катары гана чечмелей алабыз).

Албетте, жалаң санжыра дүйнөсүндө жашаган Төлөк Төрөкан өзү арапча “заман” сөзү араптардын өздөрү Борбордук Азияга караандап-жолой электе эле Чыгыш Теңир-Тоого чейин таркаган го дегенге ишенсе да, XXI кылымдын башындагы пост-советтик интеллектуал (айдың) кишилер ушул жомокко ишенип калгандыгы таң калычтуу жагдай.

Айтмакчы, кыргыз тарыхы мусулман жазма булактарында тийди-качты чагылдырылып турган (бул жаатта, б.а. орто кылымдардын эрте мезгилиндеги арап булактарында кыргыздардын чагылдырылышы тууралуу маркум профессор Өмүркул Караев жана ушул саптардын ээси өз кандидаттык диссертацияларында атайын изилдешкен).

Атасы Осмонаалынын сүрөтү менен Бүбүш Осмонаалы кызы. Кочкор. 2014.
Атасы Осмонаалынын сүрөтү менен Бүбүш Осмонаалы кызы. Кочкор. 2014.

Бирок “кыргызиййа” аталышы камтылган эмгектерге келсек, алгачкы өз алдынча китептердин бири – сталинчил жазалоолордон Кытайга качып кутулуп, 1942-жылы Текес аймагында каза болгон Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун 1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында кыргызча арап арибинде жарыяланган “Мухтасар тарых-и кыргызиййа” эмгеги.

Бул эмгек анын “Тарых-и кыргыз шадманиййа” китеби менен биргеликте 1986-жылы Кытайда кайрадан бир жыйнак болуп басылып чыккан.

(Караңыз: Сыдыков, Осмонаалы. Мухтасар тарых-и Кыргызийа / Баш сөз жазган Х.Карасаев. - Фрунзе: Кыргызстан, 1990. - 107,[4] б.; Чоротегин Т.К. Зарыктырган эмгек: (Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги жөнүндө) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 61—67; Койчиев, Арслан Капай уулу. Осмоналы Сыдык уулу жана анын "Тарыхтары" / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. — Бишкек, 1992. — 46 б.; ж.б.)

Осмонаалынын санжыралык мурасы менен Төлөк Төрөкан мыкты тааныш болчу. Бул тууралуу аны менен 2015-жылы да сөз кылганбыз.

Орто кылымдардагы мусулман библиографтарынын кыйла эмгектерин да карап чыкканбыз. Маселен, Махмуд Кашгари Барскани жазган “Дивану лугати т-турк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; 1072–1077-жж.) чыгармасында, 'Абд ал-Карим ас-Сам'ани (1113-1167) жазган «Китабу л-ансаб» - «Ныспалар китеби» эмгегинде, Абу 'Абдаллах Шихаб ад-Дин ар-Руми ал-Хамави Йакут (1179-1229) жазган «Му'жаму л-булдан» -«Өлкөлөрдүн аттарынын алфавиттик жыйнагы» аттуу араб тилинде жазылган географиялык жана биографиялык маалыматтарга бай китепте, айтылуу араб тарыхчысы жана биографы Ибн Халликан (1211-1282) жазган «Китабу вафайати л-а'йан» - «Чыгаандардын өлгөн (мезгили) тууралуу китеп» аттуу биографиялык эмгекте, Мемлүктөрдүн тушундагы Каир шаарында 1398 / 99—1451-жылдары жашаган Абу Мухаммад Махмуд ибн Ахмад ибн Муса Бадр ад-Дин ал-'Айни деген аалымдын арабча жазылган отуз томдук «'Ыкду л-жумаан фи та'рихи ахли з-замаан» («Азыркы замана калкынын тарыхы боюнча бермет шурулары») китебинде, Осмон түрктөрүнүн Мустафа ибн Абдуллах Катиб Челеби Хажы Халифа (1609–1657) деген аалымынын «Китептердин жана илимдердин аталыштары жаатындагы шектенүүлөрдөн арылуу» («Кешфу з-зунуун 'ан асаамии-л-кутуб ва-л-фунуун»; кыскача — «Кешфу з-зунуун» — «Шектенүүлөрдөн арылуу») аттуу библиографиялык-энциклопедиялык тактама эмгегинде ж.б. чыгармаларда “Кыргызиййа – Зар заман” деген эч бир чыгарманын аталышы катталган эмес.

Биз Төлөк Төрөкандын эмгегинде аталышы учураган (2011. – 18-бетте) “Кыргызиййа – Зар заман” деген эмгек эч качан биздин заманга чейинки доордо жазылган эмес деп ачык айта алабыз.

Бул жыйынтыгыбыз Төлөк Төрөкандын санжыралык мурасын таптакыр четке кагуу дегенди туюнтпайт. Тек гана XXI кылымдын башына чейин салттык санжыра өнөрүн өчүрбөй сактап келген бул аксакалдын чыгармачыл мурасын тарыхый салыштырма жана башка ыкмалар менен терең изилдеп, бул санжыралык мурасты көп жагынан көркөм фолклордук чыгарманын түрү катары кароо зарылдыгын азыркы кыргыз таануучулар жана түркологдор эч жадынан чыгарбашы керек деп санайбыз.

Албетте, фолк-хистори өкүлдөрү, керек болсо, бул китепти бүткүл ааламдын жаралышы жаатындагы нагыз чындык камтылган китеп деп карай беришсин, бирок тарыхты шөкөттөп-бурмалоону жактагандардын маркум Төлөк Төрөкан жазган санжыранын тегерегиндеги өздөрү чыгарган күлкү келтирген жоромолдорун (анын ичинде “кыргыз тарыхы жети миң жыл мурда эле катталган имиш” деген түкшүмөлдөрдү) фактологиялык негиздеме катары заманбап окуу китептерине киргизүүнү таңуулаган сунуштарына биротоло бөгөт коюу зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG