Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:34

“Азаттыктын” ардагери Мурат Кожобеков эми “-мыш” белесине аттанууда


Мурат Кожобеков Осмонаалы Сыдыковдун тарых китептеринин 100 жылдыгына арналган жыйында. 07.8.2014.

“Азаттык” үналгысынын ардагерлеринен болгон таанымал тарыхчы, журналист Муратбек Чалаке уулу Кожобековдун чыгармачыл бейнесине бир сүртүм.

Бир обондуу ырдын саптарын саал оңдоп пайдалансак:

О-о анда күлгүн элек, күлгүн элек,

Күнү-түн демилгелүү жүрдүк элек...

Эми гана “-мыш” деген куранды мүчө уланган жаштын кырына өтүп жаткан Мукебиз азыр да күүлүү-демдүү, демилгелүү. Илгери бул жашка келгендер бери дегенде чокчо сакал коюп каадаланып, атайылап картаң көрүнүүгө тырышчу тура. Мукебиздин устарасы “энесайлык кыргыздардыкындай сары” жүзүнө кыл жолотпой күжүрмөн иштесе, өзү да устарасынан кем калбай мээнет кылып шыпылдап басып жүрүп, кырктын кырындагыдай кыябынан жазбай келет. Атайылабаса деле ал кыйла жаш көрүнөт.

Мурат Чалаке уулу Кожобековду калың журтубуз эгемендик доордо Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы жаатында алгачкы кандидаттык диссертация жактаган тарыхчы катары жакшы билет. Диссертациялык эмгегинин темасы да дың бузар мааниге ээ: «Орто кылымдагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын өнүгүү баскычтары».

Бул диссертацияны андан ары өркүндөтүп, ал 2013-жылы кыргызча жарыялаган төмөнкү эмгек бат эле сейрек китептердин бирине айланды:

Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.

Маркум профессор Өмүркул Караев (1930-2002).
Маркум профессор Өмүркул Караев (1930-2002).

Анын илимий устаты – Борбордук Азияга аттын кашкасындай белгилүү тарыхчы, маркум Өмүркул Караев (1930–2002) агайыбыз эле. Кыргыздын алгачкы заманбап булак таануучу арабисти болгон жана Энесай кыргыздары, Теңир-Тоого Энесайдан IX кылымдын ортосунан тартып кайткан кыргыздар жөнүндө, Карахандар каганаты, Моголстан мамлекети сыяктуу мурда дурус иликтенбеген орто кылымдардагы мамлекеттер тууралуу көөнөргүс эмгектер жараткан Өмүркул агайдан Мукебиз илимий багыт гана албастан, анын мээнеткечтиги менен карапайымдыгын да мурастап калыптыр десек болот.

Азыркы жаштар биле бербеген бир жагдай бар: 1982–1984-жылдары Кыргызстандын борборунда расмий коммунисттик цензурачыл бийликке таянып (же Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетин жетектеген коммунист “лөктөрдүн” түрткүсү менен) айрым “илимдин аткаминерлери” Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын “биздики эмес” деп жерип турган чакта, Өмүркул Караев агай “жогортодон” таңууланган калпыс жобого ачык каршы чыгып, Энесай Кыргыз каганаты доору – азыркы кыргыз улутунун көөнө тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү экенин далилдеген илимий эмгектерин уланткан. Анын айрым замандаштары темасын өзгөртүп же Бишкектеги коммунисттик Ак үйдүн “камчысын чаап” кеткен маалда Өмүркул агайдын бул принциптүү туруму болочок тарыхчылар мууну үчүн ажайып өрнөк болду.

Айрым соболдор чыкпай койбойт: ошондо эле Муратбек өзү эмне үчүн жогорудагы таңууланган жобого каршы чыкпады экен? Неге ал өзүнүн макалаларын “Кайра куруулар” доорунда гана жаза баштады?

Негиздүү суроо. Эмне үчүн? Кээде бул суроону Мураттын өзүнө гана эмес, башка да бир муундан болгон теңтуштарына узатып, бир беткей сындаган учурлар бар.

Анын жообу жөнөкөй: бул илимдеги тирешүүлөр маалында Мурат студент гана болчу. Студент чак – илимде темир канат балапандай эле бааланат эмеспи.

Муратбек Кожобеков 1976-жылы Кыргыз кырка тоосунун тескейиндеги Чүй өрөөнүнүн батышындагы тоо этегиндеги өзү туулуп-өскөн Кум-Арык айылында орто мектепти аяктаган соң, ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атынагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетине ийгиликтүү тапшырган.

Ал эми 1980–82-жылдары ал аскерге чакырылып, советтик аскерлердин катарында Сахалинде кызмат өтөгөн. Аскерден келип, аталган факультетте окуусун уланткан Мурат үчүн жогорудагы илимий талаш-тартышка студенттик байкоо жүргүзүү шыбагасы гана тийген.

Демек, “эмне үчүн Кожобеков мырза 1984-жылга чейин окумуштуу катары унчугуп койбоду экен?” деген күдүк суроого эч негиз да жок.

Чынында “Кайра куруулар” доорунун оош-кыйыш окуялары жаш илимпоздордун патриоттук сезимдерин бүлөдү десек болот. Өзгөчө алганда, 1986-жылдын бештин айындагы (декабрындагы) Алматы окуяларынан (айтылуу “Желтоксон окуяларынан”) соң Кыргызстанда 1987-жылдын башындагы “ашынган улутчулдарга каршы” Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети жүргүзгөн айрым саясий өнөктүктөрдү эстесек болот. Ошол маалда, маселен, этнограф Сабыр Аттокуровду Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз санжырасын дарс кылып окуткандыгы үчүн эле жөнү жок жерден кодулашты.

Бул өнөктүктөр кыска убакытка калайыкты чочулатты, бирок сталинизм доорунда жүрөгү үшүп калгандардан айырмаланып, орто муундагылар жана жаштар ого бетер улут көйгөйлөрүн көтөрө башташты. Албетте, көч башында калкайып Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Кусейин Карасаев, Зыяш Бектенов, Бүбүйна Орузбаева, Төлөгөн Касымбеков, Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыков, Кеңеш Жусупов, Казат Акматов, Камбаралы Бобулов, географ Садыбакас Өмүрзаков, тарыхчылардан Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, философтор Кусейин Исаев, Топчубек Тургуналиев ж.б. айдыңдар турду.

Дал ошол “Кайра куруулар” заманында “кыргыздар жалаң гана Кыргызстанда жашабайт” деген пикир үстөккө-босток жарыяланды. Ыраматылык Токтобай Мүлкүбатов агайыбыз ал түгүл “Индияда эки миллиондой кыргыз бар экен” деп жазып жиберген. “Байке, мунуңуз жалган го? Пакистанда, Индияда анча-мынча кыргыз бардыр, бирок он миңге да чыкпаса керек” деп бир жолу андан сурасам: “Тынчтык, элдин руху көтөрүлүп калсын деп эле публицист катары жаздым!” – деп жарк этип күлүп койгон эле. Чынында, Токтобай агабыз да кыргыздын мыкты улутманы болчу. Кийин Токтобай агабыз “Кыргызстан” демократиялык кыймылын уюштурууга да жандуу катышканы эсте.

Ошол жылдары басма сөзгө “Иорданияда да кыргыздар бар экен” деген маалымат чыгып кеткен. Бул маалыматты 1989-жылы басмага берилип, 1990-жылы жарык көргөн “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” эмгегибизде (ыраматылык Бейше Урстанбеков менен биргелешип жазылган китептин 60–61-беттеринде) жарыялап жиберген элек, бирок азыркыга чейин иордан кыргыздарынан кабар жок. Сауд Арабстан менен Австралияда кыргыздар бар экендиги 1992-жылы баш оона (август) айында эле Кыргыздардын Биринчи дүйнөлүк курултайында тастыкталган.

Ал эми жаш окумуштуулар Муратбек Кожобеков менен Кыяс Молдокасымов 1988-жылдын жаз айларында Өзбекстанга атайын өз алдынча этнографиялык сапарга чыгышып, Ташкен облусунда, Жизак облусунда (мындагы Заамин жана Бакмал райондорунда негизги калк – ичкилик кыргыздар эмеспи) өзбекстандык кыргыздардын арасында болуп, алар тууралуу кызыктуу сапарнаамасын жарыялашкан. Алардын бул сапары өтө байсалдуу аяктаган.

Тажикстандык кыргыздар тууралуу Мурза Гапаров агайдын даңазалуу “Кыштакча” сыяктуу чыгармаларынан улам кыйла билип калган элек, кытайлык кыргыздардын автономиялык облусу бардыгы да дайын болчу; бирок өзбекстандык кыргыздар жөнүндө жеринен үйрөнүп, публицисттик маалымат жарыялаган бул эки кесиптештин “Кыргызстан маданияты” апталык басылмасындагы макаласы кыйла талкуу жаратканы эсте.

“Кайра куруулар” доорунда Муратбек Кожобеков кыргыздардын Энесайдан Теңир-Тоого журт которушу тууралуу олуттуу макаланы илимий жетекчиси менен биргеликте жазды.

(Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — Б. 41—66.).

Андан тышкары ал сталинизм доорунда жазыксыз жерден өлүм капасына алынарда эптеп Кытайга качып баш паана таап, бозгунда кайтыш болгон кыргыздын чыгаан тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков жөнүндө макаласын “Ала-Тоо” журналына жарыялады. Ал макала 1991-жылы Кеңеш Жусупов түзгөн “Кыргыздар: Санжыра. Тарых. Мурас. Салт” жыйнагына киргизилди.

Муратбек 1989-жылы 3-июнда уюшулган Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты аттуу бейөкмөт чыгармачыл уюмга мүчө болду. Бул чыгармачыл уюмдун кыргыз тарых илиминдеги реформачыл демилгелерине Мукебиз да жигердүү катышып, совет доорундагы расмий тарыхнаамадагы цензуранын айынан атайылап көмүскөдө калтырылган көйгөйлөрдү ачыктаган илимий жана усулдук баяндамаларды ар кыл жыйындарда жасаган. Учурда Мукебиз – бул уюмдун тарыхый мураскору саналган “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин (2012) мүчөсү.

Ордо шаардагы үй-жайсыз кыргыз жумушчу, айдың жаштары 1989-жылдан тартып Бишкек четинде жеке менчик үй куруу укугу үчүн күрөшкөндө, Мукебиз да четте калбады. Ал азыр “Ак Өргөө” конушунда заңкайта салган үй ошол “Кайра куруулар” доорундагы жаштардын кубаттуу социалдык кыймылынын мөмөлөрүнүн бири.

Жаш илимпоз Муратбек Кожобеков 1987-1992-жылдары Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенген. Ал кезде бул бөлүмдү чыгыш таануучу Өмүркул Караев жетектеген.

1992-жылдан тартып биз Муратты КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрү тарыхы кафедрасына окутуучулукка чакырдык. Мында ал 1996-жылга чейин иштеди. Кийинки, 1997-жылы ал Бишкекте Кыргыз УИАсынын Тарых институтунда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ошондо өзгөчө чечекейи чеч боло кубанган киши – илимий жетекчиси Өмүркул агай эле.

Мукебиз учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде доцент болуп эмгектенет.

Кыргыз илимпоздору Стамбулда (М.Кожобеков - солдо биринчи). 1994-жылдын аяк оона айы.
Кыргыз илимпоздору Стамбулда (М.Кожобеков - солдо биринчи). 1994-жылдын аяк оона айы.

Шакирт өзүнүн устатынан айырмалуу да өрнөктүү иштерди аткарышы абзел.

Өзүнүн эл аралык деңгээлдеги дарстары аркылуу Мукебиз Өмүркул агайдын илимий жоболорун Ала-Тоодон Анатолия жергесине чейин тарката алды. XXI кылымдын башында Муратбек Кожобеков кыргыз тарыхы жана жалпы түрк тарыхы жаатында алыскы Стамбул шаарында да дарстар окуп кайткан. Азыр анын жолун жолдогон кичүү кесиптеши Олжобай Каратаев Түркиянын Кастамону университетинде профессорлук кызматты аркалоодо.

Мурат Кожобековдун шакирттеринин бири, кыргыз, түрк, англис, орус тилдерин мыкты билген таланттуу тарыхчы Роза Абдыкулова осмон архивдик маалыматтарын Анатолия жергесинде кылдат иликтеп, андан соң “XIX к. экинчи жарымы – XX кылымдын башталышындагы Орто Азия менен Осмон мамлекеттеринин байланыштары тууралуу архивдик документтер” деген темада доктордук (PhD) диссертациясын ийгиликтүү коргогон (KТМУ, 2006).

1995–1999-жылдары Муратбек Кожобеков “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунда сырт кабарчы (“фрилансер”) болуп да иштеп турду. Ал 1995-жылдын башында Германиянын Мүнхен шаарына чейин барып, “Азаттык” үналгысынын Мүнхендеги баш кеңсесинде кызматкер болуу үчүн ат салышкан журналисттердин арасында болгондугун айрым замандаштарыбыз биле бербейт.

Ал Эсенбай Нурушев, Салижан Жигитов жана ушул саптардын ээси, андан соң Кыяс Молдокасымов Бишкекте бюро башчысы болуп турган чакта “Азаттыкта” оперативдүү жаңылыктарды топтоп, ар кыл серептер, маектер даярдап иштеп калды.

Азыркы муундагы журналисттер тарыхый жана даректүү тасмаларда гана көрүп калган эски үн жазгыч техника – интернет жаңыдан гана чыгып жаткан ал кездеги бирден-бир курал эле. Үн тасмага жаздырып келип, анан бул тасманы кескилеп, кийин окулган тексттин тасмасына чаптап жабыштырып, өтө машакат менен даярдалган соң, бул аудио материал Мүнхенге (кийинчерээк – Прага шаарына) телефон аркылуу андагы тасмага жаздырылып алынчу.

Мурат бул техниканы тез өздөштүрүп, жашы улуу кесиптештердин материалдарын жаздырууга да көмөк кылчу. Аны менен чогуу Бишкекте иштешкендердин арасында этнограф журналист Амантур Акматалиев, Балбай Алагушев, Бүбүкан Досалиева, Бурулкан Иманалиева, Жаркын Суран кызы, Бурулкан Турдубек кызы, Айнур Эсенкул кызы, Кабыл Макеш, Венера Сагындык кызы, Азиза Турдуева ж.б. “Азаттыктын” ардагерлери бар эле.

Мукебиз “Тарых барактары” деп аталган рубриканы алып барып, мурда белгисиз болгон же унутта калган далай тарыхый окуяларды жана тарыхый инсандарды “Азаттыктын” угармандарына ырааттуу түрдө тааныштырып жүрдү. 2003-жылдан тартып анын берүүлөрүнүн көпчүлүк тексти Интернет барагыбызда да жарыяланып жатты.

Муратбек Кожобеков "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде. 28.07.2010.
Муратбек Кожобеков "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде. 28.07.2010.

Булардын бардыгы Мукебиздин көп кырдуу илимпоздук, публицисттик жана журналисттик талантынын айрым жактары десек болот.

Өмүрдөгү “-мыш” деген сыймыктуу жакка тогуздун айынын 14үндө тайманбастан жана чечкиндүү арым менен өтүп бараткан Мукебизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттык, мындан аркы албан илимий-педагогдук жана публицисттик ийгиликтерди каалап кеткибиз келет.

Муке, Сизге кашыңызда дайыма жаркылдап Гүлзат аяшыбыз, жаныңызда балдарыңыз, небере-чөбөрөлөрүңүз жүрүп, 110го кантип чыкканыңызды да билбей калгандай күү-дем каалайбыз.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG