Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

31-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Муратбек Кожобеков 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендик майрамы. 1679-жылдын 31-августунда красноярскилик воевода энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак кол топтоп, орус шаарларын көздөй аттанганынан кабар алган.

31-август Кыргыз Республикасынын эгемендик майрамы. 1990-жылдын октябрь айында республиканын Жогорку Кеңеши-өлкө аталышын Кыргыз ССРинен, Кыргызстан Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын суверендик Декларациясын кабыл алып, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

Красноярскилик воевода 1679-жылдын 31-августунда энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак кол топтоп, аскерди экиге бөлүп, орус шаарларын көздөй аттанганы туурасында кабар алган. Колдун бир канатын бек Шанды баштап, негизги күчтү болсо Еренак өзү жетектеп, кыргыздар эки багыттан Красноярскиге бет алган. Кыргыздардын жолун тосуп чыккан Р. Кольцовдун аскерлери аларга катуу сокку урган. Согушта Еренактын өзү аз жерден колго түшүп кала жаздаган. Ал аттан жыгылып, орустар курчап келген маалда, кыргыз жоокерлери өкүмдарды атка мингизип алып качууга жетишишкен.

М. И. Калинин кол койгон, Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитет Президиумунун Жетисуу эмгекчилерине кайрылуусу 1922-жылдын 31-августунда кабыл алынды. Кайрылууда Жетисуу областында жүргүзүлүп аткан жер-суу реформасына каршы уюшулган аракеттер айыпталып, бай-манаптардын душманчылыгынын тамырын кыркуу туурасында чакырык ташталат.

Кыргыз обком ВКП (б) сынын VI пленуму 1936-жылдын 31-августунда ишин аяктады. Пленумда ВКП (б) БКы менен СССР Элдик комиссарлар кеңеши чыгарган «Сабатсыз жана жарым сабаттууларды окутуу иш чаралары» сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

«Манас» эпосунда кездешкен улуттук спорт оюндарын изилдөө иши 1944-жылдын буk күндөрү башталып, ал ийгилик менен улантылды. Эпосто учураган улуттук оюн түрлөрүнүн изилдөөгө алынышы, согуш маалындагы Лесгафт атындагы Ленинград физикалык маданият институтунун эвакуацияланышы жана СССР Верховный Советинини X сесcиясында каралган улуттук эпосту изилдөө чечими зор түрткү берген. «Манас» дастанында кездешкен улуттук оюндарды изилдөө ишин аталган институттун профессору Е. Зеликсон колго алып, ага караштуу илимий топ эр сайыш, күрөш, улак тартыш сыяктуу оюндарды иликтей баштаган.

Бул күнү, 1935-жылы шахтер Алексей Стаханов көмүр казуу боюнча күндүк норманы 14 эсеге арттырып, 12-жылы Рим императору Калигула, 1749-жылы орус жазуучусу, философ Александр Радищев, 1821-жылы немец физиги Герман фон Гельмгольц жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG