Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:06

Ала-Тоодо “Азаттык” үналгысынын дили да, иши да ак


Ал кездеги Кыргыз Өкмөт башчысы А.Атамбаев "Азаттык" үчүн маек курууда. 30.12.2010.

“Азаттык” үналгысында узак мезгил иштеп кеткен ардагердин күндөлүгүнөн (блогунан).

Өтүнүч кат

Урматтуу Президент Алмазбек Шаршен уулу Атамбаевге ачык кат жазуума соңку мезгилдеги кырдаал түрткү болду.

Мен бул катты сырттан карап турган киши катары эмес, парламенттик демократияга карай багытта президенттин көпчүлүк реформаларын жактаган, аны менен үзөңгүлөш болуп иштешип жаткан инсан катары жазып жатам, тарых илимин өнүктүрүү аркылуу өлкөбүздө маалымдуулукту тереңдетип, көөнө тарыхыбыздын бардык баскычтары жаатында кабардар болгон чыныгы патриотторду, чыныгы атуулдарды калыптандыруу үчүн президент өзү тапшырган ишти ‑ “Мурас” коомдук корун жетектөөнү аркалап жаткан илимпоз жана журналист иниси катары жазып жатам.

Адатта, бирөө кат чүргөгөндө сөзү бүдөмүк болуп, эмне ойду айткысы келгени белгисиз калышы мүмкүн. Мен сунушумду башында эле жазайын: Урматтуу Президенттен “Азаттык” үналгысынын расмий катталган жергиликтүү бюросу – “Азаттык Медиа” мекемесинин эсебин тез арада кайра ачтырып, “Азаттыктын” Кыргызстанда эч тоскоолсуз иш алып барышына жекече салым кошуусун көптөн-көп өтүнөм.

КМШ өлкөлөрүнүн азыркы курамынын ичинен Кыргызстан гана маалымат эркиндигин чындап камсыз кылган демократиялуу мамлекет катары өзүн көрсөтө алды.

Бул убактылуу каржылык бөгөттү Кыргыз бийлиги гана жоюуга эрктүү деп билем. Азыркы реалдуулук ушул.

Келээрки жылы – “Азаттыктын” 65 жылдык мааракеси

“Азаттык” үналгысынын кыргызча берүүлөрү обого алгачкы жолу 1953-жылы 18-мартта (жалган курандын 18инде) Мүнхенде чыккан эле. Бул алгачкы берүүнү алып барган баштоочубузду – Азамат Алтайды (туулгандагы ысымы – Кудайберген Кожомбердиев) Кыргызстанда расмий түрдө жектеген учурдан кайра терең урматтаган учурга чейин узак жол басылды. Азыр анын ысымы менен биз сыймыктанабыз. Анын чапкан жолу менен кеткенибизге да сыймыктанабыз.

Урматтуу Президент Алмазбек Шаршен уулу агайыбыздын да ушундай кадырман кишилери иштегендиги үчүн “Азаттыкка” ыраазы боло айткан сөздөрү бар.

Келээрки жылы, буюрса, демократиялуу Кыргызстанда “Азаттык” үналгысынын 65 жылдык торколуу мааракеси кеңири белгиленет деп ишенем. Урматтуу Алмазбек Шаршен уулу агайыбыздан да дал ошол маараке күндөрү куттук сөз күтөбүз деп ойлойм.

Кыргызстан – сөз эркиндигин камсыз кылуу үчүн күрөшкөн өзгөчө өлкө

“Азаттык” үналгысы жарала элек кезде эле кыргыз элинин “Манас” дастанына бай-манаптык, феодалчыл, пантүркчү, панисламчы сыяктуу жарлыктарды тагып, тыюу салгысы келгендер чыкканда, кыргыз айдыңдары жапатырмак чыгып, аны элдик эпос катары коргоп калышкан. Ошондо Азамат Алтайдын Франциядагы досу Александр Беннигсен кыргыздарга тен берип, ал түгүл Компартиянын түздөн-түз жарчысы болгон “Кызыл Кыргызстан” гезити аркылуу да “Манас” дастанын сактоо үчүн тайманбай макалалар жазган айдыңдарды мактап макала жазган.

“Азаттык” үналгысы кыргыз элинин сөз эркиндиги үчүн күрөшүнө өзү түзүлгөн күндөн тартып ырааттуу салым кошуп келди.

Бул жаатта “Азаттыктын” кабарчылары – кыргыз элине чоочун эмес, кыргыз элинин өзүнүн кулуну катары кызмат кылып келишти жана бул ишти улантышууда.

Азамат Алтайдын улантуучулары

“Азаттыкты” жетектеген жана анда иштеген айрым инсандарды атай кетейин.

Төлөмүш Жакып уулу – “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз бөлүмү өз алдынча редакция болуп жиктелгендеги алгачкы деректир (1975-83/84).

Андан соң Азамат Алтай АКШдагы Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп жаткан жеринен кайра Мүнхенге чакырылып келип, деректир болгон (1984-88).

Аким Өзгөн деректир болуп турган чагында (1989-95), “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тиешелүү тилдердеги кызматтарынын (редакцияларынын) жетекчилеринин ичинен алгачкы болуп өз тарыхый мекенине расмий сапар менен келген инсан болгон. Бул – 1989-жылы август-сентябрдагы демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык торколуу тою эле. Аким Өзгөн мырзанын Советтер Биримдигине алгачкы жолу расмий сапарга аттануу үчүн виза алышына СССРдин Президенти М.С.Горбачёвдун кеңешчиси, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгон.

Андан кийин “Азаттык” үналгысын Мамашарип Газы (1995) агабыз жетектеп турганда бул кызматтын баш кеңсеси Мүнхенден Прага шаарына көчүрүлдү.

Андан соң америкалык түрколог жана фин-угор таануучу, доктор Чарлз Карлсон (1996-жылдын башынан 2002-жылдын соңуна чейин) “Азаттыктын” Кыргыз, Казак, Өзбек кызматтарын башкарып келди. Ч.Карлсондун директорлугу маалында Кыргыз кызматынын редактору катары ага Амирбек Азам уулу Усманов, Нарынбек Идинов (Нарын Айып) жана Т.Чоротегин кол кабыл кылышкан.

2003-жылдын 1-январынан Кыргыз кызматы (“Азаттык” үналгысы) кайрадан өз алдынча редакция болуп бөлүнүп, аны 2010-жылдын 30-сентябрына чейин ушул саптардын ээси жетектеди.

Ал эми 2010-жылдын 1-октябрынан азыркы тапка чейин “Азаттык” үналгысын Венера Сагындык кызы Жуматаева татыктуу жетектеп келет.

Быйыл февралда (бирдин айында) жалпы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жетекчилиги “Азаттык” үналгысынын ишин эң мыкты деп тапты.

Анын ийгиликтеринин башкы себептеринин бири – “Азаттыктын” кабарчыларынын чыгармачыл, чаалыкпас жана оперативдүү эмгеги гана эмес, кыргыз элинин өзүнүн да тээ көчмөндөр цивилизациясынан мурасталган касиети ‑ эркин маалыматка умтулган мүнөзү деп билебиз.

“Азаттыктын” Бишкек бюросунда алгач иштегендер жана аны жетектегендер

Оболу, “Азаттык” үналгысы СССР кулай элек кезде жергиликтүү кабарчы таба алган алгачкы кызмат болгондугун айта кетелик. Бул – “Азаттыкка” гана упай алып келбестен, аны менен ачык кызматташууга дааган инсан чыккан кыргыз совет коомун да мактоого арзытат.

Бул алгачкы кабарчы – белгилүү түрколог окумуштуу, топонимист, тилчи Кадыралы Коңкобаев агай эле. Ал, жаш илимпоз чагында, 1990-жылы жана 1991-жылдын март айынын акырына чейин “Азаттыктын” туңгуч кабарчысы катары иштеди. Андан кийин ал Түркияга илимий сапарга кеткен соң, ордуна мени сунуштаган. Аким Өзгөн мырза 1991-жылдын апрелинен тартып мени “Азаттыктын” экинчи кабарчысы катары кызматка алды (бир эле учурда Кыргыз улуттук университетинде окумуштуу, окутуучу катары ишимди уланта бердим). 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп калдым.

1992-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Кыргызстан бийлиги “Азаттыкка” жергиликтүү толкундарда өз берүүлөрүн ырааттуу чыгарууга мүмкүнчүлүк ачты.

Бул жааттагы ар кыл жылдардагы сүйлөшүүлөргө Сатыбалды Жээнбеков, Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов, Эмил Зияш уулу Бектенов сыяктуу чыгаан инсандар катышкан жана “Азаттыкка” жергиликтүү шериктер аркылуу берүүлөрүн обого чыгарууга ак баталарын беришкен.

(Кыргызстан бийлиги “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү толкундарына толук бөгөттү эки жолу гана койгону эсте: мурдагы президент Аскар Акаев 24-марттагы (жалган курандын 24үндөгү) Жоогазын ыңкылабынын натыйжасында кызматтан кетээринен 28 күн мурда жана мурдагы президент Курманбек Бакиев 7-апрелдеги (чын курандын 7синдеги) элдик ыңкылаптын натыйжасында кызматтан кетээринен 28 күн мурда ошондой окуялар болгон. Азыркы тапта “Азаттык” өз берүүлөрүн ЭлТР жана башка шериктери аркылуу мурдагыдай эле ээн-эркин обого чыгарууда).

“Азаттык” үналгысы Бишкекте расмий түрдө өз кеңсесин ачканга чейин далай убакыт менин батирим негизги байланыш түйүнү болуп жүрдү. Кыргызстандын байланыш түйүндөрү чет мамлекетке чыгууга укуксуз болгон мезгилде Мүнхен менен байланышты Алматы шаарындагы телефон түйүнү аркылуу суратчумун (эми чоң аталарыбыз жайлоодо туруп эле уюкфон аркылуу Австралия, Жапония, Канада менен баарлашып жатпайбы!)

Кийинчерээк Кыргызстандын “Кабар” мамлекеттик агенттигинин кеңсесинен алгачкы кабинетке ээ болуп, үн жаздыргыч аппаратураны алдырдык. Андан соң Бишкек бюросу “Кыргыз улуттук энциклопедиясынын Башкы редакциясынын” имаратынан жана башка жайлардан орун алып жүрдү. Быйыл бюро татынакай бир имаратка кеңсесин көчүрдү.

1995-жылдын башынан (Прага шаарына кеткенге чейин) Эсенбай Нурушев агабыз Бишкек бюросун жетектеди. Андан соң 1995-жылдын июнунан 1996-жылдын июлунун соңуна чейин Салижан Жигитов Бишкек бюросун жетектеди. Мен кайра Бишкек бюросун Салижан агайдан кийин жетектеп калып, 1998-жылы апрелде Лондонго, Би-Би-Си Кыргыз кызматына продюсер болуп кеттим. Ордумда бюрону жетектеп калган Кыяс Молдокасымов 2005-жылдын мартынын соңуна чейин 7 жылдай аны башкарды. Кыяс мырза 2005-жылдын октябрынан 2007-жылдын ноябрына чейин КТРКны жетектеп турганда, аны “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотуп сал деп далай ирет кысмакка алышкан, бирок ал мындай кадамга баруудан баш тарткан.

Кубат Оторбаев мырза бюрону (“Азаттык Медиа” мекемесин) 2005-жылдын апрелинен 2010-жылдын 7-апрелинин кечине чейин жетектеди. Ыңкылаптын эртеси ал КТРКнын Башкы деректири болуп калды.

Андан кийин Бишкек бюросун Бурулкан Сарыгулова, Султан Жумагулов, Султан Каназаровдор жетектеп келишти.

“Азаттыкта” иштеп кеткендер

Кыргыздын далай чыгаан уул-кыздары “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунда, Түркияда, Маскөөдө жана башка аймактарда иштеп кеткенин белгилөө керек.

Алардын арасында даңазалуу журналист-этнограф Амантур Сейталы уулу Акматалиев, музыка таануучу жана журналист Балбай Алагушев, жазуучулар Муса Мураталиев, Көчкөн Сактанов, Султан Раев, акын жана коомдук ишмерлер Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин, адабиятчылар Санарбек Карымшаков, акындар Фатима Абдалова, Жазгүл Жамангулова, журналисттер Жаркын Темирбаева, Бурулкан Иманалиева, Машакбай Рахманкулов, Айнур Эсенкул кызы, Чолпон Орозобекова, Султан Абдыракманов, Кубат Чекиров, Надыр Момунов, Жаңыл Жусупжан, Дамир Калыков, Шейшекан Жаналиева, Жаркын Ибраева, Рита Борбукеева, Элеонора Куленбекова, Тынчтыкбек Кожобеков, Каарманбек Кулуев, Шайырбек Эркин уулу, азыркы ЖК депутаттары Жанар Акаев, Аида Касымалиева, жазуучу жана журналист Ырысбай Абдыраимов, тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Мурат Кожобеков, Арслан Капай уулу Койчиев, Азиза Турдуева, географ-экологдор Темирбек Чодураев, Кайрат Молдошев, экономисттер Сапар Орозбаков, Амирбек Азам уулу, спорт журналисти Кабыл Макешов, ж.б. калайык сыйлаган замандаштарымды айтсам болот.

Азыркы “Азаттыктын” дөө-шаалары да калк кадырына арзыйт

Алардын арасында эл акыны Шайлообек Дүйшеев эле опол тоодой сөзгө татыйт. Анын кичүү кесиптештери Бекташ Шамшиев, Бүбүкан Досалиева, Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу, Айзада Касмалиева, Замира Кожобаева, Элеонора Бейшенбек кызы, Прагада Айнура Жекше кызы, Улан Алымкул уулу, Төрөкул Дооров, Гүлайым Ашакеева жана алардын артында келе жаткан жаштардын чоң толкуну...

Бир ирет “Азаттыктын” жаш кабарчысы майып бала тууралуу макала жарыялаганда, бир замандашым “мындай социалдык маселелерди коюп, “Азаттык” демократия жөнүндө берүү даярдаса болмок” деп калды. Демократия – нагыз элдин, - анын ичинде өзгөчө социалдык камкордук талап кылынган карапайым инсандардын, - көйгөйү таасын жана ар тараптуу чагылдырылганда гана бир нерсеге татыйт.

Жаш кабарчылар улам жаңы көйгөйдү кайдыгер болбой чагылдыруу жана ар кыл социалдык топтордун турмушун ачыктоо аркылуу “Азаттыктын” берүүлөрүн улам жаңы сереге көтөрүп жатышат.

“Азаттыкчылар” кимдин буюртмасын аткарышат?

Адатта, “Азаттыкка” кыргый кабак менен караган маалда “америкалык империалисттердин, АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (БЧК) буюртмасын аткарып жатышат” деп жаманатты кылып калышат.

Мен ачык айта алам – ыраматылык Азамат Алтайдан тартып азыркы жаш журналисттерге чейин эч ким эч качан АКШнын БЧКсынын тыңчысы болушкан эмес. Венера Сагындык кызы жакында “Фейсбукта” жазгандай, эгерде “Азаттык” Кыргызстандын коомунун кызыкчылыгына төп болбой турган ишти аткарчу болсо, анда “Азаттыктын” кабарчылары бир көз ирмемге да “Азаттык” үналгысы үчүн иштемек эмес.

Туура, мекеме катары “Азаттык” АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. Бирок ага АКШны мактап-жактоо тапшырмасы эч качан берилген эмес. “Азаттык” үналгысынын бир гана гуманитардык мүдөөсү бар. Ал – Кыргызстанда басма сөз жана сөз эркиндигин, маалыматтын ачык-айкын таркалышын колдоого алуу.

Мындан башка “Азаттыкчылардын” эч мүдөөсү жок.

Бул мүдөөнү ачык, демократиялык коом курууга белсенген кыргызстандыктар “Азаттык” үналгысы жок эле өздөрү жүзөгө ашырып жаткан кезде, “Азаттыктын” ишмердиги – жакшы маанайдагы, максатташ, үзөңгүлөш шериктин гана көмөгү.

“Азаттыктын” дал ушул мүдөөсүн жүзөгө ашырууга кол кабыш кылгандыгым үчүн мен сыймыктанып келем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG