Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Аким Өзгөн 64 жашында дүйнө салды


Аким Өзгөн. 2004-жылдын күзү.
Аким Өзгөн. 2004-жылдын күзү.

Таанымал журналист, “Азаттык” үналгысынын мурдагы директору Аким Өзгөн бүгүн таңга маал дүйнөдөн кайтты. Ал 1953-жылы 13-декабрда Пакистанда туулган. Кийин ата-энеси Түркиянын Адана жергесине көчүп келген. Ата-теги Кыргызстандын Өзгөн аймагынан болгондуктан, өзүнө “Өзгөн” тегатын алган. 1980-жылдардан тартып Аким Өзгөн "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Кыргыз кызматында (“Азаттык” үналгысында) иштей баштаган. Бул кызматтын директору Азамат Алтай ардактуу эс алууга кеткен соң, ордуна “Азаттык” үналгысынын жетекчиси болуп дайындалган.

Аким Өзгөн 1989-жылы август-сентябрда Кыргызстанга алгачкы жолу келип, демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык мааракесине чет элдик кыргыз коногу катары катышкан.

Аким Өзгөн 1990-жылдан тартып кыргызстандыктарды кабарчы катары “Азаттыкка” тартууга, 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” берүүлөрүн Кыргызстанда орто толкунда жана башка жыштыктарда обого чыгарууга, Бишкектеги бюросун ачууга жетишкен реформатор жетекчи болгон.

Ал 1995-жылдан тартып Мүнхенден Түркияга көчүп, андан бери ар кыл шаарларда жеке ишкер катары эмгектенди. Соңку жылдары ал узакка созулган оорудан жапа чегип келген. Жакындарынын кабарлашынча, ал Мугла шаарындагы Сыткы Кочман университетинин Билим берүү жана изилдөө ооруканасында (Muğla Sıtkı Koçman Üniversitesi Eğitim ve Araştırma Hastanesi) 27-мартка караган түнү, саат 02:00дө каза болду.

Маркумдун сөөгү шейшембиде, 28-мартта, саат 11:00де Түркиянын Даламан шаарында жерге берилмекчи.

Аким Өзгөн Кыргызстандагы маалымат эркиндигин камсыз кылууда бараандуу салым кошкон журналист катары сый-урматка ээ болуп келген.​

(TT)

XS
SM
MD
LG