Линктер

бейшемби, 22-февраль, 2018 Бишкек убактысы 07:11

Кыргыз тарыхын жасалма “жакшыртуу” аракеттери жалган сүрөттөрдү сунуштоо аркылуу да жүрүүдө. Асыкбек Оморовдун айтылуу Атиллага байланыштуу бир талаш-тартыштуу сүрөттү жарыялашы жөнүндө блог.

Өзгөчө талкуу сөзгө бута болгон сүрөт

Кыргызстан эгемендик алган доордо совет мезгилинде эч айтылбай келген же коммунисттик цензуранын айынан бир тараптуу чагылдырылган бир катар тарыхый доорлор, окуялар жана инсан тагдырлары мурдатан белгилүү жана жаңыдан табылган тарыхый даректер аркылуу калыс изилденип, илимий жаңы тыянактар чыгарыла баштады.

Бул ар тараптуу, татаал жүрүмгө тарых илимине тийешеси жок инсандар да “ашардык ыкма” менен өз салымын кошууга киришти. Кээде тарых илиминде дилетанттар чоң ачылыш жасаган учурлар деле болгон. Немис тектүү Генрих Шлимандын (1822-1890) Осмон султандыгына таандык Кичи Азиядан айтылуу Троя шаарынын калдыгын таап, казуу жүргүзгөндүгүн эле эске алсак болот.

Азыркы күрдөөл, демек, тарых адистигинин илимий принциптери менен эч иши жок эмгектердин да арбын жарыяланышы менен коштолууда. Адатта, илимпоздор тарыхты жалган бүтүмдөр аркылуу чагылдырган дилетанттык эмгектерге карата эч үн катпай, андай чүргөмөлөрдү жазган калемгерлерге теңелип отурбай, өз арбайын согуп келет. Бул жагдай бир кезде акын Мидин Алыбаев көркөм адабият жаатына байланыштырып жазган “халтуранын кашка чымындарынын” тарыхты жазуу жаатында да кескин көбөйүшүнө алып келди.

Бул чакан макалада бир гана маселеге – сүрөттү бурмалоо аркылуу жалган тарых жаратуу далаалаттарынын бирине гана кайрылууну эп көрдүк.

2018-жылдын бирдин айынын (февралынын) башында “Фейсбук” коомдук баракчасында Асыкбек Оморов аттуу калемгер агайдын чыгармачыл “мөмөсү” - Атиллага (Аттилага) "таандык" деп сунушталган жалган сүрөт жарыяланды. Албетте, айрым окурмандар “буга чейин билбей жүргөн тарыхыбызды эл эсине салып жатат” деген сыяктуу мактаган-жактаган пикирлерин жазып, бул сүрөттү интернет желеси аркылуу ого бетер таркатышкандыгы таң калуу деле жаратпайт.

Бул эсепкерде (компүтерде) атайын программа менен “шөкөттөлгөн” чуулгандуу сүрөттүн автору Асыкбек Оморов 1953-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында туулган.

Ал 1971-1976-жж. Фрунзе политехникалык институтунун Архитектура-курулуш факультетинде таалим алып, инженер-куруучу кесибине ээ болгон. Андан тышкары Новосибирскидеги мамлекеттик аэрофотосъемка, картография жана геодезия инженерлер институтунда окуп, 1985-жылы инженер-геодезист кесибине да ээ болгон. Кызыктуу кроссворддорду түзүп, ырааттуу жарыялап келген. Эгемендик доордо кыргыздардын жана баашка чыгыш элдеринин тарыхына жана тарыхый инсандарына байланыштуу бир катар популярдаштыруучу китептерди жазган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар биримдигинин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Быйыл бирдин айынын 6сында ал Атиллага (Аттилага) таандык деп өзү эсептеген бир эсепкердик чийме сүрөттү жарыялады. Мында кыргыздын азыркы төбөсү шоңшойгон ак калпагын кийген мадырайган кишинин элеси турат. Асыкбек Оморов сүрөткө мындайча түшүндүрмөсүн да коштоду (анын текстин эч өзгөртүүсүз бердик):

Аттиланын (Эдил баатыр) Ватиканда сакталуу сүрөтү. Эмне учун "Аттила" деп аташкан, себеби ал Улуу-кичууго, бай-жардыга, жаман-жакшыга бирдей мамиле кылган учун, аны жалпы эл "Адилет хан" деп аташкан, ошол созду гректер оздорунун диалектикасына жараша "Аттила" деп кыскартып аташып, Аттила деген атка конуп тарыхкка белгилуу болуп калды”.

Албетте, бул автор өзүнүн табылгасын өзгөчө кубанган жагдайда шашылыш сүйүнчүлөгөн маалында Ө,Ү,Ң тамгаларын жазууга этибар кылбагандыгын, “диалект” сөзүнүн ордуна “диалектика” деп жазганын ж.б. майда-барат өксүктөрдү тереңдеп айтып отурбайлык.

Интернеттеги жандуу талкуу

“Фейсбук” коомдук тармагында (муну тамашалап “Шекербектин төрү” деп да атап келебиз) Асыкбеке агай сунуштаган сүрөт жандуу кызыгуу жаратты. Маселен, таанымал кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров (Ernest Abdyjaparov) мырза Асыкбек Оморов жарыялаган сүрөттү андан ары бул аныктамасы менен кошо сунуштады:

"Ватикандагы Атилланын сүрөтү".

Бул сүрөт, албетте, маашырланууларды да, таң калууларды да жаратпай койгон жок.

Бакыт Өмүрзаков (Bakyt Omurzakov): Eleri Bitikci, Тынчтыкбек Чоротегин, ушул чынбы?

Данияр Өскөнбаев (Daniiar Oskonbaev): Жалганды азырак айткан ден соолукка пайдалуу. Ватиканда ал сүрөт болгондо, ар бир кыргыздын үйүндө копиясы илинип турмак. Муну жазган автордун башка ойлорун да окуп каламын, бир тактасы тайган фантазёр окшойт. Тооба, тооба.

Акылбек Атабаев: Фотошоп го.. заманбап сүрөт экен. Адылхан атабыздын доорунда бир аз башкача болчу кийген кийимдери... Венгриядагы Атилланын сүрөтүн, жасалган эстелигин көргөнмүн.

Эрнест Абдыжапаров (Ernest Abdyjaparov): Балким бул сүрөт калп чыгаар, бирок Атилланын кыргыз экени талашсыз. <...>

Ватикан ажайыпканасындагы Атилланы чагылдырган сүрөт

Ушул жерден кошумчалай кетсем, Рим шаарынын чордонундагы бул шаар-мамлекет музейлери (ажайыпканалары) менен да даңазаланат. Бул шаар-мамлекеттин музейлери тууралуу кыргыз адабиятында алгач Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов өзүнүн Италиядагы сапарнаамасында таасын чагылдырган.

Биз 2010-жылы бештин айынын (декабрдын) 21инде мындагы ажайыпканаларда сакталган көөнөргүс мурас менен таанышып чыккан элек.

Кыска-нуска айтчу болсок, Ватикандагы ажайыпканаларда азыркы кыргыз калпакчан кишини сыпаттаган эч бир сүрөт жок.

Ал эми "(Ыйык) Леон Биринчи менен Аттиланын кездешүүсү" деп аталган дубал бетиндеги чийме сүрөткө (фрескага) келсек, мында деле эч бир калпакчандын изи жок.

Бул дубал бетиндеги чийме сүрөттүн сол жагында өйдөрөөктө колдоруна кылыч кармаган ыйык Петр менен ыйык Павел асманда каалгып келе жатканы, алардан төмөндө – жер бетинде Рим папасы ыйык Леон Биринчи (орус адабиятында - Лев I) европалык гун өкүмдары Атилланын (406—453) алдына каршы чыкканы тартылган.

452-жылкы тарыхый окуялар, албетте, католик тарсалардын уламыштары менен коштолуп, көркөм чагылдырылган. Маселен, Көктөн түшүп келген ыйыктар - Петр менен Павел – Римди каратып, талоонго алууга камынган Атиллага чоң таасир кылып, аны чечүүчү согуштук жортуулдан баш тарттырган имиш.

Албетте, Атилланын өлүмүнөн 1061 жыл кийин тартылган бул көркөм сүрөттүн авторлору V кылымдын ортосундагы европалык гундардын кийимин XVI кылымдын башындагы сүрөткердин фантазиясына ылайык гана чагылдырышкан.

Дагы бир кызык жери: Рафаэл менен Жулио Романо дал ушул католиктик уламышты чагылдырып жатып, Леон Биринчинин элесин бериш үчүн 1513—1521-жылдары Рим папасы болгон Леон Онунчунун (1475—1521) келбетин (жүзүн) пайдаланышкан. Леон Онунчу (папалык тактыга отурганга чейинки ысымы - Жованни Медичи; Giovanni Medici) көркөм өнөргө ар тараптуу камкордук кылган жана сүрөткер Рафаэлди өзгөчө колдоого алган.

Асыкбек Оморов өзүнүн жоромолунда Атилланы жалпы эл "Адилет хан" деп аташкан, ошол сөздү гректер өздөрүнүн тилинде "Аттила" деп кыскартып аташып, анан Аттила деген антропоним тарыхка белгилүү болуп калды” дегендей жалган маалыматты сунуштайт.

Мында А.Оморов мырза тарсалардын католик агымын туткан италиялыктар менен тарсалардын ортодокстук (орусча “православие”) агымын туткан гректерди чаташтыргандыгын да белгилесек болот. Андан тышкары ал “адилет” деген терминди кыргыздын төл сөзү катары да жаңылыш сунуштаганны айта кетелик.

Балким, Атилланы өз эли каарман жана адилет өкүмдар деп баалаган болушу мүмкүн. Бирок анын титулун “хан” деп көрсөтүү үчүн колубузда фактылар жок.

"Адилет" деген терминдин да Атиллага (Аттилага) эч тийешеси жок. Бул кыргызча өздөштүрүлгөн сөз арапча "‘адāла" (عدالة) — “адилеттүүлүк” деген сөздөн пайда болгон (бул арапча терминдин уңгусу ‘айн, дал, лам тамгалары менен чагылдырылчу ‘дл деген үч үнсүз тыбыштан куралган). Эсиңиздерде болсо керек, “Юстиция министрлиги” деген терминди айрым мусулман өлкөлөрдө “Адилет министрлиги” деп да аташат.

Демек, Асыкбек Оморовдун өз жоромолуна ылайык сунуштаган Атиллага ак калпак кийгизген сүрөтүнө коштогон түшүндүрмөсүндө да тарыхый так эместиктер арбын. Ошондуктан анын жазгандарына да сын көз менен кароого туура келет.

Кылкандын мурутка айланышы

Эсимде, бир ирет ал Хакасияга барып, хакастын чыгаан этнографы, профессор Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев менен жолугат да, анын хакасча-орусча тарыхый-этнографиялык сөздүк түзгөнүн угуп, дароо эле ага кыргызча текстти да кошуп, автордош болуу сунушун айтат. Натыйжада бул эмгек Бишкекте жарык көрөт

(Бутанаев В.Я., Оморов А. Хакасско-кыргызско-русский историко-этнографический словарь. — Бишкек: Алтын Булак, 2015. — 452 бет. ISBN 978-9967-12-508-7.).

Эмгектин хакасча-орусча бөлүгүнүн сапаты жогору экендигин тастыктай алабыз. Ал эми сөздүктүн кыргызча жагындагы калпыстыктарды бир нече гана мисал менен көрсөтө кетелик.

Сөздүктө хакасча "саа" деген термин бар. Аны Астайбек Бутанаев орус тилине "усики колоса" деп которгон (184-бет). Докторлук диссертациясын жана негизги эмгектеринин көпчүлүгүн орус тилинде жазган, орус тилин мыкты билген бул хакас окумуштуу агай “саа” терминин орусчага туура которгондугунда эч шек жок.

Ал эми бул сөздүн ортодогу кыргызча котормосуна келсек, аны Асыкбек Оморов хакас тилинен эмес, орус тилинен которгон жана которгондо да текстти уйкулуу көз менен карагандай мамиле жасаган. Себеби бул “саа” сөзү кыргызчага “дөңгөлөктүн муруту” деп которулган экен (Бутанаев В.Я., Оморов А. Хакасско-кыргызско-русский историко-этнографический словарь. – 184-бет). Баамдашыбызча, мындагы “усики” сөзүн А.Оморов аксакал “мурут” деп которуп, ал эми “колоса” деген сөздү “колеса” деп шашылышта калпыс түшүнүп алса керек.

Ошентип, дан эгининин (буудай, арпанын ж.б.) “машагынын кылканы” сыйкырдуу таяк менен “дөңгөлөктүн мурутуна” айланган да калган!

"Хызыл саалыг пугдай" деген хакасча сөз айкашы А.Оморов тарабынан "жазгы кызыл буудайды себүү" деп которулуп салынган. Аны "кызыл кылкан буудай" деп которсо деле болмок. Этек жагында "саа чох пугдай" сөзүн "кылкансыз машак" дептир, аны да "кылкансыз буудай" деп которуу керек болчу, себеби “пугдай” – бул машак эмес, буудай деген эле сөз. Ал эми машак - бир гана буудайга таандык эмес, арпа сыяктуу башка дан эгиндерине деле мүнөздүү.

Жалган маалымат “шедеврлери”

Жогорудагы сүрөт жана анын түшүндүрмөсү эмнеден чыгып жатканын аңдоо үчүн Асыкбек Оморовдун тарыхка жана тарыхый инсандарга арналган китептерине кылчаюуга туура келет.

Алардын бирине – “Чыңгызхан: Тарыхый роман” деген аталыштагы эмгекке (Бишкек: Эркин-Тоо АКК басмаканасы, 2012. – 356 бет. - ISBN 978-9967-08-127-7.) алгы сөз катары Мудур Усманов, Т.Жыргалбеков, Орозбек Сагымбаев мырзалар жазган жылуу сөздөр тиркелген.

Эмгектин 25-бетинде “Чыңгыз хандын керээзи” катары А.Оморов мындай пикирди жазат:

Чыңгыз хан... “Менин сөөгүм кийин, качандыр бир табылат, ошол тапкан күнү дүйнөнү бүт багындырган бир бала төрөлөт”, - деп айтып кеткен. А балким ошол күнү дүйнөдө үчүнчү дүйнөлүк согуш башталаар...

Ылайым, Асыкбек агай үчүнчү дүйнөлүк согуш жаатындагы ушул тилекке жетпесе экен деп айтып чектелбестен, Чыңгыз хан мындай керээзди эч калтырбаганын кошумчалай кетелик.

Ушул эле бетте эмир Темирди "Чыңгыз хандын урпактарынын бири" деп салыптыр. Барлас уруусунан чыккан Темирландын бабалары эч качан Чыңгыз хандын уруусуна таандык болгон эмес. Эмир Темир өзү Чыңгыздын урпактарына күйөө бала (монголчо “хүрген”) гана болгон.

Автор А.Оморов ушул эле китептин 25-26-беттеринде, саат басып, 1941-жылы 22-июнда эмир Темирдин Самаркандагы бейитин советтик археологдор каза салгандыгынын айынан фашисттик Германия менен СССРдин ортосунда согуш чыгып кеткен деген айрым жаш балдарга кызыктуу “жомокту” өзү да ишенип баяндайт.

А.Оморовдун логикасына таянсак, анда 1939-жылкы августтагы жашыруун Молотов-Риббентроп келишими, сентябрдагы нацисттик Германия менен СССРдин эгемен Польшага кол салуусу, 1941-жылкы Гитлердин "чагылгандай тездик менен" Советтер мамлекетин басып алууну мүдөө кылган “Барбаросса” планы, Рихард Зоргенин ж.б. чалгынчылардын "Гитлер СССРге кол салууга камынып жатат" деген кабарлары, ушулардын бардыгы жомок экен да, СССР менен фашисттик Германиянын согушу эмир Темирдин Самаркандагы мүрзөсүнүн ачтырылганынын айынан чыккан экен!

Андан ары бул “ачылыштын ээси” эмир Темирдин сөөгүн Иосиф Сталин учакка жүктөтүп, Маскөө менен Сталинграддын үстүнөн жети жолу айландыртканынын аркасында гитлерчилер 1943-жылы Сталинграддын алдында жеңилүүгө дуушарланган деп маашырлана баяндайт. “Ошондо эле Самаркандын “Эмирлер көрүнөн” (“Гур-и Эмир”) алынган бул сөөктү Сталин Токионун үстүнөн да айлантып койгондо, анда Квантун армиясын деле СССР дароо жеңмек окшойт” – деп жоромол кылчулар да чыгаар. Албетте, Маскөө алдында, Сталинградда, камалоодо калган Ленинградда, ж.б. кан майданда фашисттерге каршы айыгыша согушкан ардагерлер жана улуу урушта набыт болгон каарман бабалардын арбактары мындай “бакшылык” жоромолго нааразы болоору шексиз.

Тарыхый фактылардан алыс дал ушундай жоромолдорго жык толгон китептерди күргүштөтө чыгарган бул калемгерди айрым маалымат каражаттары каадалана “тарыхчы” деп сыпаттап калчу болду.

Соңку сөз

Кыргызда “укпайт деп ушак айтпа…” деген накыл кеп бар. Жогоруда баяндаган маалыматыбызга ишениңкиребеген замандаштарыбыз интернет ресурстарынан тышкары, албетте, Ватикандын Ала-Тоодогу өкүлүнө деле кайрылып, суроо-талабын айта алышат. (2016-жылы Кыргызстандагы өкүлү кылып Фрэнсис Ассизи Чулликатт мырзаны дайындаган).

Учурда Рим шаарында жашап жаткан жердешибиз Гүлсана Байдылда кызы Сарногоева да алиги чуулгандуу сүрөттү же ага окшош чиймени Ватикан музейлеринен эч жолуктурбагандыгын бизге тастыктады.

Эми эмне дейлик? Дагы бир ишенчээк замандашыбыз Асыкбек Оморовдун “шедеврин” окуу китептердин бирине киргизип жибербесе экен деп чочулап, чукул арада гана жазылган макалабызды жарыялоого шашканыбызды окурман туура кабыл алат ко деп ойлойм.

(Бүбү Майрам ысымы менен чыгып жаткан Майрамкүл Сармалдакованын “тиги дүйнөдөгү эпостук кейипкер – жалган манасчы менен “байланышка” чыккан соң” жарыялаган баатыр жана хан Манас 670-жылы августта туулган экен деген күлкү келерлик жоромолу кантип Кыргызстандагы ЖОЖдор үчүн жазылган окуу китебине кирип кеткендиги жөнүндө айтылаар сөз дагы да алдыда).

P.S.

“Фейсбуктагы” талкуудан үзүндү.

Ernest Abdyjaparov:

<...> ...бир буйругу менен МАГНОЛИЯ ТАРТАРИ монгол-татарга айланып Чынгызхан монгол элине белеке ыйгарылды. Өзүнүн баелугунан го, же архитектурасы жок, же жазма булактары жок, башкача айтканда справкасы жок, тарыхы жок, теги жок, 1917 жылдан кийин кана кыргыздар билимге, илимге, маданиятка жеткен эл катары ошондо кана өнүгө баштады.

<...> Ооба, Тынчтык мырза, сиздин справкаларга баскан кара мөөрүңүздүн күчү али да табында. Оңго солго печат басып атып кыргыздын өсүшүнө канча залака келтирдиңиз, келтирип да жатасыз...

Азырынча айла жок. Чапкан камчыңыздын уусу жан дүйнөнү майыштырып, башты бийик көтөрттүрбөй жатат. А бирок кыргыздын справка жээриген табити да өнүп, өсүп келе жатат. Аз калды, сиздин справкаларга мөөр басып кадыр күткөн учур дагы аяктап барат. Ал күн сөзсүз келет. Бирок мен ошондо сизди табалабайм. Азыр деле сизге койгон дооматым да жок, кыпындай кирим да жок. Сиз өз заманыңыздын каарманысыз. Учурга жараша сиз дагы кыргызга зор салып коштуңуз. Бар болуңуз!

T.Chorotegin: Эрнест иним, мени тим эле өз элине укмуштуудай залал келтирип жаткан "кара күч" катары элестеткен себебиңизди түшүнүп эле турам. Азыркы "бакшы катары" сиздер ызааттаган Майрамкүл Сармалдакованын жалган жоромолдорун (маселен, аркы дүйнөдөгү жалган рух менен "байланышка чыгып", чала орус тилинде - "лето и цифра" деген шифрленген маалыматын Штирлицтин радист өнөктөшү сыяктуу жаземдебестен кабыл алып, аны "Жай" жана "сан" - чогуу айтканда Жайсаң экен деп жоромолдоп, ал байкуштан "Манас 670-жылы августта туулуптур" деген шыбыш кепти дагы бир жолку жашыруун байланышында "телетайп" аркылуу алыптыр деген ж.б. күлкү келердик "жомогун", ж.б.) колдоого алган турумуңузга каршы ачык чыккан элем.

Ал эми тарыхый дарек жаатына келсек, 1917-жылга чейин эле кыргызда илим-билим болгонун дал ошол бабалар калтырган "мөөрлөрдүн", б.а. тарыхый фактылардын негизинде ишенимдүү далилдеп келебиз. Сиз "1917-жылдан кийин кана кыргыздар билимге, илимге, маданиятка жеткен эл катары ошондо гана өнүгө баштады" деп жатасыз, бул - таптакыр жаңылыштык.

Сактар доорунан калган Эшик (казакча Есик, орусча Иссык) жазмасы - байыркы түрк тектүү бабалардын орток жазма салты болгон. Орхон-энесай жазма маданияты - көөнөргүс маданият.

VIII кылымдагы каган Барсбекке, Тибетке элчи болуп кеткен кыргыз элчисине ж.б. багыштап калтырылган жазма эстеликтер таш бетинде келип жетти. IX к. ортосунда Улуу Кыргыз каганатынын аскер башчы өкүлү Түндүк Монголиядагы Сужийн Даван жергесинде "мен кыргыздын уулумун" деп руна сымал алфавитте өз автографын бакыйтып калтырган. X кылымда арап саякатчысы Абу Дулаф "кыргыздардын жаза турган каламы бар" (б.а. өзүнчө жазма салты бар) деп маалымат калтырган.

Андан кийинки Карахандар доорундагы жана андан берки арап ж.б. жазмалардагы жазма салттарыбыз, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Байымбет Абдыракман уулу (Тоголок Молдо), тарыхчылар Зиябидин Максым, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, жүздөгөн жадитчилер 1917-жылга чейин эле мыкты эмгектер жаратышкан. Демек, болшевиктик төңкөрүшкө чейин эле кыргыздарда жазма маданият болгон. Фергана өрөөнүндө Алымбек датка медресеси Ленин туула элек кезде, ал эми Молдо Кыргыз медресеси, Чүйдө Дүр Сооронбай уулу, Шабдан курдурган мектептер болсо Ленин Батыш Европада бозгунда качып жүргөн чакта курулган.

Булардын бардыгы биз жазган пост-советтик окуу китептерде таасын чагылдырылган. Ошондуктан тарыхчы жана публицист калемгер катары өзүмдү "кара күч" деп баалаганыңызга кошула албай турам.

Баса, илим-билим жаатындагы бул баалуу маалыматтар ооруп-сыркабай эле советтик мектепке жана университетке барган учурларыбызда деле бизге эч айтылчу эмес. Анткени окуу китептерде "Ленин гана бизге алфавитибизди жаратып берди" деген расмий түшүнүк камтылчу.

СССР биротоло жыгылганга чейин кыргыз тарыхы факултативдик (б.а. мугалимдин ыктыярындагы) кошумча сабак катары гана сунушталган, аны кыргызча мектептердин мугалимдери атуул катары аткарып, көптөгөн орусча мектептерде эч аткарбай коюшчу; ошондуктан Сиздин мурдагы советтик мектеп окуучусу катары эч күнөөңүз жок. Бирок эгемендигибиз маалында бул тарыхый маалыматтар эркин эле таркатылып жатпайбы!

Айтмакчы, казандык этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Дамир Исхаков 2016-жылы жазган макаласында "монгол-татар" этно-саясий аталышы Чыңгыз хан түзгөн ири империянын жаратуучулары жалаң гана монголдор эмес, түрк тектүү татарлар да болгонун, бул мамлекет полиэтностук мамлекет экендигин көрсөтөт деген ойду билдирет.

https://cyberleninka.ru/article/n/rol-tyurko-tatarskogo-sostavnogo-v-stanovlenii-gosudarstvoobrazuyuschego-naroda-ulusa-dzhuchi-xiii-xiv-vv

Махмуд Кашгари Барскани татарларды түрк этносторунун бири катары сыпаттаган. Чыңгыз хан өкүлү болгон монгол тектүү этностор Ички Азиядагы саясий аренага кытаңдардан (кидандардан) жана чжурчжендерден кийин гана, XII -XIII к. башында башкы күч катары аралашкан.

Айрым батыш европалык булактар үчүн Чыгыш Европа бүт "татар" ("тартар") деп каралган, буга орустар деле киргизилген. Бирок орус саясий-этнографиялык лексиконуна "монгол-татар" кошмок этноними жана саясий аталышы Сиз жазгандай Сталин тарабынан эмес, Иосиф Жугашвилинин чоң атасы төрөлө электе эле пайда болгон.

(Из книги "Религия в Золотой Орде" Малов Н.М., Малышев А.Б., Ракушин А.И. - http://historicaldis.ru/blog/43375835230/MONGOLYI?page=5 )

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG