Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:38

Тектеш калктар латын арибине кайрадан өтүүдө, биздечи?


Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. 23.03.1937.

Ала-Тоодогу кыргыз эли сталинизм заманында үч башка жазма колдонду: Кыргызстан X кылымдан 1928-жылга чейин араб тамгасын, андан кийин 1940-жылга чейин латын арибин, андан бери кирил жазмасын колдонуп келатат. Латын жазмасы турмуштун айрым тармактарында чаржайыт колдонулууда.

Кыргызстан 1991-жылы калыбына келтирген эгемендик тушунда кайрадан улуттук алфавитти жаңылоо демилгеси көтөрүлүп, түрк тилдүү пост-советтик республикалардын бир тобу латын тамгасына көчтү.

Бул маселе Кыргызстанда 1991-жылдан тартып ургаалдуу козголгону менен, интернеттин коомдук тармактарындагы эркин талкууну эске албаганда, кийинки кездери талкууга салынбай, талаш-тартыш чакырбай, дээрлик токтолуп турат.

Профессор Ибраим Абдувалиев. 02.6.2017.
Профессор Ибраим Абдувалиев. 02.6.2017.

Коңшу жумурияттарда колдоо тапкан демилгенин Кыргызстанда "дымып" туруп калышынын себебин сурап, белгилүү тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Ибраим Абдувалиевди кепке тарттык.

“Азаттык”: Ибраим ага, мына биздин казак туугандар латын арибине кайра өтөбүз деп даярдыкты катуу жүргүзүп атат. Билесиз, өзбек туугандар кайра өтүшкөн, түркмөндөр бул маселени чечишкен. Азербайжандарды билесиз, ал эми түрк туугандар ХХ кылымдын башында эле өтүп алышкан. Бул маселе боюнча сиздин оюңуз кандай?

Абдувалиев: Бул маселе боюнча оюм мындай: казактар өтүптүр, башкалар өтүптүр деп дүрбөп латын арибин козгогон жарабайт. Бирок маселе анда эмес, маселе түрк дүйнөсүндө. Түрк дүйнөсү ХХ кылымга чейин араб жазуусун пайдаланып келишкен. Андан кийин 1920-жылдардын аягында латын жазуусуна өттү. Андан кийин советтик республикалар 1940-жылдары орус алфавитине – кирил жазуусуна өтүшкөн, анын себеби деле белгилүү.

Мына ХХ кылымдын аягында ушул маселе көтөрүлүп, анын себеби чет өлкөлөр менен жол ачык болуп, мамиле болуп, мурда Түркияны чет өлкө дечүбүз, дипломатиялык алакалар болгондон кийин ушул маселе көтөрүлгөн. Ошол 1990-жылдардын башында. Бардык түрк элдери бир алфавитте жазса, бири бирин окуганга да оңой, акырындык менен жакындашууга да өбөлгө деген сыяктуу маселелер.

Биздин тилдерибиз 1920-жылдары бири биринен бөлүнбөгөн тил болгон. Түркстан деген ат менен. 1920 – 1924-жылдардын аралыгында Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан деген республикалар пайда болду. Ага чейин Борбор Азиядагы республикалардын баары Түркстан деп аталган, тили бир болгон.

Тили бир болушун далилдеп отуруштун кереги жок, анын зарылдыгы да жок. В. Радловдун китеби “Опыт словаря тюркских наречий” (“Түрк тил шакаптарынын, б.а. диалекттеринин сөздүгүн түзүү тажрыйбасы”) деп жарыкка чыккан. Түрк тилдери деп аталган эмес.

Эгер жалпы түрк дүйнөсүн эстесек, биз да акырындык менен латын арибине өтүшүбүз керек.
И.Абдувалиев

Ал эмгек 1888-жылдан 1911-жылга чейин басылган, төрт томдук сегиз китеп. Радловго чейин Броккельман жана башкалар, мисалы, азербайжан тили, татар тили деп жазышкан эмес. Түрк тил шакаптары (наречие) деп жазышкан. Анан ХХ кылымдын жанагындай глобалдык мамилелеринен кийин биз майда-майда өлкөлөргө бөлүндүк. Азыр эми ал маселе башка.

Биригүү жөнүндө мен ойлой деле албайм. Андай ой президенттердин деңгээлинде болушу керек. Эгемендүүлүк башталганда Түркстан деген маселе көтөрүлгөн. Ошондо Өзбекстан менен Казакстандын макул болбогон себеби эле - өзбектерден президент чыгыш керекпи же казактардан президент чыгыш керекпи, ушундай маселе.

Эгер жалпы түрк дүйнөсүн эстесек, биз да акырындык менен латын арибине өтүшүбүз керек. Латын арибине өткөндө азыркы кыргыз алфавитиндеги кемчилик, мүчүлүштөрдүн баары жоюлат. Баары өз ордуна келет. Мына ушундай маселе.

“Азаттык”: Бизде кез-кез латын арибине кайра өтүү жөнүндө айтылганы болбосо олуттуу сөз козголо элек. Бирок ага карабастан, айрым окумуштуулар эмитеден кайсы латын тамгаларын алабыз, Тыныстанов, Арабаев тушунда алынган латын тамгасыбы же азыркы башкача ыкма, өзүнчө жол менен кетебизби деп маселе коюшууда.

Абдувалиев: Эми андай деп айтыш кыйын. Анткени алфавит, тамгалар Жогорку Кеңештен өтөт, мамлекет башчы бекитет. Ошондо гана расмий алфавит жаралыш керек.

Мен казактардын долбоорун көрдүм. Алар айрым тыбыштарга эки тамга белгилерин коюп аткан экен. Мисалы, англис тили, немис тилинин тажрыйбасы менен. Ал деле, менимче, анча туура эмес, бирок ал казактардын өздөрүнүкү.

Касым Тыныстановдор кабыл алган 1940-жылдарга чейин жашаган латын алфавитибиз эң жакшы алфавит болгон.
И.Абдувалиев

Казактар өздөрү айтып атышат, 42 тамганын ордуна 25 тамга ала турган болуп атабыз деп. Бул жакшы. Казактардын 42 тамгасы бар. Тыбыштарды аябай майдалап жиберишкенден көбөйүп кеткен. Маселен, “и” тыбышынын эки тамгасы бар. “У” тыбышынын да эки тамгасы бар. Ушул сыяктуу. Бул деген фонологиянын аябай жогорку деңгээлге жеткени.

Мен ушу тилдин фонетика, фонологиясын жаман көрөм. Биздин түрк тилдерин бири-биринен алыстаткан ушул фонетика менен фонология. Фонетика менен фонологияны бизге башында кыргыз, казак же өзбек окумуштуусу эмес, орус окумуштуусу иштеп берген. Ошондон бул эми өзүнчө маселе.

Ал эми биздин Касым Тыныстановдор кабыл алган 1940-жылдарга чейин жашаган латын алфавитибиз эң жакшы алфавит болгон.

Алфавит өзү абдан татаал маселе. Мына алып карасак, кыргыз тили менен алтай тили эң жакын. Түрк тилинде кыргыз тилине эң жакын тил - алтай тили, туурабы?

Кыргыз тили менен алтай тилинин алфавитинин болсо асман-жердей айырмасы бар болуп чыккан. Көрдүңөрбү, бул өзүнчө башка саясат. Биз “ө” деп жазабыз “о” тамгасынын ортосуна сызык коюп. Алтайлар “өнү” немистерче “онун” үстүнө эки чекит коюп жазышат. “Ү” деле ушундай, алтайлар немистерге окшоп “у” тамгасынын үстүнө эки чекит коюп жазышат. Биз “ң” деген тамганы “н” тамгасына куйрук улап белгилейбиз. Алтайлар “н” тамгасына “калпак” коюп” “шапке” менен белгилейт.

Бири-бирине эң жакын тилдер, бирок алфавити башкача (чар-жайыт).

(Маектин толук вариантын ушул аудиодон угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG