Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Казакстанда латын арибинин парламентте биринчи каралган долбоору талкуу жаратты.

Анда тамгалар кыйла азайган, казак тилинин өзгөчөлүгүн билдирген жаңы тамгалар кошулган эмес, ошондой эле айрым тыбыштарды эки тамгадан куроо сунушталган. Бирок латын арибинин бул варианты баарына эле жага берген жок. Депутаттар мындан башка дагы варианттар талкууланат деп ишендирип жатат.

Жазында казак президенти Нурсултан Назарбаев жыл этегине чейин казак алфавитин латын арибине өткөрүүнү тапшырган жана атайын эксперттик топ да түзүлгөн.

Парламентте каралган долбоордо казак алфавити 25 тамгадан жана сегиз диграфтан турат. Башкача айтканда сегиз тыбыш эки тамгадан куралган. Долбоордун авторлору бул вариант айрыкча санариптик технологияга ыңгайлуу болот, каражат да кыйла үнөмдөлөт деп негиздеп жатат. Парламентте бул долбоорду колдогондор көп болду. Билим берүү министри Эрлан Сагдиев да мындай вариант жакканын айтты:

- Силерге жагабы же жакпайбы, билбейм. Бирок мага алфавит 25 тамгадан куралганы жакты. Эми жарандарыбыз да өздөрүнүн сунуштарын айтсын. Диграфтар боюнча да сунуш болсо, аны да айтышсын.

Диаграфтар
Диаграфтар

Ушул жазда президент Нурсултан Назараев жылдын аягына чейин казак алфавитин кирилл тамгадан латынчага өткөрүүнү тапшырган. Тилчилерден, окумуштуулардан, тарыхчылардан турган эксперттик топ түзүлгөн. Жалпысынан арип алмаштыруу боюнча ондогон вариант даярдалган. Маселен, Ахмет Байтурсынов атындагы Тил үйрөтүү институту "бир тамга бир тыбыш" деген принцип менен 32 тамгадан турган алфавит сунуштап жаткан болчу. Аталган институттун кызматкери Алимхан Жунусбек алфавит боюнча акыркы чечимди парламент кабыл аларына токтолду:

- Ал долбоорду даярдагандардын бири менмин. Парламентке эки долбоор барды, экинчиси тандалды. Ал жерде өзүнүн артыкчылыктары бар. Ал эми жеке мага бул варианты жагабы же жакпайбы башка маселе. Эгер жогорку бийлик, парламент кабыл алса, анда мен ошого макулмун.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Латын тамгалары боюнча талаш-тартыштар тууралуу президент Нурсултан Назарбаев да үн катты. Ал куйруктуу, чекиттүү же үтүрлүү жаңы тамгалар кошулбашы керектигин дагы бир жолу эскертти жана муну менен парламентте биринчи каралган долбоорду колдой турганын көрсөттү:

- Латын арибине өтүү баарын тынсыздандырат. Бул тууралуу биз көп айттык, талкууладык. Менин тапшырмам менен окумуштуулар бул маселе боюнча көпкө иштешти. Тарыхтын баарын карап чыгышты. Түркия, Өзбекстандын тажрыйбасын карашты. Алардыкында куйруктуу, чекит, үтүрлүү тамгалар бар. Мен мындай тамгалар болбосун дедим. Компьютерге киргизери менен иштеп кеткидей болсун дедим. Накта казакча сегиз тамга бар. Мына ушуларды берүү керек. Маселе ушунда турат.

Кыргызстан латын арибине шашылбайт

Кыргызстанда да латын арабине өтүү маселеси өлкө эгемендик алгандан бери эле маал-маалы менен көтөрүлүп турат.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жайында Бишкекте Алтай цивилизациясына арналган эл аралык форумда латын арибине өтүү демилгесине каршы экенин айткан. Муну эң ириде кыргыз-орус алака-катышына терс таасирин тийгизет деп негиздеген:

- Латын ариби Африканын айрым өлкөлөрүн жакырчылыктын чеңгээлинен сууруп чыктыбы? Кытай, Жапония деле өз жолу менен өнүгүп жатат. Латын арибине өтүү жалпы түрк тилдүү элдердин орток тилге өтүүсүнө шарт түзөт деген жүйөлөр да суу кечпейт. Бул ишке ашпаган идея. Ачыгын айтайын, түрк тили 19-кылымдан бери эле Алтайдагы бабаларыбыздын тилине окшошпой калган. Эмне үчүн Орусиядагы тамырыбыз бир татар, башкыр, хакас элдерин эске албайбыз? Алар шартка байланыштуу кириллицадан баш тарта алышпайт да. Алар биздин бир туугандык колдообузга муктаж болуп турат. Көз карандысыз түрк тилдүү мамлекеттер латынга өтүп кетсе, арабызда ажырым пайда болуп, ортобузду алыстатат.

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев 1990-жылдары кыргыз алфавитин латын арибине өткөрүү иштерине аралашып калганын айтып берди:

- 1990-жылдары латын арибине өтүү маселеси көтөрүлгөндө, биз тилчилер өз оюбузду айтканбыз, сунушубузду бергенбиз. Кайсы тыбыштарыбыз кайсы тамга менен белгиленет деп ошонун баарын жазып бергенбиз. Орток түрк алфавитин түзөбүз деп ал тарапка ыктагандар да болгон. Мен, маселен, ага каршы болгом. Биз латын тамгаларына өтүү эмес, латин графикасына негизделген кыргыз алфавитин кайра калыбына келтирүү жөнүндөгү маселени көтөргөнбүз. Анткени биз 1940-жылдарга чейин Касым Тыныстанов түзгөн латын графикасын колдонгонбуз. Ал алфавит 24 тамгадан турган. Биз ошол алфавитке кошумча, тактоо, толуктоо киргизүүнү сунуштаганбыз. 34 тамгадан турган алфавит түзгөнбүз. Тилекке каршы бул маселе убагында чечилбей калды. Саясий, экономикалык жагдайлар болду. Алфавит бул өзү саясаттын куралы.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Сыртбай Мусаев ушул тушта окумуштуулар тобу латын тамгаларына өтүү эмес, азыркы кирилл арибин кыргыз тилине мүнөздүү тамгалар менен толуктап, алымчалап-кошумчалоо боюнча иштеп жатканын билдирди:

- Бүгүнкү күндө криллицада турган биздин тилибизге мүнөзсүз, тиешеси жок тогуз тамга бар. Ошону чыгарып салып, жетпей калган эки тамганы кошуп, 34 тамгадан турган идеалдуу алфавит түзүп алсак болот. Биз ушул багытта бүгүн иштеп жатабыз. Биздин коңшубуз, боордош өзбек калкы латын арибине өткөн. Эгер биз да азыр латын арибине өтө турган болсок, Оштогу өзбек тилдүү мектептердин баары Ташкенттен чыккан окуу китептерин окуп калат. Бизде Орусияда чыгарылган китептерди окуган, "Биздин президент - Путин" деп окуган учурлар болгон. Ошондуктан 1-класстан 11-класска чейин, университеттерде китептердин баарын өзүбүз чыгарганга күчүбүз жеткенче эгер латын арибине өтүп кете турган болсок, анда анын кесепети тийип калышы мүмкүн.

Азыр казак алфавитинде 42 тамга, 37 тыбыш бар. Казак парламенти латын арибине өтүү боюнча дагы башка варианттарды жакынкы күндөрү талкуулаганы жатат жана соңку чечим ошондон кийин кабыл алынмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG