Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:30

Кусейин Карасаев кыргыз тил илиминин теориялык-тарыхый проблемаларын терең изилдеген окумуштуу. Сталиндик репрессия тушунда Касым Тыныстановдун шакирти катары куугунтукка кабылып, абакка түшүп, совет доорунда өкүмзор бийликтин ыдыгын тарткан.

Профессор Кусейин Карасай уулу (Карасаев; 1901-1998) тээ 1920-жылдары кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоону” чыгарууга жигердүү катышып, кийинчерээк кыргыз-орус сөздүгүн түзүүчүлөрдүн бири болгон.

Бийлик өкүмзордугунун жаалы азыноолок кайтып, кайра куруулар доорунда, андан соң эгемендиктин шарапаты менен чыгармачылыкка жол ачылганда, Кусейин Карасаев кыргыз сөзүнүн түпкү тегин иликтеген айтылуу “Карасай сөздүктөрүн” жараткан.

Сөздүк түзүүдөн четтетилген илимпоз

Азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (ал кездеги КМУда) 1970-жылдары окуп калган студенттер кыргыз тил илиминин лөктөрү Константин Юдахинди көрүп, Зияш Бектенов менен Кусейин Карасаевден, ошондой эле, Жээнбай Мукамбаевден сабак алышканы өмүрүндөгү өзгөчө окуя болуп каларын ал кезде ойлонушпаса деле керек.

Академик Юдахин университетке келгенде макалдатып кыргызча сөз сүйлөсө, кыргыз тили менен адабияты, эл оозеки чыгармачылыгын мыкты билген Зияш агай араб тамгасын студенттерге үйрөтчү. Кусейин агай кыргыз лексикасынын тарыхынан сабак берчү. Кыргыз диалект таануусуна өмүрүн сайган Жээнбай Мукамбаевдин дарстары фактылык бай материалдарга ширелип турчу.

Кыргыз тил илиминин тирүү классиктери ачык-тымызын коммунисттик идеологдордун ыксыз сынына кабылып, басым-кысым алдында жашап жатышканын ал кезде билген деле эмеспиз.

Кусейин агайдын сабагы жалаң кыргыз лексикасынын изилдениш тарыхына эле байланбай, өзү аралашып калган “маданий ыңкылаптын” маанилүү окуялары, 1916-жылдагы Үркүн, Ташкенде окуп жүргөн кезинде кыргыздын туңгуч гезити “Эркин тоону” кантип чыгарышканын, Ленинградда Чыгыш институнда окуп жургөн кезинде кыргызча-орусча сөздүк түзүүгө кантип катышып калганын, кийин куугунтукка кабылып Жалал-Абадга иштөөгө кеткенин кызыктуу кылып айтып берчү.

Кусейин агай Саякбай манасчыны атайын издеп барып Бишкекке алып келгенин, андан улуу эпосту жаздырып алуу иштери кандай жүргөнүн айтып бергени алиге эсимден чыга элек. Кусейин Карасаев агайдын өмүр баяны Кыргызстан орус оторчулугунун тушунан совет бийлиги келгенден кийинки жакшы-жаман иштердин түгөл баарына аралашып, жаңы заман тушунда терең билим алууга жетишип, бирок да 1937–38-жылдары аябай күчөп кеткен репрессияга кабылып, абакка түшүп, Касым Тыныстановдун шакирти катары өмүр бою ачык-жабык басым-кысымдын алдында келгени кийин ачыкка чыкпадыбы.

Кусейин Карасаевдин туулган жылы тууралуу маалыматтарды так деп айтыш кыйын, айрым кабарларда ал 1901-жылы, экинчи биринде 1902-жылы, дагы бир баянда 1905-жылы Түптүн Токтоян айылында төрөлгөнү жазылган.

Окумуштуунун өзүнүн ырасташынча, ал Касым Тыныстанов менен тең болгон (демек, 1901-жыл). 7 жашка чейин чоң атасы Калыбек ажынын колунда өсүп, тестиер чагында (1914 – 1916) Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган.

1916-жылкы Үркүндө эл менен Кытайга качып, кийин жерине кайтып келген.

Үркүн тууралуу Кусейин агай мындайча эскерген:

“Эми аерге баргандагы азапты кудай адамга эмес, итке көргөзбөсүн. Жолдо ашуудан ашып баратканда калмактардын азабы, кийин бир жылдан соң элдин 30–40 проценти кырылып, кыргыз кайра жерине келди. Аларды түзгө келтирбей көпчүлүгүн тоого айдап таштады. Анткени кылмыштуу болуп калды да. Ал эми кытай жеринде кыргыздын канча кыздары, келиндери, балдары тентип калды. Далайы сатылып кетти. Калышкандар калмак, уйгурча сүйлөп, балдары кул, кыз-келиндери күңгө айланды. Бул окуяны Касым да өз башынан өткөзгөн. Мен да ал жактан 1921-жылы келип, кийин «Эркин Тоого»: Баш качан жыйылат, баары кул, күң болуп жүрөт», – деп чакан макала жазгам.

Касымдын жүрөгүн да тентип, тербип жүрүшкөн качкындардын тагдыры эзбей, ойлонтпой койбогон. Ошол кезде өкмөт тарабынан дагы мындай болгон. Кангелдиев Усубакун деген укомбездин секретары (уездный комитет беженцев) качкындардын башын жыйнап, чогултууга аракет кылган. Ошол кезде Какшаалдан ыйлап жазган катты «ЭркинТоого» да чыгарганбыз. «Сурачы, досум, сурачы» деген Касымдын ыры дал ошол темага какшап, зарлап арналган. Касым же мен Үркүн темасына кайрылган эмес деген бекер сөз. Касым элдин чоң патриоту болгон. Муну түз эле кесе айтуу керек”.

Кусейин Карасаев совет бийлиги Кыргызстанга орной баштаган кезде аз убакыт айылында башкаруучу болуп иштеп, Касым Тыныстановдун кеңеши менен Ташкенге окууга кеткен.

Кусейин Карасаев өмүрлүк жары Айша менен.
Кусейин Карасаев өмүрлүк жары Айша менен.

Андан соң жаш Кусейин Ташкенден Ленинграддагы Чыгыш институтуна которулуп, 1928-жылы ал жерде окутуучу болуп иштеген Константин Юдахин менен биргелешип, кыргыз-орусча сөздүктү түзүүгө киришет.

Кусейин Карасаев кыргыз элинин каада-салтын мыкты билип, тилдин семантикасын таанытуу максатында Юдахинди айылына чакырып, эки окумуштуу эриш-аркак иштөөгө киришет. А бирок бул иш кийин башкача нукта уланат.

Кусейин Карасаевге куугунтук күчөгөн чакта сөздүктү түзүү, чыгаруу иши чоң тоскоолдукка учурап, маселе татаалдашып кетет. Непадам, Кусейин Карасаевге Касым Тыныстановдун шакирти делинип куугунтук күчөбөгөндө, сөздүк жалгыз бир кишиге жүктөлбөй, андагы айрым мүчүлүш-кемчиликтер болбой калышы ыктымал болчу.

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин ырасташынча,кыргызча-орусча сөздүкка дагы көптөгөн сөздөр кошулушу мүмкүн эле.

- Куугунтук, ошол 1937-38-жылдардагы алаамат, “кызыл террор” деп коёбуз го, ал өзү мурда эле 1930-жылдардын башында башталган. Мунун баары кыргыз коомдук-гуманитардык илимдеринин өсүшүнө өтөле терс таасир тийгизген.

Ал эми Кусейин Карасаевди алсак, бул кишинин камакка алынышы сөздүк түзүү учуруна туш келет. Бая партияны тазалоо учурунда 3 ай камакта отуруп бошонуп келген. Түрмөгө түшкөн, беделине зак кеткен киши катары көп нерселерге аралаштырылбай четтетилип калган.

Конкрет айтканда, кыргызча-орусча сөздүктү бу киши баштап түзө баштаган. Константин Кузьмичти айылына ээрчитип барган. 1936 – 37-жылдары сөздүк түзсүн деп Москвага атайын жиберилген. Анан Касым кармалып калгандан кийин анын шакирти делинип сөздүк түзүүдөн четтетилип калган.

Биз Юдахинге акаарат келтирбейбиз, бирок Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” бүгүнкү күнгө чейин так эмес которулган нерселер, көп сөздөр кирбей калган, көп сөздөр туура эмес которулуп калган. Иллюстративдик материалдардын молдугу жакшы, бирок көп сөздөр кирбей калган. 40 миңдин тегерегиндеги сөздөр гана кирген.

Эгер Юдахин, Карасаевдер бирге иштесе, Жапар Шүкүров да сөздүктөн запкы көргөн киши, алар болуп чогуу иштесе, балким, биздин жанагы 40 миңден ашуун сөздөн турган сөздүгүбүз 60 миң сөз менен, 70 миң сөз менен, анан көп сөздөр туура которулуп, туура мааниси чечмеленип, түзүлүп калышына шек жок эле.

Мына, жанагы куугунтуктун запкысы, куугунтуктун терс таасири конкреттүү мисалы менен караганда ушундай.

Улууну улуу гана тааныйт

Кусейин агайды Касым Тыныстановдун шакирти деп айыпташып, анын илимий ишине ачык-тымызын тоскоолдук кылып келишкени менен, ал өзү устатынын эмгегин баалап, сый-урматын билдирип келген.

Белгилүү журналист жана акын Тенти Орокчиев менен маегинде Кусейин Карасаев Касым Тыныстанов тууралуу мына буларды айткан:

“Касым Тыныстанов менен 1914–1916-жылдары Караколдо орус-тузем мектебинде бирге окудум. Жашыбыз да тең. Бирок бала кезде анча камыр-жумур болуп таанышкан эмеспиз. Андан кийин 1923-жылы мен кайра Караколдо тааныштым. Ал кезде селревкомдун төрагасынын орун басары болуп иштеп жүргөмүн. Бир жолдошум келип:
– Ташкенге окууга балдар кетип жатыптыр, биз да барбайлыбы, Тыныстанов деген менин жакын кишим бар эле, ал ошоякта окуйт экен, ошого сүйлөшөлү, – деп калды. Мен аны макул таап, ал кезде Караколдо кытай тибинде салынган үйгө келдик.

Ага кире бергенибизде бир кыз чыга калды, андан биз: «Касым барбы? – десек, – Бар» – деди.

Аңгыча өзү да чыга келди, карасам мурдагы бала кезине анча окшобой, бети жайылган келишимдүү жигит болуп калыптыр. Көйнөкчөн, галифе шым кийип, шым тарткычы да бар экен.

Сүйлөшө келип, биз ой-максатыбызды айтсак, ал: «Келгиле, Ташкенде таалим-тарбия институту бар, ал казак-кыргыздын экөөнүн тең институту, ошонун бир жерине кирерсиңер», – деди.

Эң биринчи таанышканым ушул. Ошентип, 1923-жылы Ташкендеги жогорудагы институтка кирдик.

Анан бирге окуп калгандыктан, жакын тааныша баштадык.

1924-жылы кыргыз облусу бөлүндү. Ошондо баарыбызды чакырып, өкмөттүн адамдары эмгекти бөлүштүрүштү. Касымга:

«Сен алиппеден кийинки окуу китебин жазгын, башка нерсе менен алагды болбо», – деди.

Анан бизди (Алиев, Карачев, мен, Мустапа Акматовду): «Силер «Эркин-Тоо» гезитин чыгарасыңар», – деди. Арабаевге: «Алиппе» китебин жазуу тапшырылды.

Ал эми Касымга «революциялык ырларды кыргыз тилине которосуң» деген кошумча тапшырма берилди. Ошентип ишке кириштик. Аерде Түрк наркомпросунун алдындагы Кара кыргыз билим комиссиясы деген бар болчу. Анда Алиев, Карачев, мен жана Акматов Мустапа иштейбиз. Бизге чейин Тыныстанов, Арабаев, Сарногоев, Данияров иштеп келген экен.

Ошентип окуубуз калып, жалаң эле ишке киришип кеттик. Ал жылдары Касым институттун акыркы курсунда болчу. «Интернационалды» ошондо которду”.

Ошол эле эскерүүсүндө Кусейин Карасаев устаты тууралуу момундай баасын берген:

Касым чыныгы окумуштуу болчу. Жогорку билиминин жоктугуна карабастан, жаратылышында зээндүү чыккан адам эле. Кыргызда биринчи тил маселеси коюлганда, анын тил терминдерин иштөө керек эле да. Касым морфологияны биринчи иштеп чыкты. Ошондо жана сен айтып өткөн терминдердин бардыгына ат коюп чыккан. Анын ушунчалык чебердик, ушунчалык мыктылык, ушунча сиңе турган кылып ойлоп тапкан.

Морфологиясын иштеп чыкканда бийик даражалуу окумуштуулар аябай таң калышып: «Бул жөн эле докторлук наамга ылайык эмгек» – дешкен.

Мунун бардыгы бир жагынан так, экинчиден, нукура кыргыздыкы өңдөнүп турат. Бул киши грамматика жагынан бүткүл Алтай грамматикаларын, казак, өзбек грамматикаларын мыктылап өздөштүргөн болуш керек. Бул киши эң биринчи окуу куралын, анан ичинде морфологияны, синтаксисти жазды. Эми ошол биринчи адамдын аты кандай болбосун калыш керек да.

Касым чыгаан окумуштуу, ошондой эле мамлекеттик ишмер да. Ал биринчи Эл агартуу комиссары.

Кыскартып айтканда, Касым Тыныстанов кыргыз элинин Ломоносову. Ар бир элдин өзүнүн башында турган баштоочусу болот тура. Болгондо да эң мыкты, эң таланттууларынан”.

Өкүмзор бийликтин кысымы алдында жашап келген Кусейин агай “кайра куруунун” желаргысы уруп, азыноолок эркиндик берилген чакта биртоп илимий эмгектерин жарыялады.

Филология илимдеринин доктору, профессор Кубатбек Саматовдун айтуусунда, өмүрүнүн соңку жылдарында Кусейин агай жемиштүү да, натыйжалуу да иштеди.

- Кусейин Карасаев өмүрүнүн көп бөлүгүн кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүнө арнады. Бул киши 1940-жылдары кыргыз тил илими боюнча кандидаттык диссертациясын жактап, 1950-жылдары докторлук темасын “Кыргыз тилиндеги араб, иран, кытай, уйгур элементтери” деген темада бекитип, ошону иштей баштаган.

Кусейин Карасаевдин (1901 - 1998) Караколдогу мүрзөсүнүн жанындагы айкели.
Кусейин Карасаевдин (1901 - 1998) Караколдогу мүрзөсүнүн жанындагы айкели.

Ошонун негизинде “Накыл сөздөр” деген китебинин адегенде биринчи бөлүгүн, кийин экинчи бөлүгүн чыгарган. Ошол сөздөрдүн, сөз айкаштардын, идиомалардын этимологиясын иликтөөгө аракет жасады.

Кийинки “Камус нааме” да ушул эмгекти белгилүү даражада улантып турат. “Накыл сөздөрдүн” кыргыз тил илимине тийгизген таасири чоң десек болот. Буга чейин бул тема тилчилер тарабынан иликтенген эмес. Кийинчерээк “Өздөштүрүлгөн сөздөр” деген сөздүгүн чыгарды.

Кусейин Карасаев Кыргызстан эгемендикке жетишкен чакта Каракол шаарында жашап, илимий изилдөөчүлүк иштерин уланткан. Улуу окумуштуу 1998-жылы каза болуп, сөөгү туулган жеринде коюлду, Каракол шаарында Карасаевдин үй-музейи ачылган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG