Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Түркмөнстанда селден кийинки абалды айткандар суракка чакырылууда


Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстанда дээрлик бир аптадан бери тынбай жааган жаан жана сел бир катар аймактарда кыйынчылык жаратып жатканын бүгүн 20-майда «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, мындай аба ырайы социалдык инфраструктурага, айыл чарбасына жана элдин күнүмдүк жашоосуна терс таасирин тийгизүүдө.

Бийлик кырдаалга көңүл бурбай, жабыркаган тургундарга жардам берүүнүн ордуна аларды тыйып, сүрөткө жана видего тартууга, маалыматты жайылтууга тыюу салып жатканы кабарланды.

Лебап велаятында, мисалы, интернеттин иши үзгүлтүккө учурап, VPN бөгөттөлүп, мессенжерлер иштебей калууда, бийлик эгер кайсы бир көйгөйлүү маселе тууралуу кабарлар сыртка чыкса аны Батыш жана АКШ Түркмөнстандын ички тынчтыгын бузуп, дестабилдештирүүгө аракет кыларын айтууда.

Ушундай эле абал борбор калаа Ашхабадда түзүлгөнү маалымдалды. Шаарда нөшөр жаандан кийин түзүлгөн абалды социалдык түйүндөргө жарыялагандарды күч түзүмдөрүнө алып барып сурак жүргүзүп жатышат. Алардын айрымдары түрдүү куугунтукка кабылганы да кабарланууда.

«Азатлык» маектешкен түркмөнстандык баяндамачы нөшөр жаан өлкөдөгү ансыз да татаал саясий жана экономикалык абалды курчутканын белгиледи.

2020-жылы Түркмөнстанда катуу шамалдан ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Адистер соңку жылдары бул өлкөдө түрдүү жаратылыш кырсыктары көп катталып жатканын белгилеп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG