Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалды


18-майга караган түндө чогулгандар. Бишкек.
18-майга караган түндө чогулгандар. Бишкек.

Бишкектеги жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, жатаканадагы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, алар: 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги такталган.

Үчөө тең кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициянын маалыматына ылайык, 13-майга караган түнү саат 2.00де Чыгыш-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурашып, "эмне бул жерде тамеки чегип жатасыңар" деп тийишкен. Уруп баштаганда чет элдик студенттер качып, өзүлөрү жашаган жатаканага кирип кетүүгө үлгүрүшкөн.

"Кууп келгендер алардын артынан жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчаcын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан.
Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен", - деп жазылган маалыматта.

13-майдагы мушташ тартылган тасма интернетке 17-майда интернетке тарагандан кийин 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады.

Министрликтин маалыматында, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG