Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Эл аралык кылмыш соту Израил жана ХАМАС башчыларын камоо өтүнүчүн карайт


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты жана ошондой эле ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карайт.

Соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматка караганда, аларды кармоону соттун прокурору Карим Хан талап кылды. Бул маалыматты Хан CNN телеканалына курган маегинде да тастыктады.

Прокурордун пикиринде, Нетаньяху менен Галант да, ХАМАСтын үч лидери да Газа секторунун жана Израилдин аймагындагы согуш кылмыштарына жана адамкерчиликке каршы кылмыштарга тиешеси бар деп эсептөөгө негиздер жетиштүү.

Сөз ХАМАСтын Израилдин аймагына 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуусунда каза болгон 1200 кишинин, барымтага алынган 200дөй кишинин жана бул чабуулга жооп катары Израил ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунда сегиз айдан бери жүргүзүп жаткан операциясы тууралуу болуп жатканы белгиленди. Газада бул операция башталгандан бери 35 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сандан күмөн саноого негиз жок экенин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да билдирген.

ХАМАСтын лидерлерин Эл аралык кылмыш сотунун прокурору “адамдарды кырган, барымтага алган, кыйноого алган, сексуалдык зомбулук көрсөткөн жана ырайымсыз мамиле жасаган” деп айыптоодо.

Ал эми Израилдин лидерлерин “кишилерди ачарчылыкта кармоону согуштун бир ыкмасы катары колдонууда, жай тургундарды атайылап оор кыйноого салууда, өлтүрүүдө” деп күнөөлөөдө.

Эми аталган соттун судьялары прокурордун сунуштамасын карап чыгып, кармоого ордер берилеби же жокпу, чечимин чыгарышы керек. Маселе качан каралары азырынча белгисиз.

ХАМАС прокурордун билдирүүсүн «жабыркагандар менен баш кесерлерди теңдеп жатат» деп сындады.

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц прокурордун талабын «тарыхый масштабдагы кылмыш» деп атады жана ал демократиялык мамлекеттин жетекчилиги менен “канкор террордук уюмдун” башчыларын теңдеп жатат деп айыптады. (RK)

XS
SM
MD
LG