Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Бишкектеги окуя: Пакистандагы ата-энелердин акциясы, президенттин билдирүүсү


Пакистандагы 20-майда өткөн ата-энелердин акциясы жана 18-майга оогон түнү болгон тополоң. (коллаж)
Пакистандагы 20-майда өткөн ата-энелердин акциясы жана 18-майга оогон түнү болгон тополоң. (коллаж)

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк жарандар сабалган Бишкектеги соңку тополоңго байланыштуу билдирүү жасап, ага чагымчыл күчтөрдү айыптады. Мамлекет башчы бул окуяга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтып, бул жосунду кайталагандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Пакистандык студенттердин Кыргызстандагы биримдигинин эсебинде, Кыргызстанда 20 миңге чукул пакистандык студент билим алат. Алар өлкөгө жылына 40 млн доллардай киреше алып келет деп эсептелет.

Уюмдун өкүлү Мухаммад Умар Шакил "Азаттыктын" талкуусуна катышканда буга чейин пакистандык жаштар Кыргызстанда ээн-эркин жүрүшкөнүн, эми болсо кетүүгө аргасыз болуп жатышканын айтты:

"Миңден ашуун студент Пакистанга кайтып кетти. Кыргызстан пакистандыктар үчүн экинчи мекендей эле. 15 миңден ашуун пакистандык студент, болжол менен 10 миңдей пакистан жараны иштейт. Мурда-кийин мындай окуя болгон жок эле. Соңку окуяда жергиликтүүлөр, окутуучулар, кыргыздар бизге жардам беришти. Алар бизге чалып, ал-жайыбызды сурап турушту".

20-майда Пакистанда балдары Кыргызстанда окуган ата-энелер акцияга чыгышты. "Машаал" радиосунун маалыматына караганда, митинг Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Сват округунда болду. Акцияга айрым студенттер да катышканы кабарланды.

Ата-энелер балдары Кыргызстанда зомбулукка кабылганын айтып, аларды коргоого чакырышты.

"Урматтуулар, биздин балдарыбызды ал өлкөгө жибергенибиздин себеби - Пакистанда жумушсуздук жана билим алууга жакшы шарттардын жоктугу. Биз балдарыбызды Кыргызстанда окутуу үчүн аялдар зер буюмдарын, жерлерибизди сатканбыз", – деди пакистандык ата-энелердин бири акцияда.

Акциянын катышуучулары кармап турган плакатта "Кыргызстанда медицинаны окуп жаткан, зордук-зомбулукка кабылган пакистандык студенттердин өмүрү корголуп, алардын мүлкү кайра калыбына келтирилсин. Алар окуган университеттер кайра ачылсын", - деген талаптар жазылды.

Пакистандык студенттердин ата-энелери чет элдиктерге зомбулук көрсөткөндөрдү жоопко тартууну да талап кылууда.

Ушундай эле талапты Кыргызстандагы пакистандыктардын федерациясы да коюуда. Алар кайрылуусунда окуянын чоо-жайын иликтеп, тиешелүү чараларды көрүүнү белгилешкен.

“Эгерде адилеттик калыбына келтирилбесе жана кырдаал биздин коопсуздугубузду кепилдөө жагына чечилбесе, анда бул иштерге адам укуктарын коргоо уюмдары катышуусу мүмкүн. Буга чейин студенттер кабылган зомбулукка, басынтууларга жана вандализмге жооп кайтарбай келишкен. Бирок бул биз өмүр бою унчукпай жүрө беребиз дегенди билдирбейт. Биз эмнеге татыктуу экенибизди жана ага кандай жетүүнү да билебиз. Кыргыз жарандары кыргызстандыктар дагы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнүн унутуп жатышат. Алар дагы ушундай абалга туш болушса, эмне кылышмак? Пакистандыктар бул жакты каптап кетип жатышат жана алар өз өлкөсүнө кайтып кетиши керек дегендер жаңылышат. Бул глобалдык айыл, ондогон жылдар бою өлкөлөр ушинтип өнүгүп келет жана мындан ары да өнүгө беришет. Биз Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бул ишке кийлигишүүсүн жана чечимдерди табуусун катуу талап кылабыз”.

Кыргыз активисттеринин сыны

Күч органдары окуя катталган түнү жана андан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук коопсуздукка көз салууда. Айрым элчиликтерди жана чет элдиктер жашаган жатаканаларды кайтарууга алды. Бишкекте түнкүсүн кеминде 2,5 миңдей милиция кызматкери жана миңден ашуун элдик кошуундун мүчөлөрү иштеп жатат.

Ошентсе да чет элдик студенттерди сабалышына чейин жеткен окуяга жол бергени үчүн милицияны сынга алгандар бар.

Жарандык активист Перизат Саитбурхан мындай деди:

“18-майга караган түнкү окуя маалындагы милициянын иш-аракетине баа берсек - бул чоң шалаакылык. Окуя милициянын күчү жалаң активисттер менен журналисттерден башка агрессивдүү, жини келген топторго жетпей турганын көрсөттү. Мунун фонунда Ички иштер министрлигинин, Бишкек милициясынын жана башка органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин да караш керек. Албетте, укук коргоо органдары биринчи күнү болгон окуядан кийин ким күнөөлүү, кимдер баштады, кимдер жоопко тартылды деген маалыматты ачык берип, мүмкүн кийинки күнкү окуяны алдын алса болмок. Негизи эле биздин башчылардан баштап, катардагы жарандарга чейин коомдогу жек көрүү маанайына туз сээп жатканы, бир күн ушундай окуяга алып келмек. Себеби дегенде, биз Орусиядан жек көрүү саясатын көрүп, ошонун курмандыгы болгонубуз үчүн, кайра ошону башка бирөөлөрдөн, өзүбүздөн алсызыраак адамдардан чыгаруу жолун тандап алдык. “Бизди сабашабы, биз да бирөөнү сабайбыз” дегендей мамиле болуп калды”.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 20-майдагы маалыматында соңку тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылганын билдирди. Ушул маалда бейтаптардын 11и дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу экени кабарланды.

Жабыркагандардын калгандары жана чочулаган чет элдиктер студенттердин бир тобу окуя катталгандан баштап өз өлкөлөрүнө чыгып кетишкен. Ишембиде Исламабад пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштуруп, 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кеткен.

Андан кийин бир эле Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык студент мекенине кеткени ырасталды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Азаттыкка” ушул тапта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда баш-аягы 59 миңдин тегерегиндеги чет элдик студенттер окуп жатканын айтты. Алардын 28 миңи медициналык факультеттерде окуйт. Пакистандан келген студенттердин саны 12 миңден, Индиядан келгендер 14 миңден ашуун.

Президенттин кайрылуусу, милициянын маалыматы

Президент Садыр Жапаров Бишкекте 17-18-майда катталган окуя боюнча 20-майда реакция кылып, анын себептери, кесепеттери жана ага аралашкан адамдардын жоопкерчилиги тууралуу билдирүү жасады.

Мамлекет башчы күч органдары 13-майда катталган окуяны териштирүүнү кечеңдетип, өз маалында чара көрбөгөндүктөн үч-төрт күндөн кийин ал жагымсыз окуяга айланганын белгиледи.

Президент чогулган жаштардын мыйзамсыз миграция боюнча койгон талаптары орундуу экенин кошумчалап, укук коргоо органдары ага чейин эле иштерди алып барып келгенин, бул кырдаалды башка күчтөр, "жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар" пайдаланып кеткенин билдирди.

“18-май түнү чыккан жаштарды токтотууга аракеттер көрүлүп, ар кандай агрессияга алдырып, мындан да жаман окуялардын чыгып кетишине жол берилген жок. Биздин кызуу кандуу жаштарыбызга күч колдонуп таркатуу да болгон жок, аны билесиздер. Анткени алардын арасында курал алып, окуяны күтүүсүз башаламандыктарга айлантууну эңсеген арам ойлуулар жүргөнү тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар эле”, – деди президент.

Жапаров миллиондон ашык кыргыз жараны башка мамлекеттерде иштеп жүргөнүн эске салып, алар да ушундай мамилеге дуушар болуп калуу мүмкүндүгүн айтты жана ошол себептүү Кыргызстандагы чет элдиктерге аяр мамиле жасоо керектигине токтолду. Ошол эле маалда президент чет элдиктерди сабагандар жазаланарын эскертти.

13-майда Бишкекте чет элдик студенттер жашаган жатаканадагы мушташтын видеосу 17-майда интернетке тарап кеткен. Социалдык тармактарда анда сабалган жаштар Кыргызстандын жарандары экени жазылган. Мындан улам ошол эле түнү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө миңге жакын жаштар топтолуп, 18-май, таң атканда гана тарашкан. Ошол маалда алардын айрымдары чет элдиктер жашаган жатаканаларга кирип, бир нече кишини сабап салганы маалым болду.

Милиция 13-майдагы мушташка байланыштуу төрт чет элдикти кармап, кийин алар үй камагына чыкты.

Ошол эле күнү жатаканага кирип барган жергиликтүү төрт жаранга издөө жарыяланган. Ички иштер министрлиги 20-майда алардын үчөө кармалганын билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылгандар: 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги такталган.

Жатаканадагы окуя боюнча аларга Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов соңку кырдаал боюнча "Азаттыкка" буларды айтты:

“Бардык окуялар боюнча азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен сөзсүз түрдө юридикалык баа берилет. Азырынча тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айрым нерселерди айта албайбыз. Тергөө амалдарынын соңунда кеңири маалымат беребиз. Бардык иштер мыйзам чегинде каралат”.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG