Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

20-май: Бишкектеги окуя боюнча Жапаровдун эскертүүсү, Ирандагы беш күндүк аза күтүү


18-майга караган түнү Бишкекте чогулгандар
18-майга караган түнү Бишкекте чогулгандар

20-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Бишкектеги окуя боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтып, муну "үчүнчү күчтөр пайдаланууга аракет кылганын" билдирди. Баш калаадагы тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул окуядан кийин Бишкекте билим алган чет элдик жүздөгөн студент мекенине кетип жатат.

Ататүрк паркындагы үйлөр сот чечимисиз бузулбайт

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогуу координациялык кеңешме өткөрүп, жыйында парктын аймагына курулган турак жайлар соттун чечими жок түрттүрүлбөй турганын айтты. Маалым болгондой, 20-майга карата мэрия сотко 94 доо арыз даярдады. 19 арыз сотко жиберилди. Ататүрк паркынан буга чейин үй курууга берилген жерлерге салынган турак жайлардын бузулушуна каршы болгондор 20-майда парктын күн чыгыш тарабына акцияга чыкты.

Оң рулдуу машиналарды каттоо сунушу берилди

Кыргызстанга буга чейин ташылып келген оң рулдуу автоунааларга бир жолку мунапыс жарыялап, каттоо сунушу берилди. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев менен Марлен Маматалиев жазып чыгып, коомдук талкууга коюшту. Кыргызстанда 2015-жылдан тартып оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынган. 2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 873 миң 592 жеңил машина катталган, анын 127 миң 842 оң рулдуу болгон. 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда 1 миллион 171 миң 454 жеңил автоунаа катталса, анын 174 миң 826сын оң рулдуу.

Төрт айда 36 бала өз жанын кыйды

2024-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда 36 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 20-майдагы жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, балдардын суицидге баруусу былтыркы жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн 20% көп. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн 25и эркек балдар, 11и кыздар.

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи беш күндүк аза күтүү жарыялап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Хаменеи ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин кызматын аткаруучу кылып дайындады. Ислам жумуриятынын мыйзамдарына ылайык, президент каза болсо анын милдетин биринчи вице-президент аткарат. Парламенттин спикери, сот тармагынын жетекчиси жана биринчи вице-президент кирген кеңеш 50 күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындоого тийиш. Иранды 2021-жылдын 3-августунан бери башкарып келген Эбрахим Раиси кечээ 19-майда тик учак кырсыгында каза болгону расмий жарыяланды.

Эл аралык кылмыш соту Израил жана ХАМАС башчыларын камоо өтүнүчүн карайт

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты жана ошондой эле ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карайт. Соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматка караганда, аларды кармоону соттун прокурору Карим Хан талап кылды. Бул маалыматты Хан CNN телеканалына курган маегинде да тастыктады. Прокурордун пикиринде, Нетаньяху менен Галант да, ХАМАСтын үч лидери да Газа секторунун жана Израилдин аймагындагы согуш кылмыштарына жана адамкерчиликке каршы кылмыштарга тиешеси бар деп эсептөөгө негиздер жетиштүү.

Украина беш облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди

Украин аскерлери билдиргендей, Орусия «Искандер-М» баллистикалык ракетасы менен да сокку урду. Бирок аны токтотуп калууга үлгүрүштүбү же жокпу, айтылган жок. Харьков облусунда 29 «Шахед» жанкечти дронунун баары атып түшүрүлдү. Дрон чабуулу Одесса, Николаев, Полтава жана Львов облустарынын аймагына да жасалды. 19-майда Украинанын чыгышында Орусиянын соккуларынан кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалган. Ал эми Орусия учкучсуз учактар чабуулуна кабылганын билдирген.

Москвада мигранттар жашаган жатаканада өрт чыкканы кабарланды

«Озоди» радиосу кырсык 17-майда «Новые Черемушки» метро станциясынын жанындагы жерде болгонун кабарлады. Тажикстандын жана Кыргызстандын эмгек мигранттары турган жатаканада адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок, алар документтеринин баары күйүп кеткенин айтышты. Кырсыктын чоо-жайы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жатаканада канча киши жашаганы тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG