Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

ИИМ: Жыл башынан бери төрт айда 36 бала жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда 36 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 20-майдагы жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, балдардын суицидге баруусу былтыркы ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн 20% көп. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн 25и эркек балдар, 11и кыздар.

Аширходжаев январь-апрель айларында 17 бала сууга чөгүп кеткенин да кошумчалады.

Быйыл 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG