Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон чуулгандуу окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда “эгерде мындан ары ушундай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен тарката турганын” айтып, чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын убада кылды.

“Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз. Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз”, - деди президент.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөгө келген чет элдиктерге сый мамиле кылуу керек экенин кошумчалап, бул инвестиция, туризм тармагына пайда алып келерин айтты.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык студент мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG