Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыз изделип жатат


Сууга чөгүп кеткен кыздарды издөө учуру.
Сууга чөгүп кеткен кыздарды издөө учуру.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 20-майда Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кызды издөө иштерине 218 адам тартылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна алты жана жети жаштагы эки кыз түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 35 куткаруучу, 10 суучул, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 10 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 163 адам тартылды.

ӨКМдин маалыматында, былтыр 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы 12 жашка чейинки балдар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG